СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уурдалган ат 3-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адабий окуу сабагы.Тема: "Уурдалган ат"

Просмотр содержимого документа
«Уурдалган ат 3-класс»

Сабак: Адабий окуу 3-класс

Сабактын темасы: Уурдалган ат


Негизги компетенттүүлүктөр:

Маалыматтык (НК1)

Социалдык – коммуникациялык (НК2)

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)


Предметтик компетенттүүлүк:

Сөз байлыгы менен иштей алуу (ПК1)

Сүйлөм, текст менен иштей алуу (ПК2)

Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу (ПК3)

Максаттары

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк: “Уурдалган ат” чыгарма менен таанышып жалпы түшүнүк алышат

“Уурдалган ат” чыгарма менен таанышып жалпы түшүнүк алышса

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар тема боюнча класстер түзө алышат жана каармандарга мүнөздөмө берип,суроолого жооп беришет.

Окуучулар тема боюнча класстер түзө алышса жана каармандарга мүнөздөмө берип,суроолого жооп беришсе.

Тарбия берүүчүлүк: Жоопкерчиликтүү , чынчыл болууга калыптанышат.

Жоопкерчиликтүү , чынчыл болууга калыптанышса.


Сабактын тиби: Аралаш сабагы.

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабак өтүүнүн формасы: суроо жооп, аңгемелешүү, өз ара окутуу, оюн ж.б.

Сабактын жабдылышы: түстүү сүрөттөр, көрсөтмө куралдар, слайд, аудио жомок, жасалма слайд, голограмма ж.б.

Сабактын этабы

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун

иш аракети

Компетенттүүлүктөр

Баалоо



Уюштуруу


Саламдашуу

Жагымдуу маанай каалоо

Бири-бирине каалоо айтуу

Биздин уран: “Биздин колубуздан баары келет!”

Саламдашуу

Жагымдуу маанайга катышуу.

Бири-бирине калоо тилек айтышат





Үй тапшырма суроо


. Жаз келери менен кайсы канаттуулар учуп келишет?




2. Силер чабалекейди билесиңерби?

3. Чабалекей жөнүндө кандай жомок окудук?

4. Жомок эмне жөнүндө?

5. Силер канаттууларга жардам көрсөтөсүңөрбү?

Окуучулар суроолорго жооп беришет

НК1




Д.б




Актуалдуу маселелер


Макалды окугула: “Көрбөйт деп ууру кылба,

Укпайт деп ушак айтпа”

Макал эмне жөнүндө?

Ууру деп кимди айтабыз?

Уурулук кылганга болобу?

Демек, биз бүгүнкү сабакта эмне жөнүндө сүйлөшөбүз?

Бүгүнкү сабактын темасы: Уурдалган ат

Суроолорго жооп берип, сабактын темасын аныкташат



Д.б




Жаңы тема


Келгиле, окуу титептеги “Уурдалган ат” жомогун окуп көрөлү. (биргелешип окуу)

I- стратегия

Окуучуларга текстти катары менен окутат

Бир канча сүйлөм окуган соң, суроолого жооп беришет.

1) Кишинен эмнеси бар экен?

2) Кишинин атын ким уурдап кетти?

3) Анан ал эмне кылат?

II- стратегия

Андан ары эмне болот деп ойлойсуңар?

Кайра улантып окушат.

Суроолор:

1) Киши базардан күтүсүз эмне көрүп калды?

2) Аттын жүгөнү менен ээрин эмнеге алмаштырды деп ойлойсуңар?

3) Сатуучу эмне деди??

III – стратегия

Улантып окушуп, аягына чыгарышат.

1) Акылдуу киши аттын көзүн жаап эмне деп суроо берди?

2) Аттын ээси эмнеге аттын көзүн жапты? Чын эле аттын көзү сокур беле?

3) Уурунун айыбын аттын ээси кантип ачты?

Демек, балдар “Кыңыр иш, кырк жылда билинет” – дегендей эч убакта көрбөйт деп, укпайт деп уурулук кылбашыбыз керек. Уурулук – бул эң жаман сапаттардын бири. Бул жомок силерге жакшы таасир берди деп ойдомун.






Окуучулар текстти окуп суроолорго жооп беришет








II- стратегияга божомолдорду айтышат.

Жомокту улантып окуп, суроолорго жооп беришит






III – стратегияда суроолорго жооп беришет, толуктоолорду киргизип, жомок боюнча өз ойлорун айтышат


НК3

ПК3

ПК2






К.б




Сөздүк иш


Силерге кайсы сөз түшүнүксүз болду?

сокур

карбаластап

сокур ‒ көр, көзү көрбөйт карбаластап ‒ шашкалактап





Бышыктоо


Чы гарманын негизги окуяларынын ырааттуулугун сактап, ар бир бөлүгүнө жазгыла же сүрөт тарткыла











Чыгарма боюнча тесттин туура жообун атагыла

1. Короодогу ат кайда кетет?

а) уурдап кетет

б) талаага качып кетет

в) башка короого кирип ке-т

2. Базардан эмнени көрүп калат?

а) досун

б) уюн

в) атын

3. Аттын ээси эмне үчүн аттын көзү жапты?

а) чындыкты билейин деп

б) атын тартып алайын деп

в) көзүн текшерийин деп

4. Жоголгон аттын кайсы көзү сокур эле?

а) сол көзү

б) эки көзү тең таза болчу

в) оң көзү

Чы гарманын негизги окуяларынын ырааттуулугун сактап, ар бир бөлүгүнө жазышат же сүрөт тартышат















Тесттин туура жообун табышат

НК2

НК3

ПК3




К.б




Үй тапшырма


“Уурдалган ат” чыгармасын окуп, түшүнүгүн айтып берүү;

Макалды чечмелөө.

Окуучулар тапшырманы жазып алышат





Жыйынтык

тоо


Элибизде мурдатан эле айтылып келе жаткандай “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба”. Жаман адаттарга берилсең, кылмыш жасасаң, ал эч качан жазасыз калбайт. “Кыңыр иш кырк жылда да билинет” дегендей бир күн албетте жазасын алат.  Ошондуктан балдар, эч качан уурулукка барбай, өз мээнетибиз менен жашаганга үйрөнөлү.

Бүгүнкү сабакта эмне жөнүндө сүйлөштүк?

-жомок окудук;

-суроолорго жооп бердик;

-уруулук жаман иш экенин билдик.

Ушуну менен сабак аяктады. Көрүшкөнчө саламатта калгыла.

Окуучулар уурулук жаман иш экенин түшүнүшөт














Суроолорго жооп беришет.