СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Жараланган журок" повести

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

                                                           Жараланган  жүрөк

     Алтынай: 1917-жыл. Жер  томсоруп  гана  турат.Жайкалган  эгин,  буралган  чөп  жок. Зылдап  жүргөн  шамалга  чыдай  албай  кайыккан  жандык  сыяктуу  титиреп  турган  сейрек  куурайлар.  Алардын  арасында  ичке  куйруктарын  көтөрүп,  сереңдеп  чуркаган  сур  чычкандар  гана  жүрөт.  Буурул  сакал,  таягын  аркасына  каруулаган  Бектурган  алыстан  караан  көрдү  да:  «Ачарчылыктын  тырмагына  илинген  биз  сыяктуу  шордуулар  го»,-деп  жооруду. Ким  билсин,  Бектурган  бирдемелерди  ойлоп  отурдубу,  же  арстандай  жүрөгүн  ачкачылык  талыттыбы?  Анысы  бизге  белгисиз. Бирок  анын  көк  ала  сакалынан  мөлтүрөгөн  тамчылар  куланып  жатты.

(Муздак  сууга     чаңыт  кылып  талкан  чалып  отурган  бала  коркуп  ыйлап  жиберет, Бектурган  чапанынын  жеңи  менен  жашын  сүртүп)

Дастан:-Ыйлаба,  кагылайын  мен  тим  эле

Бала:-Атаке,  апамды  ойлодуңбу?  Тигине  күн  көтөрүлүп  келе  жатат.  Бул  жерден  кетеличи…

(Бектурган  ордунан  шак  тура  калып,  шадылуу   арык  колдору  менен  баланы  өзүнө тартып,  бетинен өптү.)

Дастан:-Ооба,  садага,  ооба.  Күн  көтөрүлүп  келе  жатат.  Эми  кетебиз. ( Жер  таянып  кайра  отура  калды.  Ала  көнөчөктөгү  чаңытталган  сууну  атасына  бере  койду)

Бала:-Атаке,  апамды  мага  көрсөтпөй  кайда  көмдүңөр?  Мен  чоңойгондо  күмбөз  салдырат  элем.

(Бектургандын  колунан  көнөчөк  ыргып  кетет,  жерге жайылган  сууну  бала  жата  калып  шимирет.  Баланы  жерден   алып,  көнөчөктү  карматат)

Дастан:-  Айланайын  жылдызым,   ме  муну  ич.   Азыр  үркпөгөн  айылга  барабыз.  Талканды  көп  табабыз.  Сен  ырыңд  унута  элексиңби?