Просмотр содержимого документа
«Тренингдин программасы»
АӨБ Долбоорун жүзөгө ашыруу бөлүмү
Секторду өнүктүрүү долбоору: Билим берүү тутумун бекемдөө
Инновациялык мектептердин жетекчилери, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу институттарынын адистери, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери үчүн «Үзгүлтүксүз кесиптик өсүш» процесси боюнча тренингдин программасы
Өткөрүү орду жана датасы: Ош ш., 2019-ж., 14, 15, 16-март
Өткөрүү орду жана датасы: Бишкек ш., 2019-ж., 28, 29, 30-март
Бул тренингдин максаты – билим берүү мекемелеринин адистеринин максаттык инновациялык мектептердин администрацияларынын, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу институттарынын, усулдук борборлордун жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистеринин үзгүлтүксүз кесиптик өсүш маселелери боюнча дареметин бекемдөө.
Тренингдин негизги милдеттери:
ҮКӨнү жүзөгө ашыруу планына ылайык, Үзгүлтүксүз кесиптик өсүш жөнүндөгү жобонун негизинде аны киргизүүнүн биринчи фазасы жөнүндө отчёт берүү.
Үзгүлтүксүз кесиптик өсүш үлгүсүнүн процесстериндеги өзгөрүүлөрдү жана анын таянычтарын тааныштыруу.
«Мектептер арасында өнөктөш мамилелерди уюштуруу боюнча колдонмонун» жана «”Практиктер коомдоштуктарын” уюштуруу жана колдоо боюнча колдонмонун» принциптерине жана механизмдерине таянып, мектепти өнүктүрүү планын түзүү.
Педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынын курамдык бөлүгү катары «Баалоо. Баалоо теориясы» электрондук модулунун бетачарын өткөрүү.
Тренингден кийин мектептер мугалимдердин кесиптик өсүш жагынан муктаждыктарына карай өздөрүнүн кластердик мектептеринде ҮКӨ процессин пландап, жүзөгө ашыра алышат.
1-күн | Негизги мазмуну |
09:00 - 09:15 | Каттоо |
09:15 - 09:30 | Максаттарды тааныштыруу |
09:30 - 09:40 | ҮКӨ аныктамасын берүү жана анын инновациялык мектептер үчүн максатын түшүндүрүү |
09:40 - 10:00 | Өткөн мезгилде аткарылган иштери боюнча мектептердин отчёттору. ҮКӨнү жүзөгө ашыруудагы кыйынчылыктар. |
10:00 – 10:20 | Шам-шум |
10:20 – 11:10 | 30 инновациялык мектепте ҮКӨнүн жүзөгө ашырылышынын негизги натыйжалары жөнүндөгү баштапкы отчёт берүү |
11:10 – 11:30 | Отчётту талкуулоо |
11:30 – 12:00 | «ҮКӨ үлгүсүн өзгөртүү» бет ачары |
12:00 – 12:45 | Түштөнүү |
12:45 – 15:00 | 2. 2.1, 2.2, 2.3-таянычтар 2-таяныч. Мугалимдин кесиптик компетенцияларынын көрсөткүчтөрү 2.1. Кесиптик өсүшүн улантуу жагынан муктаждыктарын аныктоо үчүн мугалимдин педагогикалык ишмердигин өзү баалоо барагы |
15:00 – 15:20 | Шам-шум |
15:20 – 18:00 | Практика: 2.1, 2.2 жана 2.3-таянычтар менен иштөө |
18:00 | Жабылышы |
2-күн | Негизги мазмуну |
9:00 – 10:00 | Мектеп администрациясы. 3.1, 3.2 жана 3.3-таянычтар. Кесиптик өсүшүн улантуу жагынан муктаждыктарын аныктоо үчүн мугалимдин, МУБ жетекчисинин, завучтун педагогикалык ишмердигин баалоо барагы. |
10:00 - 10:20 | Шам-шум |
10:20 – 11:10 | 4.1-таяныч. 4.1. Мектеп адисинин кесиптик өсүш боюнча жеке планы. |
11:10 – 12:00 | Практика |
12:00 - 12:45 | Түштөнүү |
12:45 – 15:00 | Кесиптик өсүш боюнча жалпы мектептин планын түзүү таянычы. Таяныч менен Excel программасында иштөө.. 4.2-таяныч. |
15:00 – 15:20 | Шам-шум |
15:20 – 18:00 | 4.4-таяныч. Мектептин кесиптик өсүш планы. Бет ачар. Практика: мектептин кесиптик өсүш планын түзүү. РКЖИ жана рай/шаарББге өтүнмө. Мектептердин КЖ курстарына болгон муктаждыгы |
18:00 | Жабылышы |
День 3 | Негизги мазмуну |
9:00 – 10:00 | ҮКӨ процесси боюнча ой жүгүртүү. 2019-жылдын июнуна чейин жасалуучу кадамдар планын макулдаштыруу. |
10:00 - 10:20 | Шам-шум |
10:20 -11:00 | Электрондук окутуу. «Баалоо» электрондук модулунун бет ачары. «Баалоо» (Баалоо теориясы). |
11:00 – 12:00 | Практика |
12:00 – 12:45 | Түштөнүү |
12:45 – 13:30 | Боордош мектептер. Программанын бет ачары. Өнөктөш мамилелерди түзүү принциптери. |
13:30 – 14:00 | Мектептердин ыктымал өнөктөштүгүн түзүү, биргелешкен иш-чаралар планын түзүү. |
14:00 – 15:00 | Мектеп адистеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу таянычы катары практиктер жамаатын түзүү. |
15:00 – 15:20 | Шам-шум |
15:20 – 17:00 | ҮКӨнү жүзөгө ашыруу үчүн пландоо. ҮКӨнү жүзөгө ашыруу боюнча ыктымал суроолор. |
17:00 –18:00 | Жыйынтыктоочу талкуу. Жабылышы. |
,