СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Жан дуйнонун жанырыгы тил менен"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Журоктон чыккан соз журоктон орун алат

Просмотр содержимого документа
«"Жан дуйнонун жанырыгы тил менен"»



Ысык-Кѳл областына караштуу Ак-Суу районунун Теплoключенка айылынын С.М.Киров атындагы гимназия мектебинин орус класстарынын кыргыз тили жана адабият мугалими Исаев Ренат Болотбековичтин «Жан дүйнѳнүн жаңырыгы тил менен» аттуу баяндамасы

Жан дүйнɵнүн жаӊырыгы тил менен.

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келе жаткан бул биздин эне тилибиз- кыргыз тили 1989-жылдын 23-сентябрь күнү кыргыз ССРинин мамлекеттик мыйзамы кабыл алынып, ага ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили деп жарыяланган. Ошол жылдан тартып элибиз өз тилинде ар кандай коомдук-саясий иштерди толук жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргыз тилинде илимдин жана техниканын ар түрдүү тармактары боюнча илимий терминалогиясы иштелип чыгып, көптөгөн окуу китептер, окуу куралдар, сөздүктөр жана башкалар азыр да болсо жаӊыланып түзүлүүдө. Көптөгөн саясий, илимий эмгектер, көркөм адабий чыгармалар жазылып жатат. Толуп жаткан газета-журналдар чыгарылууда. Ошентсе да бир кыйла мамлекеттик тилди сактап, өнүгүүдө мүчүлүштүктөр бар экени шексиз.

Азыркы учурда биз дүйнөлүк адабияттын бай казынасын түзгөн адабий мурастарды өз эне тилибизде окуй алабыз. Бирок тилекке каршы расмий жана чет тилинин таасири, кыргыз тилине бир кыйла жолтоо болгондугу жашыруун эместигин баардыгыбыз сезгендирбиз. Мисалы, көптөгөн мигранттар чет өлкөлөрдө эмгектенет. Алардын уул-кыздары ошол жактын тилинде тарбия алып жатышат. Эгерде тил маселесине көӊүл бурбаса, бир муун алмашкан соӊ маданият, мекенди сүйүү жана башка түшүнүктѳр жок болот. Эне тил менен улуттук маданият да, тарбия да калыптанарына күмөн жок. Эгерде өз ата-бабабыз мурас катары калтырган тилибизди биринчи орунга койбосок, маданиятыбыз, тарбиябыз, үрп-адаттарыбыз жана башкаларыбыз да өз урпактарыбызда жат боло баштайт. Ошондуктан өз бир тууган элибизге караганда чет элдик жаран жакын өӊдөнө баштайт. Анткени аны менен сүйлөшүүдө орток тема табылат. Дагы бир мисалга алганда кыргыз тилдүү мектептер өлкөбүздө көп болгондугу менен көпчүлүгү айылдарда, класстарда ашып кетсе жыйырмадай окуучу, ал эми башка тилдүү отуздан ашуун, үч-төрт класс. Себеби ата-энелер чет жерге кыйналбай иштешсин деген үмүт бар. Кыргыз тили туурасында сөз кылсаӊ « чет элге чыкса жардамы тийет», «кыргыз тилин билсеӊ Кыргызстандан чыга албайсыӊ», «кыргыз тилинин келечеги жок», « орус тилдүү класска окуп алып кыргыз тилчи болмок беле, эптеп «3» коюп берчи»- деп мугалимдерге кайрылат. Ата-энелер ушундай сөздү айтса, кулака сиӊирген бала эне тилин окууда кош көӊүл болоору анык.

Тагыраак айтканда кыргыз тилинде ар бир кыргыз жараны тарбия берүү керек.Тарбия ар бирибиздин үйүбүздѳн башталат эмеспи. Ар дайым баардыгыбыз тил маселесин кѳтѳрѳбүз ар кайсы жыйындарда жана башка жерлерде, бирок үйүбүздѳн орус тилинде сүйлѳшѳбүз. Эң ѳкүнүчтүүсү, ѳздѳрү кыйналса да балдарына жана неберелерге орусча жооп берген ата-эне жана чоң ата, чоң эне жана башкалар кѳбѳйдү. Алардын арасында мамлекеттик ишмерлер ( мугалим, райондук администрация, сот ж.б.у.с.) бар экендиги аябай ѳкүндүрѳт.

Себеби тарбия жок бала билим алуусу кыйын, ал эми билими жок баланы ѳнүктүрүү кыйын. Учурда ата-энелер эмес, социялдык тармактардагы орус, англис жана башка тилдердеги мультфильдерди кѳрүү менен башка тилде тарбия алып, ой толгоолору ѳзгѳрүп, кичине бѳбѳктѳрүбүздүн тили башка тилде чыккандыгы арбын. Бул кѳйгѳйдү Байдылда Сарногоевдун ыр саптары чагылдырып турат:

«Кой маарайт койдун тилинде,

Уй маарайт уйдун тилинде.

Уй, койдон артта калдык бейм

Улуттук тилди билүүдѳ…

Кыргызча сүйлѳй билбеген

Кыз, улан чыкты бу күндѳ.

Арбыды «мама», «папалар».

Азайды «апа», «аталар».

Жаш чырпыкты саябалуу дарак кылып өстүргөн сыӊары, кыргыз тилинин мындан ары да өркүндөп өсүшү үчүн ар бир кыргыз жараны менен биргеликте мугалимдерибиз кам көрүү керек. Тил саясатына мамлекет тарабынан олуттуу мамиле жасап, иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек дегендей мамлекеттик тилде сүйлѳѳгѳ ар бир жаранды мажбур кылуунун жолдорун иштеп чыгуубуз абзел. Башка тилдеги бала- бакчадагы, окутулуучу мектептердеги ар бир тарбиячы жана мугалим, жетекчилер, дарыгерлер жана башкаларды мамлекеттик тилде гана иш алып барууга муктаж кылуу менен ѳз тилибизге аяр мамиле жасоого аң-сезимибиз ѳсѳт го деген үмүт бар.

Каада-салттарыбыз жана маданиятыбыз, санжыра жана тарыхыбыз, дастандар жана башка жан дүйнө баалуулуктарыбызды, элибиздин өз нукуралуулугубузду сактап турган улуттун өзөгү болуп турган кыргыз тил жана адабият сабагыбыз башка тилдүү мектептерде жетишсиз. «Ар бир элдин тили- өзүнө улуу» дегендей бул салыштыруу улутчулдук эмес, күйгөнүм да сүйгөнүм да эне тил экендигин билдиргим келди. Тил тууралуу метептеги эне тилибиздин абалы жѳнүндѳ сѳз кылган мугалимдерибиз чыгышса, «бул ашкере улутчулдуктун белгиси жана биздин интернационализм идеябызга туура келбейт»,- деп чыгышкан кесиптештерибиз да аз эмес. Башка тиде сабак берген мектептерде ѳз кѳлѳкѳсүнѳн ѳздѳрү корккон мугалимдерибиз бар экендигине да кѳңүл бурулса жакшы болмок. Бүркүттѳй патриот мугалимдерибиз каргадай абалга түшүп калгандыгы ѳкүндүрѳт. Албетте чет тилин окуп билүү учурдун талабына ылайык, бирок кыргыз тилди биринчи орунга коюу бул- мекенге болгон сүйүүнүн жалынынын өчпөгөндүгүнүн белгиси деп эсептейм.

Жүрөктөн чыккан сөз- жүрөккө жетет деп ишенүү менен, жан дүйнөнүн жаӊырыгы тил менен!