СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жугуштуу оорулар "Сарык оорусу"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жугуштуу оорулар "Сарык оорусу"»

Сабак: Тарбиялык саат

Сабактын темасы: Сарык оорусу

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, слайд ж.б.

Сабактын максаты:

1

Окуучулар сарык оорусу боюнча маалымат берүү; Окуучуларды ден-соолугун коргоого, сактоого жана чыңдоого багыттоо 

2

Алардын ден-соолугуна кам көрүү максатында балдарга жугуштуу оорулар, аларды алып жүрүүчү жана козгоочу микробдор, вирустар жөнүндө түшүнүк берүү

3

Ден-соолукка байланыштуу пайдалуу кеңештер менен тааныштырып, окуучулардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого, жаман терс адаттардан арылууга, жүрүм-турум маданиятына тарбиялоого салым кошуу


Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

1. Окуучуларды сабакка уюштуруу

Окуучуларды жоктоо. Тема жана анын максаты боюнча түшүнүк берүү.

Азыркы мезгилде коомдо ар түрдүү жугуштуу оорулар күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Мисалы: сарык (гепатит)

Сарык (гепатит) жугуштуу оорулардын катарына кирет. Аызркы учурда балдар арасында

сарык оорусу кеңири жайылууда. Андыктан сарыктын түрлөрү, белгилери жана сактануу

жолдору тууралуу маалымат менен таанышалы.

2. Керектүү маалыматтарды берүү.

Сарык оорусу

Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт.

Анын беш түрү бар: А, В, С, D, Е,





Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда "боткин" деп да атап коюшкан.

Гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Ооруну  айыктырууга  болобу ?

Гепатит - А

Гепатиттин А түрү башка оорулардан айырмаланып өнөкөт түрүнө айланып кетпейт. Киши бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса, анда ал өлүмгө дуушар болушу ыктымал.



Гепатит - С

С гепатити кан аркылуу жугат. Ал көпчүлүк учурда байкала бербей, акырындап өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, стоматологиялык кабинеттерден, маникюр салондорунан, татуировка-студияларынан (денеге сүрөт тарткан), ал турсун, хирургиялык жана гинекологиялык аспаптарды тазаланбаган шартта колдонууда да жугуп калган учурлар көп кездешет. Текшерүүнүн бардык көзөмөлүнөн өтпөгөн кан куйдурууда абдан коркунучтуу болуп саналат.

Гепатит В, С, D түрүндөгү гепатиттерди айыктыруу андан да оор.





Гепатит илдети жугуу жолу боюнча эки чоң түргө бөлүнөт.

1. Гепатиттин А жана Е түрү турмуштук шартта эле жугат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Алардын көбү жаш балдар болот.

2. Ал эми В, С, D түрлөрү болсо оорулуу адамдан соо адамга кан аркылуу жугат.

М исалы, баңги ийнелер, сакал алган устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр, пирсинг, татуировка жасоочу жана тиш жулуучу каражаттардан жугат. Ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу да илдеттин бул түрүнө кабылып калуу мүмкүн.

Оорунун белгилери

Сарыкты жугузуп алган оорулуунун температурасы 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси саргая баштайт. Алгач оору бир жума аралыгында көп билинбейт. Көпчүлүк адамдар сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А гепатитинде температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт.

Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили өкүм сүрөт, бул мезгилде дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн склерасы (агы) саргаят, зааранын өңү кочкул тартып сыранын өңүнө окшоп калат, заңдын түсү болсо агыш тартат. Дарыгер боордун тушун басып көргөндө ооруйт. Бул учурда бейтапты ооруканага жаткыруу зарыл.

Оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек?

Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн:

  • жашылча-жемишти сөзсүз жууп жеш керек;

  • арыктан аккан таза эмес сууну ичпеш керек;

  • үйдү, окуган, иштеген жерди таза кармоо керек;

  • ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щетка, сүлгү, жаш балдардын идиш-аягы);

  • ошондой эле убагында эмдөөдөн өтүү керек.

Ал эми оорунун В,С түрлөрүнөн оолак болуу үчүн:

  • кокустук жыныстык катнаштан качуу;

  • татуаж, маникюр, педикюр жасаган жабдыктар таза болушу керек;

  • бирөөнүн тиш щеткасын, тарагын, устарасын колдонуудан баш тартуу;

Эскертүү!

Ар бир адам жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп турушу зарыл. Мындай жол менен алар ар түрдүү оорунун алдын алат!




Тазалыкты сактагыла!

Бул ооруну дарылаганга караганда ооруну алдын алуу кыйла жеңил. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланыштуу. Бул өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу сунушталат. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү пайдаланарда, сөзсүз жууп алуу зарыл. Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү керек. Коомдук тамак-аш сатуучу жайларда, базарларда даярдалган тамак-аш даярдоо санитардык нормага туура келиши керек.

Диета маанилүү!

Б ул жугуштуу ооруда диета кармоо өтө маанилүү. Туздуу, ачуу, куурулган, консерваланган тамактарды жегенге болбойт. Жашылча, жер-жемиштер, сүт, кычкыл эмес быштак, тузу жок нан, сүрсүбөгөн, кайнатылып бышырылган майы жок уйдун этин, тооктун этин жеш керек. Жер-жемиштин кактарынан, өзгөчө өрүктүн кагынан жасалган компотторду ичкен пайдалуу. Диетаны бузбай аткарган бейтап бат айыгат.





Сарык оорусуна кабылбаш үчүн кеңештер

Ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна кам көрө билиши керек. Жеке гигиенаны сактоо өтө зарыл. Жогоруда айтып өткөндөй, көчөдө жана базардын тегерегинде ачык сатылган тамак-аштардан оолак болуш керек. Жер-жемиштерди дагы жууп, тазалап колдонуу шарт. Азыр жаш балдар сарык оорусуна көп чалдыгып жаткандыктан, ата-энелерге эскерте кетчү нерсе – балдардын иммунитетин жогорулатуунун камын көрүү менен бирге организмди чыңдоо зарыл.

3. Бышыктоо. Талкуулоо:

1. Сарык оорусу боюнча эмнелерди билдиңер?

2. Сарык оорусунан кантип сактануу керек?

3. Сарыкка каршы эмдөө сөзсүз алышы керекпи?

4. Эмдөө боюнча көз карашыңар кандай?

4. Жыйынтыктоо

“Биринчи байлык ден соолук” өз ден соолугуңарга кам көргүлө!