Сабактын темасы: Сүрүлүү күчү
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Сүрүлүү күчү;
Сүрүлүү күчүнүн, сүрүлүүнүн түрлөрүн аныктагыла;
Формуланы чыгарып, маселе чыгаруу;
Сабактын критерийлери:
Сүрүлүү күчүн түшүнсө;
Сүрүлүү күчүнүн, сүрүлүүнүн түрлөрүн билишсе;
Формуланы чыгарып, маселе чыгара алышса;
Биргелешип иштөө менен студенттердин коммуникациялык инсандык сапаттары калыптанса;
Сабакка активдүү катышса;
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
Жаратылышта кандай күчтөр бар?
Жаратылыштагы күчтөргө мүнөздөмө бергиле?
Жаңы тема:
Нерселер бири- бири менен түздөн – түз тийишкен учурда алардын тийишкен беттеринин ортосунда сүрүлүү күчү деп аталган күч пайда болот.
Сүрүлүү күчүнүн мүнөздүү белгилеринин бири – бул тийишкен беттердин бири бирине салыштырмалуу кыймылга келишине “каршылык” көрсөткөндүгүндө, б.а бир нерсеге салыштырмалуу экинчисинин кыймылга келишине каршылык жолтоо болгондуганда.
Сүрүлүүнүн үч түрү бар: тынч абалдагы сүрүлүү, сыйгаланып сүрүлүү жана тоголонуп сүрүлүү. Сүрүлүү күчү нерселер бири – бири менен түздөн – түз тийишип, турган кезде пайда болот да, тийишкен беттерди бойлото, кыймылдын багытына карама каршы багытталат.
Эгер нерсени катуу тартсак, динамометр F күчүнүн чоңойгондугун көрсөтөт. Нерсе тынч абалда кала берет. Демек , сүрүлүү күчү да чоңоет. Эгер динамомертге илинген жүктү дагы эле тарта берсек, Fтин кандайдыр бир маанисинде нерсе козголуп, жылмыша баштайт. Нерсе бир калыпта жылган кездеги динамометрдин бул көрсөтүүсүнүн өзү
болуп эсептелет. Ал эми F
болгондон баштап нерсе ылдамданып кыймылга келе баштайт.
Тынч абалдагы сүрүлүү күчү оор буюмдарды: шкафты, столду, жашикти, роялды ж.б ордунан жылдырууга жолтоо болуучу күчтүн дал өзү.
Эгер жүктү б.а столго перпендикуляр аракет эткен күчтү чонойтсок, анда ага жараша аны тарткан кезде F күчү да чоңоет. Столго тик багытталган күчтү басым күчү дейбиз. Демек, тынч абалдагы сүрүлүүнүн максималдуу күчү басым күчүнө пропорциялаш. Ньютондун 3 – закону боюнча басым күчү модулу боюнча боюнча таянычтын реакция күчүнө барабар. Муну математиклык түрдө төмөнкүчө жазууга болот.
F=
. Буга салыштырмалуу серпилгич күчү F= -kx формуласы менен аныкталат.
Демек, сүрүлүү коэффициенти деп сүрүлүү күчүнүн басым күчүнө болгон катышы менен ченелүүчү чоңдук аталат.
Сүрүлүү күчүнүн пайда болгон себептеринин бири сүрүлүшкөн беттердин жылмакай эмес, бодуракай болушунда. Нерселердин бири бирине салыштырмалуу кыймылында бир нерсенин бетинин урчуктары экинчинин ойдуңдарына илинишип, кыймылга көбүрөөк каршылык көрсөтөт.
Сүрүлүү коэффициенти сүрүлүшкөн беттердин сапатына, нерселердин тегине ж.б фокторлорго көз каранды болот. Ал коэффициенттин бирдиги болбойт, жөн гана эселик сан. Ал берилген эки нерсе үчүн турактуу чондук жана ар кандай нерселеде ар башка.
Сыйгаланып сүрүлүүгө чананын, лыжанын кар, конькинин муз боюнча кыймылы, кыскасы бир нерсени экенчи нерсенин бети боюнча сүйрөгөн учурда пайда болот.
Ал эми жумуру нерселер, мисалы, дөңгөлөктөр, шыргай же карагай, топ, шар, цилиндр ж.б нерселер тоголонгон учурда тоголонуп сүрүлүү пайда болот. Тоголонуп сүрүлүү күчү сыйгаланып сүрүлүү күчүнөн кичине экендигин турмуш көрсөтүп жатат.
Сүрүлүүнүн ролу. Сүрүлүүнүн көбөйтүү максатында жолдорго кум, таарынды отундун күлү, шагыл төгүлөт.
Машине тыгылып калганда дөңгөлөктөрдүн алдына бир нерсе төшөлөт, сыйгалакта дөңгөлөктөргө чынжыр байланат, шиналардын, гөлөш, өтүктүн таманынын бодурлуу болушуна кам көрүлөт.
Сүрүлүү зыяндуу болсо, анда майлоо, жылмалоо роликтүү же шариктүү подшипниктерди колдонуу жолдору менен азайтуунун камын көрүшөт.
Эгер катуу нерсе суюктукка же газда болсо анда ага анын кыймылына карама – каршы багытталган чөйрөнүн каршылык күчү таасир этет. Бул учурда деле каршылык күчү пайдалуу болсо көбөйтүү керек, зыйандуу болсо азайтуу максатында нерселерге жылмакай – жеңил айланып өтүүчү – ыскалбас форма берилет. Мисалы, самолеттун канатынын формасы, кайыктын, суу астында жүрүүчү кеменин, жарышууга арналган машиненин, космоско учурулуучу аппараттын, ракетанын формасын алсак болот.
Суюктук менен газдарда тынч абалдагы сүрүлүү күчү пайда болбойт. Акырында сүрүлүү күчүнүн жаратылышы толук окулуп үйрөнүлө электигин эскертебиз.
Бышыктоо: Маселе иштөө
1. Эгер Балыкчыга барчу поезддин паровозунун тартуу күчү 16
Н сүрүлүү коэффициенти 0.2 болсо, паровоздун дөңгөлөктөрүнө жасалган басым күчү канчалык?
Берилди: формула: чыгаруу:
F=16
Н N =
N=
=80
Н
=0.2 Жообу: 80
Н
=?
2. Салмагы 2000 Н болгон жыгач жашигин цемент пол боюнча бир калыпта жылдыруу үчүн канча күч керек? Сүрүлүү коэффициенти 0.18.
Берилди: формула: чыгаруу:
Р= 2000 Н F=
F=0.18
2000= 360Н
=0.18 Жообу:360Н
=?
3. Чоң атам 5 км алыстыктагы токойдон чанасы менен толтура 12000 Н отун жүктөп келди. Чоң атамдын аты канча жумуш аткарган? Сүрүлүү коэффициенти 0.004.
Берилди: формула: чыгаруу:
S=5 км
P=12000H A=F
S A=12000
5000
0.04= 24
Дж
=0.04 F=P
=? A=P
Жообу: 24
Дж
Жыйынтыктоо:
Сүрүлүү күчү качан пайда болот?
Сүрүлүүнүн түрлөрү кайсылар?
Сүрүлүү коэффициенти деп эмнени айтабыз?
Сүрүлүүнүн келип чыгуу себебин айткыла.
Сүрүлүүнүн зыяндуу жана пайдалуу учурларына мисал келтиргиле.
Үйгө берилүүчү тапшырмалар.
1. 2 Н күчтүн таасири астында 4 см ге узарган пружинанын катуулугун аныктагыла.
2. Катуулугу 100кН/м болгон сүйрөөчү тростун, массасы 2 т болгон автомабилди 0.5 м/с2 ылдамдануу менен сүйрөгөн учурдагы узарышын тапкыла. Сүрүлүү эске алынбасын.
3. Оор жүк тартуучу тукумдагы аттардын мелдеши учурунда бир ат массасы 23 т жүктү бир калыпта сүйрөп жеткирет. Эгер аттын тартуу күчү 2.3 кН болсо, сүрүлүү коэффициентин эсептегиле.
Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат