СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: §15. Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын иштелмеси - Кыргызстан тарыхы - Тема: Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери

Просмотр содержимого документа
«Тема: §15. Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери»

(1-cлайд көрсөтүлөт)

Тема: §15. Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери

(2-слайд көрсөтүлөт)

Сабактын максаты:

  • Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандык жоокерлер жана алардын салымы менен таанышасыңар;

  • Кыргызстандык жоокерлердин немецтик баскынчыларга каршы көрсөткөн эрдиктерине баа бересиңер.

Экинчи -дүйнөлүк согуш жана Улуу Ата Мекендик согуштун качан башталышы боюнча окуучулар менен бирге суроону такто:

(3-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 3-вариант: Германия 1939-ж.1-сентябрда Польшага кол салышы менен

Кийинки суроо: (4-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 2-вариант: 1941-ж. 22- июнь

Мугалим окуучулар менен бирдикте дүйнөлүк экинчи согуш жана Улуу Ата Мекендик согуштун качан башталганын тактайт.

(5-слайд көрсөтүлөт)

Фашисттик Германия «Барбарос» деген план боюнча СССРге үч багытта басып кирип, аны бир жумада эле талкалап, 1941-ж. кышына чейин СССРдин европалык бөлүгүн басып алмак.

(6-слайд көрсөтүлөт Видео үзүндү: “Согуштун баталышы» мугалимдин сөзүнүн коштоосу менен көрсөтүлөт)

Согуш жөнүндөгү кабар көп улуттуу совет элинин, анын ичинде кыргыз элинин, кыжырдануусун туудурган. Кыргызстандын бардык шаарларында, айылдарында, миңдеген адамдар катышкан чогулуштар, митингдер өтүп, аларда жумушчулар, колхозчулар, интелегенция, Ата Мекенди коргоо үчүн күчтөрүн, эмгегин, керек болсо өмүрүн аябай тургандыгын билдиришкен.

Кыргызстандык жооокерлер биринчи күндөн тартып эле фашистер менен баатырларча кармаша баштаган.

(7-слайд көрсөтүлөт)

Чек арадагы Брест чебин жоокерлер бир айдан ашык убакытка чейин душманга бербей кармап турушкан. Алардын арасында кыргызстандык В.И. Фурцев болгон. Ал Пржевальскидеги Ленин атындагы орто мектепте окуган.

Н.М.Дмитриев Белоруссиянын Борисова шаарын коргоодо душмандын эки танкасын талкалап 1941-ж. 31-августта Кыргызстандыктардан биринчилерден болуп Советтер Союзунун баатыры деген наам алган.

(8-слайд Видео үзүндү: «Москва үчүн салгылашуу» мугалимдин сөзүнүн коштоосу менен көрсөтүлөт)

Кыргызстанда алгачкылардан болуп 385-аткычтар, 40 жана 153-атыкчтар бригадалары, 2 улуттук атчандар двизиясы түзүлгөн.

Булардын ичинен биринчилерден болуп согушка кирген Кыргызстандын аскер комиссары генерал майор И.В. Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы болгон. Анын курамында кыргыз, казак, орус, украиндер болгон.

Алар 1941-ноябрда Москваны коргоодогу Волокаламск багытында душмандын 2-танкалык, 29-моторлоштурлган, 11-жана 110-жөө аскерлер двизиясын талкалап, 9 миң немец солдаттары менен офицерлерин, 80 танканы жок кылышкан. Ушул эрдиктери үчүн 8-гвардия деген наам алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

1941-ж. 18-ноябрдагы салгылашта Панфилов жана 28 жоокер курман болгон. Алардын ичинде кыргызстандык Д.Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Григорий Конкин, Иван Маскаленко, Григорий Петренко, Иван Добробавин болгон.

Кызыл аскерлердин 1941-1942-жж. кышкы чабуулдарынан кийин Гитлер 100-400км артка сүрүлүп, фашисттик баскынчылардан Москва, Тула областтары, Ленинград, Калинин, Смоленск областарынын райондору бошотулган. Москванын алдындагы салгылашта гитлердин «чагылгандай тез согуш» планы ойрон болгон.

(9-слайд көрсөтүлөт)

Сталинград алдындагы, Түндүк Кавказдагы жана Курскинин алдындагы салгылаштарда кыргызстандык жоокерлер да эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча кармашып, көбү Ата Мекен үчүн курман болушкан.

Воронеждин түштүк жагында Дон дарыясынын жээгиндеги согушта 1942-ж. 6-августа Чолпонбай Түлебердиев душмандын дзотун көкүрөгү менен жаап, өлбөс өчбөс эрдик көрсөткөн. Ага 1943-ж. 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

(10-слайд көрсөтүлөт)

Түндүк Кавказ фронтунда бөлүктүн командири кыргызстандык Г.И. Выглазов 1942-ж. 16-майда жоокерлер менен душмандын 8 танкасынын чабуулун токтоткон жана өзү 3 танканы иштен чыгарып 20 фашисти жок кылган. Ага 1943-ж. 22-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.

Сталинград үчүн согушта артилерист, наводчик, сержант Дайыр Асанов эрдик менен салгылашкан. Харьковдун жанындагы Пятницкое кыштагында 4 саатка созулган согушта Асанов 8 танканы, 6 бронемашинаны, 40 фашисти жок кылган. Ага 1943- ж. 26-октябрда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

Закавказье фронтунда ротанын саясий жетекчиси Кубат Жуматаев душмандын 2 танкасын 80 солдатты жок кылган. Курчоодо калган Жуматаев гранаталарды денесине байлап брондолгон машинага тике барып аны жардырган. Ага өлгөндөн кийин Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

1942-ж. декабрда Кавказ үчүн болгон кармаштардын биринде бөлүктүн командири Акун Садырбаев душмандын ага кезеги менен ыргытылган 16 гранатасын тосуп алып, кайрадан душманга ыргытууга жетишип, 17-граната колунд а жарылып өлгөн. Бул эрдиги үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган

1943-ж. сентябрда Днепр дарыясынан өтүүдө Кыргызстандын жоокерлери укмуштудай эрдикти көрсөтүп, сержант Анварбек Чортековдун взводу өзгөчө айырмаланган. Алар суудан сүзүп өтүшүп, душмандын төрт чабуулунун мизин кайтарышкан.

(11-слайд көрсөтүлөт)

Душмандын тылында калган кыргызстандык жоокерлер партизандардын катарында согушкан. Алсак , Ашырбай Коенкөзов командирлик кылган партизандар 1943-ж. декабрда душмандын 10 паравозун, 10 эшелонду, 20дан ашуун вагондорду жок кылышкан.

1944-ж. Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылашта кыргыз учкучу Исмайылбек Таранчиев өзүнүн жалындап күйгөн самолету менен душмандын май куючу станциясын сүзүп, анын жанындагы алты танканы, ондогон немец солдаттарын жардырган. Анын эрдиги учурунда унутта калып, 1991-ж Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

Кыргызстандык аял Е.Пасько 780 жолу түнкү бомбалоого учуп чыгып душмандарга бардыгы 93тонна бомба таштаган. Анын бомбаларынан душмандын маанилүү обьектилеринде 109 жолу өрт чыккан.

1945-ж. 16-апрелде Берлинди штурмолоодо көрсөткөн эрдиги үчүн К.Үсөнбековго Советтер Союзунуну Баатыры наамы берилген. Ошондой эле учкуч-штурман Т.Бегелдинов Советтер Союзунун эки жолку баатыры деген наам алган.

Өтүлгөн материалдарды кайталоо үчүн суроолор:

(12-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 2-вариант: Дзотту көкүрөгү менен жапкан

Кийинки суроо: (13-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 3-вариант:Н.М.Дмитриев

Кийинки суроо: (14-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 2-вариант: Талгат Бегелдинов

(15-слайд Видео үзүндү: Согуштун бүтүшү» көрсөтүлөт)

Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандан барган 300 миң жоокер Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн 10 миң жоокер ордендер жана медалдар менен сыйланышкан. Алардын 76 Советтер Союзунун Баатыры 29 жоокер Данк орденин үч баскычын тең алышкан.

Үйгө тапшырма: (15-слайд көрсөтүлөт)