Даанышман ойлор: афоризмдер, макал-лакаптар
Даанышман ойлор: афоризмдер, макал-лакаптар. Түз.Т.Самудинов. -
Коом турмушунадагы кескин өзгөрүүлөр жан дүйнөбүздү сандаган суроолорго кабылтып турган азыркы чакта кылымдардын кыйырын баскан акылман кептерден жооп издөөгө ар кимибиз аргасызбыз.
Жыйнактагы афоризмдер, макал-лакаптар окурманга оңтойлуу болуш үчүн тематикалык бөлүмдөргө бөлүштүрүлдү жана алфавиттик тартипте жайгаштырылды. Авторлор тууралуу да так маалыматтар берилди.
"Улуу адамдардын турмушунан", "Апенди аке айтыптыр..." деп аталган соңку бөлүмдөр да китептин жалпы идеясына төп келет.
Китеп мектеп окуучуларына, студенттерге жана педагогдорго дайыма керектүү колдоно катары кызмат кыла алат деп ишенүүгө болот.
Эгерде биз көрдүк десек алысты, ага себеп - гиганттардын ийини. Исаак Ньютон
Жаш окурманга
Бул китептин жаралышына улуу Лев Толстойдун төмөндөгү бир сөзү мага көбүрөөк түрткү берди дегим келет.
"Жаштардан көп угасың: бирөөлөрдүн акылы менен жашагым келбейт, өзүмчө акыл ойлошум керек. Мен аларга айтаар элем: даяр акыл турса, аны ойлоп табам деп азап тартуунун кажети канча? Даяр нерсени ал да, сапарыңды ула. Адамзаттын күчү ушунда"
Ырасында эле, качандыр бир замандарда жашап өткөн атактуу ойчулдардын, акын-жазуучулардын сөздөрүндөгү кеменгер ойлор, бийик нравалык принциптер азыр да, космос менен электрониканын доорунда, өз маанисин, өз таасирин жоготпойт. Кыска, так жана айкын формаларга чөгөрүлгөн афоризмдерде адамзаттын не деген руханий тажрыйбасы, не деген этикалык, эстетикалык түшүнүк-корутундулары чагылдырылбаган. Булар болсо - адам пендесинин "тар кыя, тайгак кечүүсү" көп өмүр сапарында жол көрсөткүч катары кызмат аткарып келишет.
Мындай ыйык касиет элибиздин кун жетпес кенчи - макал лакаптарында да эң сонун сакталган. Демек, Батыш менен Чыгыштын даанышман сөздөрүнүн колуңардагы жыйнакта да бири-бирине үндөш келип, эриш-аркак жайгашышы - закон ченемдүү көрүнүш.
ЖОЛБОРС Пайзилдаев
Мазмуну
1 АКЫЙКАТ, ЭЛ, МЕЗГИЛ, ЭРКИНДИК
2 Адабият жонундо улуу адамдардын айткандары
3 ДОСТУК, ЭРДИК, АР-НАМЫС
4 НААДАНДЫК, ПАСТЫК, ТҮРКӨЙЛҮК
5 ӨМҮР, ӨЛҮМ, СҮЙҮҮ, БАКЫТ
6 АКЫЛ, МЭЭНЕТ, АКЫБЕТ
7 ӨМҮР, ӨЛҮМ, ПЕНДЕЧИЛИК
8 ДОСТУК, ЭРДИК, АР-НАМЫС
9 ЫНТЫМАК, ЫРЫС, БЕРЕКЕ
10 ЖАЛКООЛУК, САРАҢДЫК, НААДАНДЫК
11 УЛУУ АДАМДАРДЫН ТУРМУШУНАН
12 АПЕНДИ АКЕ АЙТЫПТЫР...
13 АВТОРЛОРДУН АТЫ-ЖӨНҮ
АКЫЙКАТ, ЭЛ, МЕЗГИЛ, ЭРКИНДИК
Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт.
Виктор ГЮГО.
Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың.
Антуан РИВАРОЛЬ.
Адилет соттун кылычында кын жок.
Жозеф МЕСТР.
Акча - согуштун кыймылдаткыч күчү.
Марк ЦИЦЕРОН.
Акыйкатсыздык өкүм сүргөн жерде - эркиндик жок, эркиндик жок жерде - акыйкатсыздык өкүм сүрөт.
Иоган ЗЕЙМЕ.
Акыйкатчыл адам - бактылуу адам.
Жан Жак РУССО.
Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек.
Артуро ГРАФ.
Алы жок акыйкат - бечара, акыйкатсыз кара күч - зулумдук.
Блез ПАСКАЛЬ.
Ар качан өз парз милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.
Ашынган индивидуализм коомго коркунуч туудурат.
Анатоль ФРАНС.
Банкир - бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам.
Марк ТВЕН.
Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете.
Томас ФУЛЛЕР.
Дин жарык чыгарчу коңуздарга окшош: жарык чыгарыш үчүн аларга караңгылык керек.
Артур ШОПЕНГАУЭР.
Жаратты мезгил дарылайт.
МЕНАНДР.
Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек.
Кенже ПЛИНИЙ.
Идеалы жок эркиндиктин зыяны көп.
Артуро ГРАФ.
Капастагы канаттуу - канатынан ажыраган жандык.
Генри БИЧЕР.
Капаста булбул сайрабайт.
Томас ФУЛЛЕР.
Кедейди кемсинткенден артык айбанчылык жок.
Шарль НОДЬЕ.
Кедейлер акыйкатты издеп жүрүшсө, байлар акыйкаттан качып жүрүшөт.
Бертольд БРЕХТ.
Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл бүтөт.
Лопе де ВЕГА.
Куугунтук жеп, ыдык көргөн чындыкты дайыма коргош керек.
Ральф ЭМЕРСОН.
Күн ак сарайга да, кепеге да текши тийет.
Уильям ШЕКСПИР.
Мамлекеттик ишмердин жүрөгү башында болушу керек.
НАПОЛЕОН I.
Мамлекеттик ишмер чындыкты айтышы керек. Унчукпаганы - алдаганы.
Сен-Жон - ПЕРС.
Мансап сүйгөн адамдан акыйкатты күтпө.
Вашингтон ОЛСТОН.
Мезгил өзгөрүлөт, биз да өзгөрүлөбүз.
Квинт ГОРАЦИЙ.
Мезгил өтпөйт, биз өтөбүз.
Пьер РОНСАР.
Менин кул да, кожоюн да болгум келбейт. Демократияны мен ушундайча түшүнөм.
Авраам ЛИНКОЛЬН.
Министрлерди тез-тез которгон жаман, бирок, жаман министрлер ордунда калышса - андан бетер жаман.
Пеле де ла ЛОЗЕР.
Өзүңө эркиндик каалагың келсе, аны бирөөгө ыраа көр.
Симона де БОВУАР.
Президенттин далдаасында дайыма бирөөлөр жүрөт, алардын кимдер экенин билиш үчүн көрүнөөгө чыгарыш керек.
Кин ХАББАРД.
Саясат - бул билим эмес, искусство.
Отто БИСМАРК.
Түбөлүктүү дос да жок, түбөлүктүү кас да жок, кызыкчылыктар гана бар.
Отто БИСМАРК.
Тынчтыкты кааласаң - ага кара жаныңды карч уруп, өмүрүңдүн ар бир күнүн арна, ар бир күнүңдүн ар бир саатын арна.
Арнольд ЦВЕЙТ.
Убакыт - улуу мугалим.
Эдмунд БЁРК.
Чынчылдык - чыныгы күч, аны митаамдар гана түшүнүшпөйт.
Артуро ГРАФ.
Шайы ооздук - бары бир ооздук.
Колли СИББЕР.
Эгерде Кудай теңчиликти сүйсө, жакшы адамдарга жакшылыкты, жаман адамдарга - жаманчылыкты ыйгарбайбы. Бирок таптакыр андай эмес.
Квинт ЭННИЙ.
Эгерде "меники", "сеники" деген түшүнүктөр жок болсо, жер жүзүндө санжыргалуу бейпилчилик орнойт эле.
Генри ФИЛДИНГ.
Эки гана нерсе адамга Кудай тариздүү касиет берет: коомдун жыргалчылыгы үчүн жашоо жана чынчылдык.
ПИФАГОР.
Элге цивилизациядан акыйкат артык.
Пьетро КОЛЛЕТТА.
Элди кээде алдаса болот, бирок сатып алуу мүмкүн эмес.
Жан Жак РУССО.
Эркиндик менен ден соолук окшош: алардан ажыраганда гана "аттиң!" дейсиң.
Анри БЕК.
Эркиндиктин дарагы кез-кез патриоттор менен тирандардын канына сугарылып турушу керек. Бул - ал үчүн табигый азык зат.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.
Адабият жонундо улуу адамдардын айткандары
Адабият - бул күнкор эмес, эркин өнөр, эгер ал сатылгыч болсо - баасы сокур тыйын.
Никола ФОСКОЛО.
Адабият - коомдук кубулуш.
Генрих МАНИ.
Адамдын акылдуулугу берген жообунан эмес, берген суроосунан билинет.
Гостон де ЛЕВИС.
Акын менен сүрөткердин мейкини чексиз.
Виктор ГЮГО.
Акындар таманын соргон аюуга окшош.
Иоганн ГЁТЕ.
Акынды түшүнөм деген анын туулган жерине барсын.
Иоганн ГЁТЕ.
Аккуунун көркү - сууда. Суусуз жерде - казга тең.
Жильбер СЕСРОН.
Акылдуу ойлор унутулат, бирок өлбөйт.
Публилий СИР.
Америкада президент төрт жыл бийлик кылат, а журнализм - түбөлүк.
Оскар УАЙЛД.
Ар бир өрттөлгөн китеп дүйнөнү жарык кылат.
Ральф ЭМЕРСОН.
Архитектура - сенип калган музыка.
Фридрих ШЕЛЛИНГ.
Асыл ташка кир жукпайт.
Даниель ЗАНДЕРС.
Атак-даңк - мыскалдап ичкен уу.
Оноре де БАЛЬЗАК.
Бар мүмкүнчүлүгүн жумшап, бирок жеңишке жетпегенди айыпташ - бекер.
Джордж ВАШИНГТОН.
Бирдеме айтам деген эмес, айтар сөзү бар адам жазуучу болот.
ФИЦДЖЕРАЛЬД.
Жазуучу не бир шумдук кереметтерди жаратып салып, бирок, көрүнбөй жүргөн Кудай сыңары жупуну болуш керек.
Густав ФЛОБЕР.
Живопись - бул көз менен көрчү поэзия, а поэзия - бул кулак менен укчу живопись.
Леонардо да ВИНЧИ.
Издегенге - адашуу парз.
Иоганн ГЁТЕ.
Келдим, көрдүм, жеңдим.
Гай СВЕТОНИЙ.
Келесоолор жазганды келесоолор окуйт.
Марк ТВЕН.
Келесоолор - өз жаңылыштыгынан, акылдуулар - өңгөлөрдүн жаңылыштыгынан таалим алат.
Отто БИСМАРК.
Кол чабуулар - акылдууларга камчы, кем акылдарга - сөөлөт.
Чарльз КОЛТОН.
Композитор - бул да акын.
Людвиг ван БЕТХОВЕН.
Көп учурда кооз уйкаштар чолок ойлорго балдак катары кызмат кылышат.
Генрих ГЕЙНЕ.
Кээде көрүүчүнү ыйлаткан драматургду макташат, андай талант пиязда да бар.
Генрих ГЕЙНЕ.
Мактанчаак суроолор болбойт, мактанчаак жооптор болот.
Оскар УАЙЛД.
Менин китептерим - суу, генийлердики - шарап. Сууну болсо - ар бир адам ичет.
Марк ТВЕН.
Мыкты сынчы - мыкты жазуучу.
Абель ВИЛЬМЕН.
Падышалардын кулаганы - тыйынчалык, мен үчүн накты алаамат - дыйкандын өрткө кеткен үй-жайы.
Иоганн ГЁТЕ.
Сөз түгөнгөн жерде - музыка башталат.
Эрнест ГОФМАН.
Тоо үстүндө кумурскага да канат бүтөт.
Мигель де СЕРВАНТЕС.
Туруктуу болгондун кажети аз, чынчыл болуш керек.
Ральф ЭМЕРСОН.
Уксун десең - кыйкырып айт, тыңшасын десең - шыбырап айт.
Франсуа де ЛАРОШФУКО.
Ушакка унчукпасаң - өзү эле жаагы жап болот.
Публий ТАЦИТ.
Фашизм - бандиттер ойлоп тапкан алдамчылык, ага жан тарткан жазуучу кысыр калган дарактай.
Эрнест ХЕМИНГУЭЙ.
Чоң акындар чыгыш үчүн чоң аудитория керек.
Уолт УИТМЕН.
Чындык асыл таш сыңары, аны кооздоп, нурдантып сонундоонун эч кажети жок.
Джордж САНТАЯНА.
Чындык - ашыкпайт, анткени, анын басар жолу алыс.
Артур ШОПЕНГАУЭР.
Чындык - дайыма энеден туума жылаңач болот.
Томас ФУЛЛЕР.
Чындыктан коркпогон адам - калптан да коркпойт.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.
Чыныгы акындар - пайгамбарлар.
Пьер ЛЕРУ.
Ыйлактаба, ырсаңдаба, түшүн.
СПИНОЗА.
Ыр - гүлдөн жасалган терезе.
Иоганн ГЁТЕ.
Эгер сен бактысыз болсоң - аныңды окурманыңа айтпа.
Исидор ЛОТРЕАМОН.
Эгерде китепте жазылгандардын сексен гана проценти чындык болсо, ал китеп жүз процент жалганчы.
Жак РОСТАН.
Экинчи ирет окулбай турган китеп бир жолу окулгандан айлансын.
Карл ВЕБЕР.
Эң коркунучтуу калп - бурмалап айтылган чындык.
Георг ЛИХТЕНБЕРГ.
ДОСТУК, ЭРДИК, АР-НАМЫС
Адамды жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек.
ДЕМОКРИТ.
Адамды өлтүрүүгө болот, бирок, жеңүүгө болбойт.
Эрнест ХЕМИНГУЭЙ.
Азезилди алдаган - күнөө эмес.
Даниель ДЕФО.
Айкөл жүрөк мухит сыңары. Ал эч качан тоңбойт.
Карл БЁРНЕ.
Акылдуу адам - кечиримдүү.
Адам МИЦКЕВИЧ.
Акын менен аргымакка семирген жарашпайт.
Карл IX
Ар адамдын жүрөгүндө өз элинин кичинекей сүрөтү жүрөт.
Густав ФРЕЙТАГ.
Ата болуш - оңой. Атанын милдетин аткарыш кыйын.
Вильгельм БУШ.
... баатырлардын өлүмү Күн баткандай.
Карл МАРКС.
Байлыгың - досуң эмес, досуң - байлыгың.
Иоанн СТОБЕЙ.
Балдарыңдан күткөн мамилени ата-энеңе өзүң жаса.
Джакомо ЛЕОПАРДИ.
Бийликке жеткен досуңдан ажырадым дей бер.
Генри АДАМС.
Билимдүүлүк - көп билгенде эмес, колдоно билгенде.
Адольф ДИСТЕРВЕТ.
Бирөөнүн сырын айтыш - чыккынчылык, өз сырыңды айтыш - макоолук.
ВОЛЬТЕР.
Гений - бир процент шык жана токсон тогуз процент аракет.
Томас ЭДИСОН.
Дипломат - аял кишинин туулган күнүн унутпай, бирок, жашын билбеген адам.
Роберт ФРОСТ.
Душмандан арылыш үчүн - аларды дос кылып тын.
ГЕНРИХ IV
Жакшы нерсе - дайыма сейрек.
Марк ЦИЦЕРОН.
Жакшы хирургдун көзү - бүркүттүкүндөй, жүрөгү - арстандыкындай, колу аялдыкындай болуш керек.
Джон РЕЙ.
Жалган докторуңдан өзүң сактан, душмандарыңды мага кой. (Поляк королу Ян Собескийдин кылычындагы жазуу).
Жаман дос - душмандын мыктысы.
Жан Батист МОЛЬЕР.
Жек көрүүнү жашырса болот, сүйүүнү жашырса болот, асты көңүл коштукту жашырыш кыйын.
Карл БЁРНЕ.
Жүз мугалимден жалгыз ата артык.
Джордж ГЕРБЕРТ.
Жүздүн кызарганы - адам баласындагы касиеттердин эң мыктысы.
Чальз ДАРВИН.
Жыргап уктайм десең - төшөккө таза абийириң менен жат.
Бенджамин ФРАНКЛИН.
Ит менен мышык достошсо - ашпозду Кудай сактай гөр!
Стефан ЦВЕЙГ.
Ичи жарык адамдын - жүзү да жарык.
Иоганн ШИЛЛЕР.
Калптын канчалык пайдалуу экенин аялдар менен врачтар гана билет.
Анатоль ФРАНС.
Кармашка башты байладык, калганын көрө жатарбыз.
НАПОЛЕОН I.
Карт дарак жакшы күйөт, картаң аттын жүрүшү тынч, эски китепти окуган кызык, эски шарапты ичсең - жагымдуу, эски досторуң - ишенимдүү.
Леонард РАЙТ.
Качкан душманга алтын көпүрө сал.
Публий СЦИПИОН.
Ким аз ойлонсо - көп жаңылат.
Леонардо да ВИНЧИ.
Ким убада берсе - ал карыздар.
Фридрих ГАГЕДОРН.
Көп адамга бакыт тартуулаган адам - бактылуу.
Дени ДИДРО.
Курман болгондорго эңкейген адам - бардыгынан бийик.
Роберт ИНГЕРСОЛЛ.
Мен адаммын. Адамдагы бардык касиет мага жат эмес.
Публий ТЕРЕНЦИЙ.
Нан, тузсуз жашоо жок,
Ата журтсуз жашоо жок.
Виктор ГЮГО.
Начар досуң болгуча, начар душманың болсун.
Генри ШОУ.
Өз абийириңдин алдында таза бол, эл эмне десе ошо десин.
Мигель де СЕРВАНТЕС.
Өзгөнүкүнө көз арткан - өзүнүкүнөн ажырайт.
ФЕДР.
Өз ишенимин коргой алган - мыкты жоокер.
Александр ГУЛБОЛЬДТ.
Өзүн сүйгөн - өңгөлөрдү жек көрөт.
Фелисите ЛАМЕННЕ.
Өзүңдү өтө сүйсөң - өзүңө өзүң душмансың.
Эбнер - ЭШЕНБАХ.
Өңгөлөр сени сүйбөсө да, кадырлоого тийиш.
Бернар ФОНТЕНЕЛЬ.
Өңгөнү басынтсаң, мени да басынтканың.
Уолт УИТМЕН.
Сандырак ойлор ар адамдын башына келет, бирок, акылдуу адам гана аны тишинен чыгарбайт.
Вильгельм БУШ.
Сени аяган - дос эмес, сага жардам берген - дос.
Томас ФУЛЛЕР.
Соргоктун өзүн тойгузсаң да, көзүн тойгуза албайсың.
Уильям КЭМДЕН.
Толтура аякты аяр көрөт.
Томас ФУЛЛЕР.
Топугу жок бай - кедейдин кедейи.
Эразм РОТТЕРДАМСКИЙ.
Улуу адамдар эч бир ишти чалагайым жасашпайт.
Христофор ВИЛАНД.
Улуулардын өмүрү өлөр замат башталат.
Жан Люсьен АРРЕА.
Улуу нерсе менен күлкү болчу нерсенин ортосу - бир атам.
НАПОЛЕОН I.
Үн-сөзү жок эң мыкты үгүтчү - кумурска.
Бенджамин ФРАНКЛИН.
Үч адам билген нерсени - жүз адам билет.
Иоганн АГРИКОЛА.
Чоң жакшылык үчүн кичинекей да жамандык жасаба.
Блез ПАСКАЛЬ.
Чындыкты укаанды жакшы көрсөң, чындыкты сүйлөй бил.
Юзеф КРАШЕВСКИЙ.
Экинчиси билбеген сырды экөөлөп жашырса болот.
Уильям ШЕКСПИР.
Эне тилиң менен Ата журтуңдун кадырын чет жерден билесиң.
Густав ФРЕЙТАГ.
НААДАНДЫК, ПАСТЫК, ТҮРКӨЙЛҮК
Азга ыраазы болбогон - көптөн ажырайт.
МЕНАНДР.
Айтар эчтемеси жоктордун сөздөрү - маанисиз.
ВОЛЬТЕР.
Акмактарды бактылуу кылган - Кудайлардын чыккынчылыгы.
Андре ШЕНЬЕ.
Акчадан башка эч нерсеси жок адам - бечара.
Артуро ГРАФ.
Акылдуу ой жүгүртүп, акылсыз иш жасагандар аз эмес.
Анатоль ФРАНС.
Аялды сүйлөткөнгө миң амал бар, бирок, оозун тыйганга бир да амал жок.
Гийом де БУШЕ.
Баарын мактаган адам - бир адамдын да кадырына жете албайт.
Самюэл ДЖОНСОН.
Баарын мактаган адамга - ишенбе.
Джон КОЛЛИНЗ.
Байлык деген - деңиз суусундай, ичкен сайын суусунуң канбайт.
Артур ШОПЕНГАУЭР.
Билген жасайт, жасай албаган - үйрөтөт.
Бернард ШОУ.
Бирөөгө сылык ийилип жатып, бирөөгө аркабызды салабыз.
Иоганн ГАМАН.
Душмандан да өрнөк ал.
ОВИДИЙ.
Жалган тарыхчыларды жалган акча жасагычтарча өлүм жазасына тартыш керек.
Мигель де СЕРВАНТЕС.
Жалганчынын чын сөзү да сая кетет.
Марк ЦИЦЕРОН.
Жалкоого жиниң келбесе - сен да анын түгөйүсүң.
Эдгар ХОУ.
Жамандарды колдогондук - жакшыларды кордогондук.
Публилий СИР.
Жамандыкты көргөн адам - унутат, жамандыкты жасаган адам - унутпайт.
Анри МАРЕ.
Жер үстүндө алдамчыларга караганда аңкоолор көп, андай болбосо, алдамчылар кантип күн көрөт?
Сэмюэл БАТЛЕР.
Жоокерлер кармашта эмес, качканда көп кырылат.
Сельма ЛАГЕРЛЁФ.
Жүздөгөн кой чогулуп, бир карышкырча жок.
Иоганн ГЁТЕ.
Жүзү каралардын ичинен чечендер да чыгат.
ДЕМОКРИТ.
Келесоо жамгырдан сууга кирип жашынат.
Ромен РОЛЛАН.
Келесоолорго Кудайдын да алы жетпейт.
Иоганн ШИЛЛЕР.
Коммерсанттын Мекени - анын чөнтөгү.
Шарль ШЕНШОЛЬ.
Консерватор - эки саны соо, бирок, баса албаган адам.
Франклин РУЗВЕЛЬТ.
Коркок адам эр жүрөк адамга караганда чырга жакын.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.
Кошомат жасай билген адам каралаганды да билет.
НАПОЛЕОН I.
Кошоматчылардан корккула, алар - чүмбөт тартынган уурулар.
Уильям ПЕНН.
Көзү туруп көрө билбеген адам - даана сокур.
Джонатан СВИФТ.
Көп сүйүнгөн пенделер макоо болуп тынышат.
Оноре де БАЛЬЗАК.
Кулаалынын уясынан шумкарды күтпө.
Вальтер СКОТТ.
Кумарга берилген адам аярлыктан ажырайт.
Андре МОРУА.
Кумар - эс-акылдын мастыгы.
Роберт САУТИ.
Куу кекиртек үйрөтпөгөн кесип жок.
Генри БОН.
Кээ бир адамдар ойлонбой туруп иш жасайт, кээ бирөөлөр - ойлонот, бирок, ищти жасабайт.
Николо ФОСКОЛО.
Кээ бир жандар убадасын аткарбагандан жа ыракат алат.
Уильям ГЭЗЛИТТ.
Кээ бир кишилерди жакшылык кылгандыгы үчүн эмес, жамандык кылбагандыгы үчүн сыйлаш керек.
Клод ГЕЛЬВЕЦИЙ.
Макоонун тили - макиден курч.
Генри ШОУ.
Мактанар эчтемеси жоктор көргөн кордугун айтып мактанат.
Артуро ГРАФ.
Мактоону ким сүйбөйм десе - ал аны дайыма уккусу келген адам.
Франсуа де ЛАРОШФУКО.
Митайымдык караңгылыктын кампасы.
Филип ЧЕСТЕРФИЛЬД.
Намыянга түкөндүн баары - киреше эмес.
Лоренс СТЕРН.
Олдоксон колго розанын тикени өч.
Генрих ГЕЙНЕ.
Эрки менен кул болгондон артык кордук жок.
Кенже СЕНЕКА.
Өзүн башкара албаган адам - өңгөлөрдү башкара албайт.
Уильям ПЕНН.
Өзүнө өтө ыраазы адам - өтө таарынчаак келет.
Юзеф КРАШЕВСКИЙ.
Өтө сыйчылдык - кошоматчылыктын өтө купуя, өтө сыпайы түрү.
Уильям ШЕНСТОН.
Сага бирөөнү жамандаган, эртең сени жамандайт.
Дени ДИДРО.
Сенин мушуңа жооп бербеген адамдан сактан.
Бернард ШОУ.
Соргоктон өздөрүнө тиши менен көр казат.
Анри ЭТЬЕН.
Сүйлөй албасаң - укканды үйрөн.
Марцелл ПОМПОНИЙ.
Тез жыйнаган дүнүйө - тез жоголот.
Шарлотта БРОНТЕ.
Түлкү терисин жамынган мактоодон корк.
ГОРАЦИЙ.
Убада - макоолор түшкөн тор.
ГРАСИАН.
Унчукпагандык - келесоолордун кеменгерлиги.
Публилий СИР.
Үйдөн чыкпас конокко - карыз акча бере сал.
Бенджамин ФРАНКЛИН.
Үйүндө - арстан, сыртта түлкү.
Гай ПЕТРОНИЙ.
Үйүндө зөөкүр адам көпчүлүк алдында кул кейпин кийет.
Публилий СИР.
Ширин сүйлөнгөн сөздө уу да болот.
Публилий СИР.
Эгерде келесоолор базарга барбаса, жараксыз товарларды ким алат эле?
Рэндл КОТГРЕЙВ.
Эркекти - бычмалга айлантса болот, бирок, бычмалды - эркекке айланта албайсың.
АРКЕСИЛАЙ.
Эскирип айтар эчтемеси жок адам - башы кара, буту айры жан.
Арман САЛАКРУ.
Эч нерсе жасабагандык - жумуштун эң эле кыйыны.
Оскар УАЙЛД.
ӨМҮР, ӨЛҮМ, СҮЙҮҮ, БАКЫТ
Адам Ай сыңары. Анын да караңгы жагы болот.
Марк ТВЕН.
Адам баласы жарыкта - караңгыны, кубанычта - кайгыны, токчулукта - жокчулукту ойлонбойт. Бирок, караңгыда - жарыкты, кайгыда - кубанычты, жокчулукта - токчулукту дайыма ойлойт.
Иммануил КАНТ.
Адамдын өмүрүнүн биринчи жарымын экинчи жарымын бүлдүргөндөй жашашат.
Жан ЛАБРЮЙЕР.
Ажырашкан сүйүүлөр шамал тийген отко окшош: үлпүлдөгөнүн өчүрөт, өчө элегин - жалбырттатат.
Бюсси - РАБЮТЕН.
Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктырыш кыйын.
СОКРАТ.
Аялдар кызганычты кечирет, бирок кызганычсыз сүйүүнү кечирбейт.
Поль Жан ТУЛЕ.
Аялдыкы туура эмес болсо, биринчи иретте, андан кечирим сураш керек.
Франсис де КРУАССЕ.
Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың.
Артуро ГРАФ.
Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот.
Андре ТЕРЬЕ.
Бакыт кайдан жараларын айтыш кыйын. Буга байлык да, кедейлик да себеп боло албайт.
Кин ХАББАРД.
Бакытка маарыган адам - акылынан ажырайт.
Публилий СИР.
Бакыттын Кудайы - Фортуна эле сокур эмес, кээде ал бактылуу кылган адамдар да сокур.
Марк Тулий ЦИЦЕРОН.
Баладай эч ким сыр катпайт.
Виктор ГЮГО.
Бирөөнүн бактысы бирөөгө жугушу мүмкүн. Бирок, бакыттын эпидемиясы жок.
Жорж НЕВЁ.
Бирөөнүн бактысы бирөөгө ополтоодой сезилет.
Шарль Луи МОНТЕСКЬЕ.
Дени соо адам - табияттын асыл баа чыгармасы.
Томас КАРЛЕЙЛЬ.
Дени соо кайырчы - оорулуу падышадан бактылуу.
Артур ШОПЕНГАУЭР.
Дон Кихотко эч бир жери окшобогон адам - бактысыз.
Анатоль ФРАНС.
Жакшы күйөө балага жолуксаң - уулдуу болдуң, жаман күйөө балага жолуксаң - кызыңан ажырадың.
ДЕМОКРИТ.
Жарык үйдө - көөнүң да жарык.
Эрнст фон ФЕЙХТЕРСЛЕБЕН.
Жек көрүүнүн да чеги болуш керек.
НАПОЛЕОН I.
Жолоочу кембагал каракчынын атасынан да коркпойт.
ЮВЕНАЛ.
Жүрөккө бырыш түшпөйт, тырык түшөт.
Габриэль КОЛЕТТ.
Кайгыңды шарапка чөктүрөм дебе, ал баары бир калкып чыгат.
Ие МИРАНД.
Канчалык кары болсоң да - бир жыл өмүр сүрө аласың, канчалык жаш болсоң да - ажалдан кача албайсың.
Фернандо де РОХАС.
Карылыкка каршы туруш керек.
Марк ЦИЦЕРОН.
Кечириш оңой, бирок, унутуш кыйын.
Август ПЛАТЕН.
Кеч төрөлгөн балдар - эрте жетимдер.
Бенджамин ФРАНКЛИН.
Көз көрбөгөндү жүрөк самабайт.
Мигель де СЕРВАНТЕС.
Кумара менен ташты урсаң деле, таш менен кумараны урсаң деле - кумара сынат.
Мигель де СЕРВАНТЕС.
Кызганчаактык - сүйгөндүк эмес, жамандык издегендик.
Даниель ЗАНДЕРС.
Оору - миң, ден соолук - жалгыз.
Людвиг БЕРНЕ.
Өмүр - адамга берилген карыз.
Публилий СИР.
Өмүр бою бактылуу болом десең - чынчыл бол.
Томас ФУЛЛЕР.
Өмүрдү узартуунун башкы сыры - аны кыскартпаганга аракет жасоо.
Эрнест фон ФЕЙХТЕРСЛЕБЕН.
Өмүр - өтө кыска нерсе, кыйналып жашаганда гана убакыт өтпөгөндөй сезилет.
Публилий СИР.
Сүйүүдө даанышмандык жок.
Франсис БЭКОН.
Сүйүүнүн көз айнеги жезди алтын кылып көрсөтөт.
Мигель де СЕРВАНТЕС.
Сүйүүсүз эрди-катын - закондошкон ойноштук.
Андре МОРУА.
Сүйүү унчукпай келип, унчукпай кетет.
Ромен РОЛЛАН.
Тамак ичиш үчүн жашабай, жашаш үчүн тамак ич.
СОКРАТ.
Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, бирок, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат.
Франсуа ШАТОБРИАН.
Түлкүдө амал көп, бирок, кирпинин бир амалы баарынан артык.
ПЛУТАРХ.
Үмүт - кембагалдын наны.
Джордж ГЕРБЕРТ.
Үч нерсе кайра кайрылбайт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр.
Георг ДАУМЕР.
Шамал шамды өчүрөт, бирок, өрт да чыгарат.
Франсуа де ЛАРОШФУКО.
Эски чөптү өрттөш оңой, өчүрүш кыйын.
Мигель де СЕРВАНТЕС.
==МАКАЛ-ЛАКАПТАР== копту корсо кол болот
АКЫЛ, МЭЭНЕТ, АКЫБЕТ
Абийирдүү жигитке -
Ажалдуу кийик жолугат.
Аздын азанчысы болгуча,
Көптүн казанчысы бол.
Айдын жарыгында жүргөнчө,
Күндүн көлөкөсүндө жүр.
Айыл башы болгуча,
Суу башы бол.
Акылдуу отко карайт,
Акмак казанга карайт.
Акыркы төөнүн жүгү оор.
Алган эри жарашса,
Кара катын ак болот.
Баккан ээси жарашса,
Күйпүл күчүк сак болот.
Алыстан арабалаганча,
Жакындан дорболо.
Арстандай күчүң болсо,
Түлкүдөй куулукту үйрөн.
Атан төө мас болсо,
Тайлак менен дос болот.
Ат башына күн түшсө,
Ооздугу менен суу ичет.
Эр башына күн түшсө,
Өтүгү менен суу кечет.
Ачтын - тогу,
Арыктын - семизи бар.
Бакылдаган текени
Суу кечкенде көрөбүз.
Такылдаган келинди
Үй чечкенде көрөбүз.
Башка түшсө -
Байтал жорго болот.
Бүткөн ишке - сынчы көп.
Дөөлөт басса - ат басат,
Мээнет басса - бит басат.
Дыйкан өгүздөй күчүн берсе,
Жер инектей сүтүн берет.
Жакшы абысыныңа баргыча,
Жаман сандыгыңды аңтар.
Ичпей-жебей бакыл бол,
Бай болбосоң - мага кел.
Иши алга кеткендин -
Ити чөп жейт.
Иши керине кеткендин -
Келини ууру кылат.
Каман өлсө - тиши калат,
Адам өлсө - иши калат.
Келген жериңден
Кеткен жериң аруу болсун.
Келин жаман эмес,
Келген жери жаман.
Керегем, сага айтам,
Келиним, сен ук.
Уугум, сага айтам,
Уулум, сен ук.
Колуңда жок болсо,
Атаң да жат.
Көйнөкчөндү чапсаң,
Чапанчанга доо кетет.
Көмүрчүгө - темирчи үйүр.
Көп сөз - көмүр,
Аз сөз - алтын.
Кулча иштеп,
Бийче ич.
Куурдактын акесин
Төө сойгондо көрөсүң.
Кызды бала дебегенди
Мухаммед үмөтүм дебейт.
Кыламыктан - бут сынат,
Буламыктан - тиш сынат.
Кыябын тапса - кар күйөт.
Отуз уулуң болгончо,
Осураак чалың болсун.
Өлө жаман болбосоң -
Өлө жарды болбойсуң.
Таранчыны сойсо да,
Касапчы сойсун.
Таңкы суукка калсаң да,
Кечки суукка калба.
Энеден кийин - төркүн жок,
Эрден кийин - урмат жок.
Энесин көрүп, кызын ал,
Эшигин көрүп, төрүнө өт.
Эр азыгы - элден,
Бөрү азыгы - жолдон.
ӨМҮР, ӨЛҮМ, ПЕНДЕЧИЛИК
Абышка өлсө - ат бошойт,
Кемпир өлсө - төр бошойт.
Адам ашка тойсо да,
Жашка тойбойт.
Ажыдаардын куйругун баспай,
Башын бас.
Айгыры - ала болсо,
Кулуну - кула болот.
Айран ичкен - кутулат,
Челегин жалаган - тутулат.
Айран сураган -
Аягын жашырбайт.
Айт да болор,
Айттын эртеси да болор.
Айыгар дарттын дабасы -
Өзү табылат.
Алты катын азага барса,
Ар кими өз муңун айтат.
Артыкча дүңгүрөгөн -
Акырында мүңгүрөйт.
Атадан алтоо болсо да,
Ар жалгыздык башта бар.
Атаң өлсө - тайлак бар,
Кому жерде калган жок.
Ага өлсө - ини бар,
Тону жерде калган жок.
Атасы өлгөн - уктайт,
Ач жаткан - уктабайт.
Ат жашарып - кунан болбойт,
Эр жашарып - улан болбойт.
«Ат кечкен суу», - деп,
Аюу ичет.
«Кой кечкен суу», - деп,
Бөрү ичет.
Ат оонаган жерде - түк калат.
Айран төгүлгөн жерде - жук калат.
Атты көрсө - бут талыйт.
Аш койгонго - аш кой,
Таш койгонго - таш кой.
Байдыкы - барман менен,
Кедейдики - дарман менен.
Байлык - не дедирбейт,
Жоктук - не жедирбейт.
Бай мактанса - табылар,
Жок мактанса - чабылар.
Баймын деп, мактанба,
Жокмун деп, суктанба.
Бейиштин ашын көрмөк бар,
Жемек жок.
Берген - март эмес,
Алган - март.
Берип, берен болгуча,
Бербей - сараң бол.
Бирге жүрмөк бар,
Бирге өлмөк жок.
Бирөө жете албай жүрсө,
Бирөө кете албай жүрөт.
Бирөөнүн жамандыгын тилегенче,
Өзүңдүн амандыгыңды тиле.
Бирөөнүн үйүн чечмек бар,
Тикмек жок.
Биттүү конок - жатпайт,
Иттүү конок - батпайт.
Болор кулун - желеде жулкунат,
Болор бала - бешикте жулкунат.
Бөдөнөнүн жатагын көр да,
Этине таарын.
Бөрү арыгын билгизбей,
Итке жүнүн үрпөйтөт.
Дат - темирди жейт,
Дарт - өмүрдү жейт.
Дубана таарынса -
Куржунуна зыян.
Жакшы кыздын башына -
Бермет менен шуру ойнойт.
Жаман кыздын башына -
Какач менен кир ойнойт.
Жорго минген -
Жолдошунан ажырайт.
Көп жашаган -
Курдашынан ажырайт.
Жылкы кишенешкенче,
Адам - сүйлөшкөнчө.
Ит күлүгүн - түлкү сүйбөйт,
Ичи ооруган - күлкү сүйбөйт.
Иттин - ээси болсо,
Карышкырдын - Кудайы бар.
Ичип, арактын көөнүн алган -
Кусуп, Кудайдын көөнүн алат.
Казанга түшкөн - капка түшпөйт.
Кара далы - эр тандабайт,
Жыгылар адам - жер тандабайт.
Кара жерге кар жааса,
Карды көргөн - бир мурат.
Кара жерден кар кетсе,
Жерди көргөн - бир мурат.
Кел демек - бар,
Кет демек - жок.
Келгенче - конок уялат,
Келгенден кийин - үй ээси уялат.
Көчкөндөн отун артат,
Өлгөндөн катын артат.
Киши аты - терчил,
Киши кийими - кирчил.
Кушту жырткыч кылган - тырмагы,
Киши сүрдүү кылган - мансабы.
Кызыктан кызык - кызды көр,
Өзгө эрибей, жатка эрийт.
Кызыктан кызык - тузду көр,
Майга эрибей, сууга эрийт.
Кырк жылы кыргын болсо,
Бейажал чымын өлбөйт.
Мансапка мас болгон -
«Көлгө көпүрө салам», - дейт.
Меймандын тогу - жакшы.
Миң кишинин атын билгенче -
Бир кишинин сырын бил.
Мурунку конок
Кийинки конокту сүйбөйт.
Оозунда келмеси бардын -
Башында селдеси бар.
Оорулуу өлбөйт,
Ажалдуу өлөт.
Өлөт деген - өлгөн жок,
Өгүз минген - калган жок.
Чалдын көркү - сакал,
Сөздүн көркү - макал.
Эрди - карыганда,
Атты - арыганда көр.
Эт көрбөгөн - чоң сугунат,
Ун көрбөгөн - бор сугунат,
Туз көрбөгөн - шор сугунат.
ДОСТУК, ЭРДИК, АР-НАМЫС
Ажырашар дос
Ээрдин арткы кашын сурайт.
Айткан сөз - алышкан кол.
Айтпа,
Айткандан соң кайтпа.
Айыл ити ала болсо да,
Бөрү көрсө чогулат.
Акмак достон -
Акылдуу душман артык.
Ак сооттун жакасы бар,
Жеңи жок.
Азаматтын ачуусу бар,
Кеги жок.
Алдыңа келсе -
Атаңдын кунун кеч.
Аңдышкан - айыл конбойт,
Эсептешкен - дос болбойт.
Аргымак аттын жакшысы -
Азыраак оттоп, көп жуушайт.
Азамат эрдин жакшысы -
Азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
Аргымак аттын куйругу -
Бирде жибек, бирде кыл.
Эр жигиттин белгиси -
Сыртта - мырза, үйдө - кул.
Атанын уулу,
Аргымактын кулуну.
Аттан айрылсаң - айрыл,
Ээр токумдан айрылба.
Ат - эриндүү болот,
Эр - мурундуу болот.
Аш жебесем таш жейин,
Этегиң жапчы, кудагый.
Басмайылдын кадырын
Ээси билбей, ат билет.
Эр жигиттин кадырын
Агайын билбей, жат билет.
Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны.
Дос - башка,
Душман - бутка карайт.
Досуң берген малдын тишин ачпа.
Досуң миң болсо да - аз,
Душманың бирөө болсо да - көп.
Жакшы деген - бир ат,
Кууса жеткис.
Жаман деген - бир ат,
Жууса кеткис.
Жакшы тилек - жарым ырыс.
Жарды болсоң - ардуу бол.
Жаш чыбыктын ийилгени -
Сынганы.
Жаш жигиттин уялганы -
Өлгөнү.
Жигиттин сөзү өлгөнчө -
Өзү өлсүн.
Жигиттин түсүн айтпай,
Ишин айт.
Жылкычынын бир көргөнүн -
Хан көрбөйт.
Бир көргөнүн -
Ит көрбөйт.
Ийигленге - ийилгин,
Атаңдан калган кул эмес.
Какайганга - какайгын,
Падышанын уулу эмес.
Ийне - көзүнөн,
Уй - мүйүзүнөн,
Адам - сөзүнөн сынат.
Калыңсыз кыз болсо да,
Каадасыз кыз болбойт.
Каниет - карын тойгузат.
Катуу сөз - камчы,
Жылуу сөз - укурук.
Кийиз сатсаң - айылыңа сат,
Бир чекесин салына жат.
Куда болгуча -
Кулундуу бээңди сураш.
Куда болгондон кийин
Кул да болсо сыйлаш.
Өз агасын агалай албаган -
Жат агасын сагалайт.
Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.
Сулуунун көркү - көзүндө,
Жигиттин көркү - сөзүндө.
Сунулган моюнду
Суурулган кылыч кеспейт.
Тууган - күйдүрүп айтат,
Душман - сүйдүрүп айтат.
Уул - уйгак, кыз - кыроо.
Үйүрүн сагынбас - ат болбойт,
Элин сагынбас - эр болбойт.
Чөбү жок деп - жерден түңүлбө,
Малы жок деп - эрден түңүлбө.
Эки жакшы жайлоого чыкса -
Кудалашып түшөт.
Эки жаман жайлоого чыкса -
Кубалашып түшөт.
Эр жарасыз болбойт.
ЫНТЫМАК, ЫРЫС, БЕРЕКЕ
Агайындын азары болсо да,
Безери болбойт.
Агайын таттуу болсо -
Ат көп.
Абысын таттуу болсо -
Аш көп.
Адам курсагынан эмес,
Кулагынан арыктайт.
Адашкандын айыбы жок -
Айланып үйрүн тапкан соң.
Айга жетпес ашыңды -
Айылдаштан аяба.
Алыс жерге куда болсоң -
Артынчактап аш келер.
Жакын жерге куда болсоң -
Түрдүү ушак сөз келер.
Алыстагы туугандан -
Жакынкы коңшу артык.
Барса - базар, келсе - кербен.
Баш айрылса - бөрк ичинде,
Кол сынса - жең ичинде.
Бир күнү уруш болгон үйдөн
Кырк күнү береке кетет.
Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба.
Дарак мөмөлөгөн сайын ийилет.
Жакшы кыз - эрден чыкпайт,
Эрден чыкса - элден чыкпайт.
Жакшы сөздү айбан да түшүнөт.
Жакшы таз - башын жашырбайт,
Жакшы аял - ашын жашырбайт.
Жалгыз кыз - жалама туз,
Эки кыз - эрмек кыз,
Үч кыз - ата-энеге күч кыз.
Жалгыз таруу ботко болбойт.
Жашы улуу - жаны курбу.
Жол кууган - казынага жолугат,
Сөз кууган - балаага жолугат.
Жылуу сөз -
Жыланды ийинден чыгарат.
Кеңешип кескен бармак оорубайт.
Конок «бышты» десе,
Ала бакандагы эт да бышат.
Конок койдон жоош.
Коноктун алдына - аш кой,
Эки колун бош кой.
Коңшуң сокур болсо - көзүң кыс.
Көйнөк кири - жууса кетет,
Көңүл кири - айтса кетет.
Көп бергенден - тез берген.
Көч жүрө-жүрө түзүлөт.
Күндө келген - күл ууртайт,
Айда келген - май ууртайт.
Кылыч жарасы бүтөт,
Сөз жарасы бүтпөйт.
Макал атасы - сөз,
Мата атасы - бөз.
Меймандын өзүн бакпай,
Атын бак.
Мейманыңдын көзүнчө
Мышыгыңды «мыш!» дебе!
Оорунун алын сурасаң -
Айыкканга тете.
Отуз тиштен чыккан сөз -
Отуз уруу элге тарайт.
Оң колуңдун ачуусун -
Сол колуң менен бас.
Өгүз өлдү - орток айрылды.
Өзүңө өзүң бек болгун,
Коңшүңду ууру тутпагын.
Өлө жегенче -
бөлө же.
Өткөн өмүр,
Калган көңүл табылбайт.
Өткөн өчү бардын - кетпес кеги бар.
Сөөк - кайрылат, дос - айрылат.
Сөз сөөктөн өтүп, чучукка жетет.
Сөз тапканга - колко жок.
Таш, ташты эриткен - аш.
Тилден бал да, уу да тамат.
Үйүңө келгенге -
Үйдөй таарынычыңды айтпа.
Чакырганда - барбаган,
Ымдаганга зар болор.
Эжелүү кызга - эчки тон.
Эки тоо көрүшпөйт,
Эки адам көрүшөт.
Эрте турган жигиттин -
Ырысы артык.
Эрте турган аялдын -
Бир иши артык.
Ээсин сыйласаң -
Итине сөөк сал.
ЖАЛКООЛУК, САРАҢДЫК, НААДАНДЫК
Адам аласы - ичинде,
Мал аласы - тышында.
Адеби жок жигит -
Жүгөнү жок атка окшош.
Адеби жок аял -
Кабанаак итке окшош.
«Айдайкелден» алтоо өлдү,
«Көрөкелден» көп өлдү.
Акмак - иттен илгери,
Кишиден кийин.
Ала койду бөлө кырккан -
Жүнгө жарыбайт.
Аларманга алтоо - аз,
Берерманга - бешөө көп.
Алган - алтоо болбойт,
Жеген - жетөө болбойт.
Алжаке кызга - жалжаке күйөө.
Асырнды баланы
Айылчы катын чыгарат.
Ат сураган - кордук эмес,
Ээр токум сураган - кордук.
Ашыккан - азат,
Тойбогон - тозот.
Бай болбогон - бай болсо,
Корубаган жер калбайт.
Байлык колдун кириндей,
Жукса - турат, жууса - кетет.
Бай менен байбиче - урушта болсо,
Кул менен күң - куймакта.
Балтыр бит башка чыгат.
Бербестин ашы - бышпас.
Бергенин алган - жамандын иши,
Ичкенин кускан - чабалдын иши.
Берээрге бешимде - кымыз,
Бербеске шашкеде - саамал.
Бир теңге берип, айттыра албаганды -
Миң теңге берип, койдура албайсың.
Бозокордун үйү -
Кыйкырык менен өкүрүк.
Өтүкчүнүн үйү -
Апырык менен сапырык.
Насвайчынын үйү -
Түкүрүк менен какырык.
Булуттан чыккан күн - ачуу,
Жамандан чыккан сөз - ачуу.
Бутунан мүдүрүлгөн - турат,
Тилинен мүдүрүлгөн - турбайт.
Бышылуу тамактын - күйүтү жаман.
Жакшы атка - бир камчы,
Жаман атка - миң камчы.
Жакшы катынга жаман катын -
«Айлашмын», - деп теңелет.
Жакшыны - сөз өлтүрөт,
Жаманды - таяк өлтүрөт.
Жакшы - таап сүйлөйт,
Жаман - каап сүйлөйт.
Жакшы тамак калгыча -
Жаман курсак айрылсын.
Жаманга - сый жарашпайт.
Жалкоонун - жаны,
Байдын малы - ардактуу.
Жоктун - бир арманы бар,
Байдын - миң арманы бар.
Жол айры болсо -
Иттин башы каңгы болот.
Жорго - жүрүшүнөн пул болот,
Жаман - жүрүшүнөн кул болот.
Ириген ооздон -
Чириген сөз чыгат.