СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси. (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси. (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси. (Тарбиялык саат)»

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТАРБИЯНЫН МААНИСИ

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.


Макал

Сабактын максаты:

  • Баланын өнүгүүсүнүн негизи катары үй-бүлөдөгү тарбиянын маанилүүлүгүн талкуулоо;

  • Ата-энелердин балдардын жана балдардын ата-энелердин астындагы жоопкерчиликтин моралдык жана укуктук нормаларын талкуулоо;

  • Инсандандын калыптануусундагы үй-бүлөнүн орду боюнча ой жүгүртүүгө түрткү берүү.


Сабактын милдеттери:

  • Үй-бүлөдөгү позитивдүү жүрүм-турумдун үлгүсүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү.


Керектелүүчү ресурстан: ватмандар, маркерлер (эгер алар жок болсо, досканы, дептерди жана ручканы колдонсо болот).


Сабактын жүрүшү:

  1. Көңүлдү буруу (5 мүн.)

Мугалимге сунуш:

  • Сабакты окуучулар менен төмөнкү суроолорду талкуулоо менен баштаңыз: Үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай таасирин берет? Үй-бүлөдө кандайдыр бир жүрүм- турумдун эрежелери болуш керекпи, эмне үчүн? Үй-бүлөдө ага- эжелер, балдар, ата-энелер кандай болуш керек? Үлгүлүү үй-бүлө деген эмне?

  • Окуучуларга талкууга даярдануусу жана суроолорду түшүнүүсү үчүн бир

нече убакыт бериңиз. Андан кийин жалпы талкуулоо өткөрүңүз жана аларга өздөрүнүн оюн айтканга мүмкүндүк бериңиз.

  • Окуучулардан эмне үчүн сабакта баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду деген темада сүйлөш керектигин сураңыз. Жооптор ар түрдүү болушу мүмкүн, анын ичинде мындай сабактын керектүүлүгү жок деген дагы жооптор болушу мүмкүн. Маанилүү нерсе: ал жоопторду туура эмес деп айтпаңыз, тескерисинче, ыраазычылык билдирип, сабактын аягында алардын бул суроого

болгон мамилесинин өзгөрүлгөндүгү тууралуу сураңыз. Эгерде жооп “жок” болсо, бул окуучулардын оюу жана ал ойду сыйлоо керек.

Мугалим: Бүгүн биз силер менен адамдын - баланын, андан кийин толук жарамдуу жаран катары тарбиялануусунда биринчи кыштар үй-бүлөдө коюлат- бала кимдерди карайт, кимдердин айланасында

чоңоет, кимдерден үлгү алат. Бирок биз канчалык деңгээлде жүрүм- турумубузга маани беребиз? Биздин жүрүм- турумубуз (ата-энелер, балдар, ага, эжелер) айланадагыларга таасир бере тургандыгыбыз боюнча ой жүгүртөбүзбү?

Бир күндүн ичинде ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү эмнени жасайт жана эмнени жасабай тургандыгын карап чыгабыз.

Биздин кадимки күнүбүз кандай өтөт, эмнеге көңүл бурабыз же көңүл бурбайбыз, ошолор боюнча жалпы абалды карайбыз..

  1. Топтордо иштөө (33 мүн.)

Мугалимге сунуш: Кичи топтордо иштөө эки этапта өткөрүлөт.


Биринчи этап:

  1. Классты 5 топко бөлүп, төмөнкү тапшырмаларды бериңиз. Топтор болгон жоопторду камтуулары керек, ата-энелердин дагы адаттарын, ал адаттар жакшы болбосо деле киргизүү керектигин топторго айтыңыз (балдар сүрөттөр, ырлар аркылуу чагылдыра алат). Жумуш үчүн 10 минут берилет.

  • 1-топ. Бир күндүн ичинде апам өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).

  • 2-топ. Бир күндүн ичинде атам өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).

  • 3-топ. Бир күндүн ичинде агам өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).

  • 4-топ. Бир күндүн ичинде эжем өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).

  • 5-топ. Бир күндүн ичинде мен өзүмдү кандай алып жүрөм (эмнени жасайм жана эмнени жасабайм?).


  1. Топтор өздөрүнүн жоопторун презентация кылат жана калгандары комментарий берип жана кошумчалайт (ар бир презентацияга 2 мүнөт убакыт берилет).


  1. Презентациялардан кийин жоопторго эмне дагы жетишпей жаткандыгын сураңыз, мүмкүн алар тамеки чегүү, спирттик ичимдиктерди ичүү боюнча айтуудан уялышкандыр же тарбиялык иш өткөрүүгө көңүл бурулбашы боюнча айтыңыз (мисалы, келечекке, жумада ишке аша турган пландарга, жашоодо, сабакта үлгү боло турган үй-бүлөнүн тарыхы, ата-бабалар жөнүндө ата – энелер балдары менен сүйлөшүшпөйт; ата-энелер балдары

менен чогуу эс алууга чыгышпайт, чогуу ойношпойт, сейилдешпейт; балдардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүнө карата ата-энелердин функциясы орто болуп калды ж.б.).


Экинчи этап:

  1. Топторду төмөнкү тапшырмалар менен иштөөсүн сураныңыз (8 мүн.):

  • 1-топ. Үй-бүлөдө апам өзүн кандай алып жүрүүсү керек?

  • 2-топ. Үй-бүлөдө атам өзүн кандай алып жүрүүсү керек?

  • 3-топ. Үй-бүлөдө эжем өзүн кандай алып жүрүүсү керек?

  • 4-топ. Үй-бүлөдө агам өзүн кандай алып жүрүүсү керек?

  • 5-топ. Үй-бүлөдө өзүмү кандай алып жүрүүм керек?


  1. Топтор өздөрүнүн жоопторун

презентация кылат жана калгандары комментарий берип жана кошумчалайт (ар бир презентацияга 1 мүнөт убакыт берилет).

  1. Мини-леция катары сабактын жыйынтыгын чыгарыңыз.

  1. Мини-лекция (2 мүн.)

Мугалим: Адамдын жашоосунда жанындагылардын таасири жана үй- бүлөнүн орду эң маанилүү. Балдар чоңдордун жүрүм-турумунан үлгү алат, эгерде алар ырайымдуулук, боорукердик, сүйүү, сый-урмат жөнүндө сүйлөшсө,

бул үй-бүлө мүчөлөрүнө таасирин берет. Үй-бүлөдө атмосфера начар, ата- энелер бири-бири менен урушса, бир туугандар бири - бирин жаман көрүп, көңүл бурбаса бири-бирине, бул дагы биздин жүрүм-турумузга ачык же ачык эмес тескери таасирин берет (адам түнт, агрессивдүү, жалгыз, сүйлөбөгөн болуп, теңтуштары дагы начар мамиле жасай башташат). Теңтуш катары биз башкача мамиле жасашыбыз керек, адамдын үстүнөн күлбөй, түшүнүүгө аракет жасоо, өзүбүздү анын ордуна коюп, шылдыңдоо, ачуулануу жакшылыкка алып барбай тургандыгын сезип көрүшүбүз керек.


Үй-бүлөдөгү мамиле этикалык нормада жана моралдык деңгээлде болсо дагы, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бир нече жоопкерчилик мыйзамдын чегинде каралган. Мамлекет үчүн үй-бүлөдө эмне болуп жаткандыгы маанилүү, анткени Үй-бүлө коомчулуктун ячейкасы жана коомчулук үй-бүлөдөн түзүлөт.

Мисалы: үй-бүлө кодексинде ата-энелер балдарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп берүүсү, тарбиялоосу, сый- урматка үйрөтүүсү керек деп жазылган. Туура тарбиялоо деген-балага эмне керек, ал үчүн эмне жакшы экендигин

түшүнүү, аны угуу жана өнүгүүсүндөгү муктаждыктарды камсыз кылуу, аны менен сүйлөшүү жана мамиле кылуу болуп саналат.


Ата-энелерден башка балдардын дагы үй-бүлө мүчөлөрү катары өзүнүн

милдеттери бар. Эгерде силер балдардын чоңу болсоңор, анда кичинекейлерге жардам берүүнү үйрөнгүлө.

Кыргыздарда төмөндөгүдөй макалдар бар:

“Аганы көрүп, ини өсөт, эжени көрүп, сиңди өсөт”, ”Улуусун тарбияласаң, кичүүсү өзү тарбияланат”.

- Бул макалдардын маанисин кандай түшүнөсүңөр?


Жыйынтыктоо: Адамзат жашоосунда ар бир инсандын үй-бүлөсү, тууган уругу бар, тамыры болбой эл болбойт. Элде эгерде бир адам келин алса, кимдин кызы, кайсы уруудан деп сурашат.

Себеби, ошол кыздын, баланын үй- бүлөсү кандай болсо, ал бала же кыз жөнүндө элдин арасында ошондой ой түшүнүктөр калат. «Ал эми ал үй-

бүлө ынтымактуу, тартиптүү, эмгекчил же тескерисинче «ой, ал үй-бүлө жалкоо, ынтымаксыз» ж.б. деп сырттан жыйынтык чыгарып коюшат. Себеби, кыргыз эли ушунчалык даанышман калк. Турмуштагы окуяларды макал менен аныкташкан. Чындыгында, алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат. Мааниси адам төрөлгөндө ак барактай тап-таза болуп жаралат. Ага кандай жазсаң, ошондой болуп калат.

Ошондуктан, үй-бүлө мүчөлөрү бири– биринин алдында милдеттүү. Айрыкча ата-эне, эже, ага өзүнөн кичүүлөргө үлгү болушу керек. Ата-эненин балдарына каалары жалаң гана жакшылык. Өз баласынын туура багыт алып, өсүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, акыл-насаат айткандан тажабайт.

Баланын келечегине ата-эне жооп берет. Ата-эне баласы жаман болуп чоңойсо уятка калат.


  1. Жыйынтыктоо (5 мүн.)

Мугалимге сунуш:

  • Окуучуларга төмөндөгүдөй суроолорду бериңиз: Кандай сабак алдыңар жана үй- бүлөдө эмнеге көңүл буруу керек? Ата-энелер менен дагы ушундай жолугушууларды өткөрүү керекпи?

  • Эгерде сабактын башында “мындай сабактарды мектепте өткөрбөө

керек” деген жооптор болгон болсо, ошол окуучулардан алардын ою өзгөрүлгөндүгү тууралуу жана анын себептерин сураңыз.