СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улантмалуулук 4-класстан 5-класска көчүү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Башталгыч классты аяктагандан кийин орто звенодо пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору.

Просмотр содержимого документа
«Улантмалуулук 4-класстан 5-класска көчүү.»

Улантмалуулуктагы кыйынчылыктар.

1.Улантмалуулук деген эмне?

2.Билим берүүдөгү улантмалуулуктун мааниси.


Жашоо шарттын өзгөрүп туруусуна байланыштуу билим берүү дайыма өзгөрүп туруусу зарыл.Өнүгүү процессинде иштеген мектеп гана коомдун талабын аткара алат. Коомдун талабын аткаруу үчүн билим сапатты жогорулатуу үчун конкреттүү шартта иш жүргүзүү керек. Билим берүү системасын жөнгө салууда жана ишти алга жылдырууда улантмалуулук өзгөчө ролду ойнойт.

Улантмалуулук мектепке чейинки билим берүү менен мектеп баскычындагы , башталгыч класс менен ортонку баскычка, ортонку баскычтан жогорку баскычка өтүүдө билим берүүнүн жаны системасын иштеп чыгуу зарыл.

Эми биз улантмалуулук жана үзгүлтүксүз билим берүү деген түшүнүктүн маанисине токтолсок.

Мектептеги бирден бир көйгөйлүү маселе бул-улантмалуулук.

Улантмалуу билим берүү деген-бул үзгүлтүксүз байланышты түзүү жана окуу предметтерин окуучуларга берүүдө ар бир баскычты туура байланыштыруу.

Улантмалуулук- бул таптакыр жаңыга өтүү эмес, бул мурунку менен кийинкини байланыштырып улантуу.

Ар бир баскыч бири-бири менен тыгыз байланышта болуш керек. Улантмалуулук процессиндеги үзгүлтүксүз билим берүүдө бир гана баскычта туура эмес иш аракет жүргүзүлсө, бул процессти бузууга алып келет.Билим берүүдө программа жана мектептин планы ар бир баскычта окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө жана мүмкүнчүлүгүнө карай түзүлүш керек.

. Улантмалуулуктун бирден-бир талабы- ар бир баскычтагы кыйынчылыктарды жеңип чыгуу. Бул талапка туура жооп берүү үчүн башталгыч, орто, жогорку баскычтардын предметтик мугалимдери, класс жетекчилер дайыма бири-бири менен тыгыз иш жургузүү зарыл. Башталгыч класстын жана ортонку звенонун мугалимдери окуу пландарды, класстан тышкаркы иштерди балдардын жөндөмүнө, жаш өзгөчөлүгүнө жараша кыйынчылык туудурбагандай кылып түзүлүшүнө көңүл буруу абзел. Баскычтан баскычка өтүүдө окуучуларда психологиялык мүнөздөгү өзгөрүүлөр байкалат. Мындай өзгөрүүлөрдөн окуучулардын көпчүлүгүнүн билим сапаттарынын түшүп кетиши байкалат.

Башталгыч класстан ортонку звеного өтүүнү психологдор, педагогдор балдардагы кризис учуру деп аташат.Мындай деп жыйынтык чыгарууга чындыгында эле негиз бар. Озубуздун иш-тажрыйбабыздан деле көрүп жүрөбүз. Айрыкча башталгыч класстан ортонку звеного өткөндө

*көпчүлүк окуучулардын билим сапатынын түшүп кетиши;

*сабакка кызыгуунун азайышы;

*окуучунун көңүлүнүн чөгүп жүрүшү;

*улуулардан четтөөсү;

*өзүнө-өзү ишенбөөчүлүк;

*урушчаактык;

*өзүн ыңгайсыз абалда алып жүрүүсү байкалат.

Мындай көрүнүшкө улантмалуулуктун туура эмес иш жүргүзүлүшү дагы себепчи болот. Мындайда балдардын психологиясынын бузулушуна, мүнөзүнүн , билиминин таптакыр тескери нукка бурулушуна таасир берет.

* ар түрдүү мугалимдердин сабак өтүүсу;

*кабинеттик система (окуучулардын көчүп окуусу);

*предметтик сабактардын көбөйүүсү;

*предметтердин татаалдануусу;

*сабактарга талаптын ар түрдүү болуусу;

*тапшырмалардын оорлошу;

Жогорудагыдай себептерден биз көпчүлүк учурда окуучулардын билим сапатынын түшүп кетишин көрөбүз. Көңүлүңүздөрдү мониторингге бурсак.

Бул мониторингден 4-класстан 5-класска көчкөн окуучулардын билим сапатынын төмөндөп кетишин көрөбүз.






Албетте, биз, мугалимдер, класс жетекчилер, ата-энелер бул кризистик абалды алдын алууга аракет кылышыбыз керек. Коомдогу окуучунун ордун аныктоодо ар бир предметтик мугалимдин, класс жетекчинин жана албетте ата-эненин биргелешкен ишинин жыйынтыгы зарыл.Баланын кулк мүнөзүн, анын ден соолугунун абалын, кандай үйшартында жашаарын ар бир класс жетекчи, предметтик мугалим, мектеп администрациясы билүүсү зарыл. Ошондой эле башталгыч класс менен жогорку класстын класс жетекчилеринде, предметтик мугалимдеринде тыгыз байланыш, биргелешкен иш жүргүзүүлөр болуп туруусун баарыбыз жакшы билебиз.


Улантмалуулук процессинде иш-аракеттер этап-этап болуп жүргүзүлүш керек экендигин иш-тажрыйбабыздан байкайбыз. Ошондой эле ар бир мугалимдин өзүнчө аткара турган функциялары болуш керек.

1.Мектеп администрациясы жыл ортосунда мугалимдердин башталгыч класстардын бүтүрүүчүлөрү менен андан ары кандайча иш алып барууларын сунуштайт.


2.Башталгыч класстардын жана ортонку звенолордун мугалимдеринин ортосунда методикалык жактан биргелешкен иш жүргүзүлөт.


3.Мектеп администрациясы мектептеги улантмалуулукту билим берүү чөйрөсүндө онуктурууго аракеттенет.

4.Улантмалуулуктун планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

5.Башталгыч класстардын жана предметтик мугалимдер үчүн психо-педагогикалык консилиумдарды өткөрүп туруу;

6.Класс жетекчилер жана 5-класстын предметтик мугалимдери менен улантмалуулуктагы кыйынчылыктар боюнча семинарларды уюштуруу;

7.Башталгыч класстын жана предметтик мугалимдердин психологдун ортосундагы тегерек стол.

8.Башталгыч класстын сабактарына болочоктогу класс жетекчилер менен предметтик мугалимдеринин катышуусу;


Бул иштерди уюштуруу үчүн негизги багыттар болуп төмөнкүлөр болуп эсептелинет:

*мектеп администрациясы тарабынан мугалимдер менен кичи жана чоң педагогикалык кенешмелерди өткөрүү;

*педагогикалык диагностика (бул башталгыч класстардын предметтеринин стандарттык программа менен дал келиши, 5-класста сабак берүүчү предметтик мугалимдердин текшерүү иштерди алуусу, билим сапаттарынын жыйынтыктары)

*психологиялык диагностика (бул башталгыч класстын ортонку звеного өтүүдө даярдыктарын аныктоо (анкета, тест, аңгемелешүү))


Биз жогоруда айткандай, баскычтар бири-бири менен байланышуу тыгыз болсо, улантмалуулукту дагы ошондой жүзөгө ашыра алабыз жана жакшы жыйынтыгын берет. 4-класстын окуучуларынан жогорку класстын предметтик мугалимдеринин билим сапатын текшерүү иштерин алып туруу- бул кийинки жылга даярдык көрүүнүн бирден бир жолу.Албетте, муну менен эле биз кийинки жылга даярбыз дегенден алыспыз. Мисалга алсак, мектепте 2009-2010-окуу жылында математика, кыргыз тили, орус тили сабактарынан алынган сентябрь айындагы жана апрель айындагы 4-5-класстарды алып карасак.

Математика сабагынан 4-кл.-4,5 корсоткучту коргозсо, 5-кл.-3 корсоткучуно тушуп кеткен.

Кыргыз тилинен 4-кл.-4,8., 5-кл.-4,3.,

Орус тилинен 4-кл.- 4., 5-кл.-2,7 көрсөткүчтөрдү берди.








2010-2011-окуу жылындагы предметтер боюнча билим сапатын текшерүүнүн

жыйынтыгы.


5- класстын окуучуларындагы

кыйынчылыктар












Кабинеттик система


Предметтин көптүгү





Ар түрдүү Мугалим-дердин сабак өтушу




предметтин

татаалдыгы











башталгыч класстын мугалимдери мнен предметтик мугалимдердин тыгыз байланышы

текшеруу

иштер









баланын психологиялык абалына жараша мамиле жасоо





Семинар, тренинг

5-класстардагы

кыйынчылыктарды

баланын жондомуно жараша

жоюунун

ата-энелер менен тыгыз

байланыш

жолдору






башталгыч класстын муга-лимдери м-н предметтик мугалимдер ортосунда тегерек стол




психолог менен иштоо