Просмотр содержимого документа
«Дайыма тынчтык болсун!»
21-сентябрь—Тынчтык күнү
21-сентябрь—бул дата Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1981-жылдын 30-ноябрында өткөн 36-сессиясында кабыл алынып, 2002-жылдын 21-сентябрынан тарта белгиленип келе жатат.
Башкы Ассамблея бул күнү дүйнө жүзүндөгү зордук, зомбулук менен ок атышууну токтотууга чакырат.
Эгерде дүйнөдө согуш болбосо, дүйнө эли тынчтыкта жашайт. Эгерде адамдар бири-бири менен тил табыша алса, мамлекет менен мамлекет туура көз карашта болсо, анда дүйндө согуш аз болмок. Согуштун айынан көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылып, үйлөр, заводдор, фабрикалар зыянга учурайт. Мисалга алсак, 1941-1945-жылдардын аралыгында Улуу Ата Мекендик согуш болгон. Советтер Союзу менен Германия согушкан. Анда адамдар өлүп, энелер сыздап, канчалаган наристелер атасыз калган. Миӊдеген завод, фабрикалар бомба алдында калган, кыйраган, талкаланган. Адам каны суудай аккан. Эл-журтту ачарчылык каптаган. Согуштун аягында 1945-жылы 9-майда Советтер Союзу жеӊишке ээ болгон.
Бирок, биз ушул согуштан эмне таптык? Суудай аккан кандан, боздоп ыйлаган үндөн башка эч нерсе тапкан жокпуз. Ошол согуш көп жылдар бою бизге кесепетин тийгизип келди. Улуу Ата Мекендик согушка чейин жана ал согуштан кийин деле адам баласы бири-бири менен согушуп бүтпөй келет.
Мына жакында 16-сентябрь күнү өзүбүздүн районубуздагы Максат айылында коӊшу жашаган Тажикстан Республикасынын адамдары менен жер талашып, элдердин ортосунда жаӊжал чыгып, аягында эки жактан атышуулар болуп, өлүм менен аяктады. Кыргызстандан бир аскер адамы өлүп, 17 адам түрдүү жаракаттарды алып, ооруканада жатышат, алардын арасында жаш балдар да бар. Ал эми Тажикстандан 3 адам өлүп, алардан да жаракат алгандар болду. Бул Максат айылында өзүбүздүн эле туугандарыбыз жашаган. Ошол айылда жашаган элдер көпчүлүгү туугандардын үйүнө келип баш калкалашты. Алар бардыгы, чоӊдор менен бирге силерге окшогон жаш балдар дагы октун үнүн угуп, асмандан чуулдап учкан октор кимибизге тийип кетер экен деп, коркуп, ыйлап-сыктап, тоо-таштын арасына жашынып, түн жамынып жүрүп, араӊ дегенде качып келишти. Аны баарыбыз көрүп-билип отурабыз.
“Согуш” деген сөздүн өзү эле кулакка жагымсыз угулат. Деги дүйнө жүзүндөгү адамдар гана эмес, асманда учкан куштар, жерде жашаган жан-жаныбарлар, ал тургай кумурскалар да тынчтыкты сүйүшөт. “ТЫНЧТЫК” деген сөз өз ичине көп нерселерди камтыйт. Тынчтык болсо, баары болот. Убактылуу кыйынчылыктардын баары өтүп кетет. Дүйнөдө ар дайым ТЫНЧТЫК болсун! Дүйнө эли ар дайым тынчтыкта жашасын!
Бардык адам баласына мындай деп кайрылгым келет: “Оо адамдар, келгиле согуш деген атты тап-такыр унутабыз Бири-бирибизге сый мамиле жасап, түшүнбөстүктөр болсо, кечиришебиз. Ошондо гана дүйнөдө ТЫНЧТЫК орнойт. Ар дайым ТЫНЧТЫК болсун!”
Тынчтык болсун мекенимде ар дайым!
Коргоочулар амандыгыӊ каалаймын!
Коргойсуӊар жерибизди душмандардан,
Узун болсун өмүрүӊөр ылайым!