Даанышман педагог - өрнөктүү устат
Адам-адам болуп жаралганы, жер үстүнө көбөйүп тараганы маңдайына жазылган тагдыр жазмышынын кулу болуп, ар дайым бактылуулуктун формуласын издеп келген. Бири бактылуулукту Кудай ченеп берген бул өмүрүндө эч нерседен кем болбой байгерчиликте жетиштүү жашап өтүү деп түшүнсө, бири напсинин кулу болуп, дүнүйөгө азгырылып өлөр-өлгөнчө мал-мүлк жыйнап өтөт. Ал эми Кудай сүйгөн айрым адамдардын тобу өздөрүнүн жашоодогу максатын ар дайым руханий улуу кызыкчылыктарга байлап, өмүр бою адамзаттын эки дүйнөдөгү бактылуулугу үчүн кызмат кылып жүрүп өтүшөт. Бул жашоого адамдар жөн гана жашап өтүү үчүн келишпегенин билишсе, кандай сонун болор эле. Ар бир адамдын жашоодогу вазийпасын, милдетин максатын түшүндүрүп бере ала турган улуу идеянын, улуу устаттын жаныңда болушу адамды индивиддик деңгээлден инсандык даражага көтөрүп чыгары бышык эмеспи.
Адамзат тарыхында кандай гана коомдор болуп өтпөгөн. Ар бир коомдо же болбосо тарыхый формацияда адамзатты жаркын келечекке жетелеген идеологиясы болгон. Ошол идеологиянын негизинде коомду тарбиялоодо, өсүп келе жаткан жаш муундун турмуштук позициясын калыптандырууда педагогдордун эмгегине, алардын адамзаттын өнүгүүсү үчүн кошкон салымына баа жетпейт. Кокус өз ишин дыкат билген автомеханик жаңылган болсо, анын катасынын кесепетинен бир нече адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүн, эгерде мугалим жаңылып коомду тарбиялоодо жаңылыштык кетире турган болсо, бул эң коркунучтуу прецедент болмок. Анткени коомдун бир мууну өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган педагогдун же педжамааттын мүдүрүлгөнүнөн улам коомдук деградацияга кабылышы толук мүмкүн. Ал эми өзүңүздөр билесиздер, бузулган коомдун аркасында кесепеттүү маселелердин жаралуу ыктымалдыгы пайда болот. Өз ишине берилген, жүзүнөн нуру тамган педагог-устаттын мөмөсү түшүмдүү болот. Бекеринен заманыбыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов “Мугалим – мөмөлүү дарак” деп айтып кетпеген чыгар. Биз бүгүн мөмөсүнүн көптүгүнөн шагы ийилип турган берекелүү дарак тууралуу кеп кылмакчыбыз.
Өз өмүрүн, билимин, педагогикалык табылгаларын, күч-аракетин жаштайынан коомду тарбиялоого арнап келе жаткан устатыбыз Советбек Байгазиев агайыбыз мына минтип бүгүнкү күндө 70 жаш - кутман куракка чыгып отурат. Эмесе, агайдын жетимиш жылдык өмүрүнө саресеп салып өтөлү:
Советбек Байгазиев 1946-жылы 1-майда Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. 1964-жылы аталган мектепти ийгиликтүү бүтүргөн. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, филолог, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон. 1971-1975-жылдардын аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуган. 1975-1977-жылдар аралыгында “Кыргызстан маданияты” гезитинде кабарчы, 1977-1984-жылдарда Кыргыз ССР илимдер академиясында Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери, 1985-1993-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун окутуу секторунун башчысы, директордун орун басары, 1993-2001-жылдарда И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин проректору болуп эмгектенген. Бүгүнкү күндөрдө Кыргыз билим берүү академиясында вице-президенти кызматын аркалап келет.
1981-жылы СССр жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1984-жылы филология илимдеринин кандидаты, 1996-жылы профессор илимий наамын алган. 2002-жылдан тарта филология илимдеринин доктору наамына ээ болгон.
Советбек Байгазиевдин педагогикалык, чыгармачылык изденүүлөрүнүн жыйынтыгында 60ка чукул педагогикалык, илимий-методикалык, илимий, көркөм, публицистикалык китептери окурман журтчулугуна, мугалимдерге арналып жарыкка чыккан. Өрнөктүү педагогдун ар кыл темада жазылган китептери коомду, өсүп келе жаткан муунду салттык, нравалык-маданияттык, кайталангыс руханий байлыктарды сактоого жана өнүктүрүүгө, гуманизмдин, демократиянын баалуулуктарын барктоого үйрөтөт. Андан сырткары, педагогдун эмгектери жаш муундун руханий, дене тарбиялык таалиминин принциптерин бекемдөөгө арналган.
Бүгүнкү биз кеп кыла турган сөз Советбек Байгазиев агайдын
“Нурмолдо – ХIХ кылымдын туңгуч агартуучусу жана даанышман педагогу” аттуу эмгеги болмокчу.
Көп убакыттардан бери биз, кыргыз журтчулугу Нурмолдо деген ысымды айтылуу Жеңижок менен айтышкан караңгы доордун элементи катары карап жүргөнбүз. Наманган базарындагы Жеңижок менен Нурмолдонун капилет айтышы мектеп программасында дале да болсо баштапкыдай формасында окутулуп келе жатат. Карт тарыхтын бүктөмүнө кеткен Нурмолдо өзү деги кандай инсан болгондугу тууралуу маалыматтар кечээ жакынкы аралыктан бери эле Нурмолдо үчүн күйгөн, анын адамдык, педагогдук, чыгармачыл бейнесин сыйлаган, кадырлаган адамдардын күжүрмөн мээнети тарабынан ачыкталып-такталып биздин колубузга тийип жаткан учуру.
Советтик идеологиянын таасири менен Нурмолдо жана ага окшогон нечендеген өз заманынын прогрессивдүү адамдары окутуу процессинде эскичил, реакциячыл элемент катары саналып, алардын педагогикалык, көркөм мурастары варвардык менен жок кылынган. Бирок ошого карабай, анын айрым чыгармалары биздин колубузга жетип, Советбек агайыбыз баш болгон илимдин кайратмандары тарабынан өзүнүн илимий баасын алды.
Буга 2005-жылы жарыкка чыккан “Нурмолдо – ХIХ кылымдын тунгуч агартуучусу жана даанышман педагогу”-аттуу Советбек Байгазиевдин иликтөөсүн мисал кылсак болот.
Советбек агай бул чакан эмгегинин башында Ала-Букалык Калмурат Рыскуловдун эмгегин баалап, анын Нурмолдонун көркөм, педагогикалык мурастарын жыйноодогу мээнеттүү ишине арналгандыгын баса белгилейт.
Учурда агартуунун тарыхын ар дайым Э.Арабаевдин, К.Тыныстановдун ысымы менен байланыштырып келгенибиз чын. Бирок Советбек Байгазиевдин бул эмгегинен биз башкача маалыматтарды аңдап-билип, педагогиканын тарыхын кайра карап чыгуу зарылчылыгын байкадык. Эмгекте 1938-жылы Ала -Букада жарык дүйнөгө келген Нурмолдо Наркул уулунун XIX-XX кылымдардын башындагы агартуучулук-педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу баяндалган. Совет бийлигинин орношу менен кыргыз жеринде Нурмолдо жана ага окшогон дин аалымдарынын чыгармалары советтик идеологияга туура келбей, реакциячыл деп таанылып, алардын ысымдары, көркөм чыгармалары элдин эсинен өчүрүрүлүп, кыянаттык менен жок кылына баштаган. Буга Молдо Кылычтын, Арстанбектин, Калыгулдун, Жеңижоктун жана башкалардын чыгармачылыгын да мисалга келтирсек болот. Ал эми Нурмолдонун педагогикалык ишмердүүлүгү убакыттын бүктөмүндө жашырылып кала берген. Нурмолдо алгачкылардан болуп мечит-мектепке эне тилди, “Манасты”, кыргыз элинин оозеки чыгармаларын окуу программасына киргизгендиги учурдун педагогдорун таң калдырат.
Советбек агай изилдөөсүндө “Дин, мечит, кожо-молдо, бай-манап”- десе чекеси тырышып, итатайы тутулган комунисттик-атеисттик идеологиянын тушунда Түркстандын улуу уулдарынын бири–акын жана агартуучу Нурмолдо Наркул уулу тап душманы катары кара тизмеге алынып, ысымын атоого тыюу салынып, көркөм мурастары куугунтукталып, кол жазмалары колго тийген жерде өрттөлүп, большевиктердин таманы астында тепселип кор болгон. Таптык эрегишке диндик идеологияга чулганган эски дүйнөнү биротоло кыйратабыз деп бир жактуу ураан көтөргөн кызыл комунисттерге Нурмолдонун мечит, медреседе мударис болгондугу, имам, молдо, эшен болгондугу, Кудайга ишенген акын экендиги, чыгармаларында динди ырдагандыгы жаккан эмес. Расмий бийлик “пролетардык массаны” мындай феодалдык–диндик идеологдун зыяндуу таасиринен оолак кармагысы келген. Бир кезде Нурмолдо өзү:- “Тарыхты танганың–тамырсыз калганың”-деген терең ойду айткан. Чындыгында эле, большевиктиктердин идеясы өсүп жаткан муундарды өз эл журтунун өткөндөгү маданий-адабий тарыхына карата маңкуртка айлантуу жагынан көп нерселерге жетишкен. Натыйжада Нурмолдо көпчүлүк үчүн белгисиз болуп кала берген”, - деп Нурмолдонун чыгармачылыгына өзүнүн калыс баасын берген.
Нурмолдонун педагогикалык ишмердүүлүгү
Биз Нурмолдонун акындык жайынан гана уккан кабарыбыз бар эле. Кечээ жакындан бери гана С.Байгазиевдин жана айрым бир окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн улам гана анын чыгаан педагог экенине ынанып отурабыз. Жаш муунду тарбиялап окутууда өзүнө таандык педагогикалык методдору болгондугуна таасирлендик. Билим берүү менен тарбия берүүнүн ажырагыс байланышта экенин терең түшүнгөн кыраакы, билимдүү адам экендиги анын насаат сөздөрүнөн, чыгармаларынан көрүнүп турат. Орто Азия аймагына кадыры жан болгон устаз болгонун байбичеси кызына айткан жеринен мисал келтирели: “Кызым, Айсулуум! Менин айтканымды кулагыңа бекем түйүп ал. Атаңдын ысмы Нур эле. Молдолукту өздөштүрүп Нурмолдо атыкты. Ар жактан келгендер аны ар башкача улуктап аташчу. Меке, Мединадан, Кашмир менен Пакыстандан, Ыстамбулдан, Кырымдан, Самаркенттен, Букардан, Казандан издеп келгендер: “Түркстандын ак эшени барбы? “Алаштын ак эшени кайда?”, Турандын ак эшени үйдөбү” дешип добуш салып турган”, - деп насаат кылганы анын чөлкөмдөгү барктуу тарбиячы болгонунан кабар берет. (эшен деген сөз парс тилинен которгондо “тиги киши” дегенди билдирет. Ал эми өтмө маанисинде өз атын атабай, тергөө маанисинде колдонулган).
Нурмолдонун педагог, акын катары калыптанышына чыйрактыгы, тирикарактыгы себеп болгон. Өз айылы Кош-Теректеги мечиттеги окууну бүтүргөн соң, устаттарынын жолдомосу менен Наманган шаарындагы “Молдо Кыргыз” медресесине жиберилет.
Молдо кыргыз медресеси ошол кездеги Түркстан аймагындагы алдыңкы окуу жайлардан болгон. Аксы, Ала-Бука аймагын жакшы билген Калмурат аксакалдын айтымында, бул медресени XVII кылымдын жарымында Кыргызбай аттуу молдо курдурган. Ошондон ушул күнгө чейин Молдо кыргыз медресеси аталып келе жатат. Кыргызбай молдо “Маджму – ат таварих (тарыхтардын жыйнагы) кол жазма тарых китебинин автору Сайфаддин Аксикентинин небереси болгон деп эсептешет. Бул чыгарманын мазмуну көп жагынан кыргыздардын жашоо турмушунан кабар берет. Ал эми бизге эң кызык жери Нурмолдонун санжырасын сүрүштүргөн санжырачы аксакалдар Сайфаддин Аксикентини Нурмолдонун бабаларынын бири деп эсептешет. Ошондон уламбы, Нурмолдо “Маджму – ат таварихти колунан түшүрбөй окуп жүрчү эле деп замандаштары эскеришчү экен. (“Маджму – ат таварих” “Манас” эпосу тууралуу алгачкы жазма маалыматты берген эмгек)
Нурмолдо өзүнүн укмуштуудай кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында Молдо кыргыз медресесинде курбалдаштарынан айырмаланып, мыкты окуган. Билим алуудагы жетишкен ийгиликтерине карап, аны бул окуу жайга медресе жетекчилиги мударис кылып алып калышкан. Ушул жерден анын педагогикалык изденүүлөрү башталган. Өз алдынча көп изденип, көп окуй баштаган. Аты жогоруда аталган окуу жайда ал кызмат кылып жүргөндө белгилүү бир педагогикалык көндүмдөргө, педагогикалык бай тажрыйбага ээ боло баштаган.
Нурмолдо катардагы молдокелерден айырмаланып, окутуу процессинде илгертен калыптанып калган көнүмүш стереотиптердин бузулушуна, кыргыз коомун тарбиялай турган жаңы кадамдарды жасаган новатор адам болгон.
“Көп кыргызым кат билбейт, кантейин көркоо кылган заманды айт”
“Көп кыргызым кат билбейт, кантейин көркоо кылган заманды айт”-деп Жеңижок атабыз кейигендей, Нурмолдо да кыргыз элинин тегиз сабатсыздыгына каңырыгы түтөгөн. Жалпы массаны агартуу иши мектептен башталарын түшүнүп, кыргыздын билим-келечеги мектепте калыптанарынын олуттуулугун түшүнгөн. Нурмолдо атагы таш жарып турганда бүткүл ыкыласын балдарды окутууга жумшаган. Аксы, Ала-Бука тараптагы айылдарда конуп-түнөп жашап, мечиттерди ачтыргандыгы Нурмолдонун мекенчилдик сезиминин канчалык даражада болгонунан кабар берет. Элдин сабатсыздыгын жоюуну негизги максаты деп түшүнүп, өзү сүйгөн ишинин аркасынан түшкөндүгү анын прогрессивдүүлүгүнөн кабар берет. Нурмолдо курдурган мектептердин базасында алгачкы совет мектептери ачылган. “Алгачкылардан болуп дубалдын кыбыла тарбына тактайча илдирип, арчанын көмүрүн бор катары пайдаланган. Тактайга ыр, табышмак, кошок, дастандан үзүндү жаздыртчу, окутчу. Эсептетип, коштуруп, көбөйтүп, бөлдүрүп, төрт амалды үйрөттү”, - деп эскерген экен окуучусу Токмолдо Чынаалы уулу. “Коштурат, алдырат, көбөйттүрөт, бөлдүрөт. Эсептин бир түрүн “Алхоразмий”, деп коё турган”, - деп Назармат аттуу адам да айткан экен. Өзү ачкан мектептерде алгачкылардан болуп светтик багыттагы эсеп (математика), география, агрономия, тарых, адабият сабактарын киргизиши жана окутушу зор коомдук төңкөрүшкө тете деп эсептейт окумуштуу С.Байгазиев.
XIX кылымдын соңунда татарлардын агартуучусу Исмаилбек Гаспринский негиздеген жаңы метод деп аталган “Усули жадид” ыкмасы жалпы түрк элдерине жайыла баштаган. Окутуунун бул методун Нурмолдо жан дили менен кубаттагандай таасир калтырат. Бул методдун башка мусулман мектептеринен айырмасы жалаң гана Куран, шариат, араб сабаты сыяктуу дин сабактарын окутпастан, светтик мүнөздөгү арифметика, география, тарых, табият таануу, геометрия, логика сабактары окуучуларга үйрөтүлгөн.
Нурмолдо устаз илим-билим тууралуу: “Илим – түгөнбөгөн кен. Тон тиктиргендики, илим билгендики”, - деп окуучуларына насаат айткан. Дагы бир кайрылуусунда: “Илим деген эмне? Элдик тажрыйбанын, чыгаан инсандын билигинин натыйжасы. Ошону билип алганың – билим алганың”, - деп ташка тамга баскандай нускоо сөздөрүн айтып кеткен.
Нурмолдо көпчүлүк агартуучулардан айырмаланып көп тил билген полиглот адам болгондугу тууралуу да эмгекте баса белгиленет. Бул жагынан ал Аль-Фарабинин, Улукбектин көп тилдүүлүк салтын улантуучу окумуштуу болгон. Нурмолдо парс, араб, туркий тилдерде окуй да, сүйлөй да, кенен ырдай да алган деп эскеришет замандаштары. Өз учурунда “Бабурнаамени” түп нускасында окуп чыккан. Андан тышкары Аристотелдин, Платондун, Аль-Фарабинин, Фирдоуси, Низами, Жами, Саади, Алишер Навоинин эмгектери менен тааныш болгон. Буга далил катары ыр менен айтылган “Азиретали-Дарийка, “Жусуп менен Зулайка”, “Фархад менен Ширин”, “Лайли менен Мажнун”, “Гүлгаакы” аттуу чыгармаларды чеберчилик менен аткаргандыгы тууралуу маалыматтар бар. Кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгын терең билип, “Манас” эпосу баш болгон элдик дастандарды чебер аткарган.
Бул китепченин максаттуу жазылганы учурдун педагогдорун элибиздин кенч мурастары болгон айрым унутта калтырылган инсандарынын чыгармачылык бейнесине терең маани берип карап чыгуунун коңгуроосун каккандай туюлат. Советбек Байгазиевдин ушул портретке атайын изилдөө салганы анын өрнөктүү педагог гана эмес, чыныгы атуул экендигинен кабар берет. Өз элиңдин тарыхын, маданиятын билбей туруп, дүйнөлүк цивилизацияга умтулганың манкурттукка тете иш эмеспи.
Дагы бир жолу илимдин түпсүз деңизинде кажыбас кайрат менен түйшүктүү мээнет кылган агайыбызды 70 жылдык торколуу тою менен кызуу куттуктайбыз!
Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын усулдук иштер боюнча директордун орун басары М. Б. Асанова