Классы:
Сабактын темасы: Жашоодо максат кое бил.
Сабактын мөөнөтү:
Сабактын максаты:
1. Окуучуларды алдына максат кое билүүгө жана ага жетүүгө аракет кылууга үйрөтүү
2. Окуучулардын алдыга максат коюп, ал койгон максатка кантип жетүү керек экендигин үйрөтүү. Ѳз алдынча көбүрөөк иш алып барууга тарбиялоо.
Сабактын жүрүшү:
Алдыга койгон максатка жетүүнүн жолдору жөнүндө эссе жазуу
Макал-лакаптарды чечмелөө, талкуулоо
Жыйынтыктоо
Алдыга койгон максатка жетүүнүн жолдору
ТӨМӨНДӨГҮ нерселердин кайсынысына ээ болгуң келет эле?
● Өзүңө көбүрөөк ишеним артуу
● Көбүрөөк досторду табуу
● Көбүрөөк кубанычка ээ болуу
Чынында, ушул үчөөнө тең ээ боло аласың. Кантип? Максаттарды коюп жана аларга жетүү менен. Келгиле, ушул үчөөнүн ар бирине токтололу.
Өзүңө көбүрөөк ишеним артуу. Кичинекей максаттарды коюп, аларга жетүү менен өзүңө болгон ишенимиң артып, чоңураак максаттарга умтулууга чечкиндүү болосуң. Ошондой эле теңтуштарыңдын кысымы сыяктуу кыйынчылыктарга күн сайын туруштук берүүнүн аркасында өзүңө болгон ишенимиң артат. Натыйжада башкалар муну байкап, сага сый-урмат менен мамиле кыла башташы мүмкүн. Айрым курбуларың сага мурункудай кысым көрсөтпөй калышы да ыктымал. Атүгүл алар сага суктана башташы мүмкүн.
Көбүрөөк досторду табуу. Көптөр алдыга максат коюп жашаган, башкача айтканда, эмнени каалаарын жакшы билген жана ошого жетүү үчүн бүт күчүн жумшаган адамдар менен мамилелешүүнү каалашат. Сен максат коюп жашасаң, сени менен дос болууну каалагандар сага тартыла баштайт. Көбүнчө андай адамдар алдыга койгон максаттарга жетүүгө жардам беришет.
Көбүрөөк кубанычка ээ болуу. Кел, ойлонуп көрөлү. Бир нерсени эңсеп, күтүп отура берүүдөн көп деле кубаныч албайсың. Ал эми максаттарды коюп, аларга жетүү канааттануу тартуулайт. Исанын 1-кылымда жашаган шакирти элчи Пабыл: «Максатсыз чуркап бараткан жокмун»,— деп айткан (1Корунттуктар 9:26). Канчалык чоң максаттарды койсоң, аларга жетүүдөн ошончолук терең канааттануу аларыңды эсиңден чыгарба.
ОЙЛОНУП КӨР
● Бир эле учурда көп максат коюу мүмкүнбү?
● Максат коюу деген жашооңдун ар бир мүнөтүн пландаштырып чыгуу дегенди билдиреби?
Максаттарыңа кантип жетсең болот?
«Чоң максаттарды коюудан коркпо. Эгер башкалар андай максаттарга жетип жатышса, анда сен да жете аласың» (Робен).
1.Кандай максаттарды койсо болору жөнүндө ойлон. Өзүңдү эркин сез. Оюңа кандай максаттар келсе, ошолордун баарын жаз. Алардын ичинен ишке ашырса боло тургандарын, бери дегенде, 10нун же 20сын танда.
2.Максаттарыңды таразала. Максаттарыңдын кайсынысы сага өзгөчө кубаныч тартууламак? Кайсынысын ишке ашыруу кыйынга турат? Кайсынысына жетүүнү абдан каалайт элең? Сенүчүн абдан маанилүү болгон максат эң мыкты максат болорун унутпа.
3.Маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүр. Алгач бир нече күндүн ичинде жете ала турган анча чоң эмес максаттарды танда. Анан көп убакытты талап кылган, башкача айтканда, бир нече жуманын же бир нече айдын ичинде ишке аша турган максаттарды танда. Андан соң кайсынысына абдан жеткиң келерине жараша номурлап чык.
Жөнөкөй максаттар
Достук.Өзүмдөн улуу же кичүү бирөө менен ДОС болом. Эски досторум менен кайрадан мамиле түзөм.
Ден-соолук. Жумасына баш-аягы 90 мүнөт дене тарбия көнүгүүлөрү нжасайм. Күнүгө 8саат уктайм.
Мектеп. Математикадан жакшыраак бааалам. Курбуларымдын:«Текшерүү ишин көчүрүп алып, мугалимди алдап кой»,—деген кысымына алдырбайм.
Кудай менен болгон мамиле. Күнсайын 15мүнөт Ыйык Китеп окуйм.Ушул жумада классташтарыма Кудайжөнүндө айтам.
План:
«Максат койгонуң жакшы, бирок ага жетүү үчүн план түзүү зарыл. Антпесең, алар эч качан ишке ашпай, максат бойдон кала берет» (Дерик).
Койгон максаттарыңа жетүү үчүн төмөндөгүлөрдү жаса:
1.Максаттарыңдын тизмесин түз.
2.Максатыңа канча убакыттын ичинде жеткиң келерин белгилеп, датасын жаз. Болбосо, максатың тек гана кыял бойдон кала берет.
3.Кандай кадамдарды жасаарыңды пландаштыр.
4.Тоскоолдуктарды эске ал. Аларды кантип жеңсе болору жөнүндө ойлон.
5.Өзүңдү милдеттендир. Өзүңө: «Максатыма жетүү үчүн бүт күчүмдү жумшайм»,— деп убада бер. Эми колуңду коюп, датасын жаз.
Кызматымды кеңейтүү үчүн кытай тилин үйрөнөм 1-июль
Кадамдар:
1. Сүйлөшмө (разговорник) сатып алам.
2. Жумасына он сөз үйрөнөм.
3. Кытай тилинде сүйлөгөндөрдүн кандай сүйлөп жатканына көңүл бурам.
4. Кимдир бирөөдөн туура сүйлөп, туура айтып жатканымды текшерип турушун суранам.
Боло турган кыйынчылыктар:
Кытай тилинде сүйлөгөн эч ким жок болсо...
Кантип жеңем?
Кытай тилиндеги аудио жаздырууларды www.jw.org веб-сайтынан көчүрүп алам.
Колуң Датасы
Иш-аракет кыл!
«Максаттарың тез эле унутулуп калышы мүмкүн, андыктан аларды көңүлүңдүн борборунда сактап, аларга жетүү үчүн иш-аракет кылганыңды токтотпо».
Дароо башта. Өзүңө: «Максатыма жетиш үчүн бүгүн эмне кыла алам?» — деген суроону бер. Албетте, максатыңа жетүүдө бардык нерселерди кылдат ойлонуштурбай калышың мүмкүн, бирок алар иш-аракет кылышыңа тоскоол болбошу керек. Ыйык Китепте: «Шамалды караган адам эгин экпейт, булутту караган адам түшүм жыйнабайт»,— деп айтылат. Бүгүн кыла ала турган нерсени аныктап, атүгүл кичинекей болсо да, аны жаса.
Максаттарыңды күнүгө текшерип тур. Ар бир максатың эмне үчүн маанилүү экенин эсиңе салып тур. Улам ишке ашкандарына ✔ коюп белгиле.
Ийилчээк бол. Канчалык жакшы пландаштырсаң да, өзгөрүүлөрдү кылуу керек болушу мүмкүн. Эгер ушундай болуп калса, кам санаба. Түзгөн планыңа бекем кармана албай жатсаң, тынчсызданбай эле кой. Кандай болбосун, максатыңа жетүүгө умтула бер.
Максатыңа жеткениңди элестет. Окуяларды «алдыга түрдүрүп», максатыңа жеткениңди элестет. Максатың ишке ашканда сени кандай сезим чулгаарын элестетип көр. Анан максатыңа жетүү үчүн жасаш керек болгон ар бир кадамды кандайча ишке ашырарыңды «алдыга түрдүрүп» элестетип көрүүгө аракет кыл. Акырында «башта» деген кнопканы бас. Ар бир кадамды ишке ашырганыңды жана максатыңа жеткенде канчалык кубанарыңды элестет. Анда эмесе, алдыны көздөй умтул!