СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биз СПИДге каршыбыз деген темада тегерек стол

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

СПИД-ВИЧ

Просмотр содержимого документа
«Биз СПИДге каршыбыз деген темада тегерек стол»

- Кутман күнүңүздөр менен урматтуу бүгүнкү “Биз СПИД ге каршыбыз!” аттуу тегерек столдун катышуучулары, урматтуу коноктор, окуучулар!

Кыргыз элибизде айткандай “Биринчи байлык-ден соолук” . Ден соолугуңуздар жакшыбы?

Бүгүн биз 21-кылымдын чумасы болгон СПИД жөнүндө маалымат берип кетмекчибиз. Келгиле анда шашпай, төкпөй-чачпай айтып берели, муну билип алуу ар бир адамга керек.Айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ- СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүго чейин жок. Ушу себептен БУУ( Бириккен Улуттар Уюму) тарабынан 1988-жылдан тарта 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД ке каршы күрөшүү күнү деп белгилеп келет.

Бүгүн 1-декабрь СПИД ке каршы күрөшүү күнүнө карата бизге коноктор келишти. Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык адиси: Раматова Таштилде, айылыбыздын башчысы : Максымбеков Алымбек, айылдык фельдшердик – акушердик пункттун башчысы: Максымбекова Салия, айылдык кеңештик депутаты : Исматова Жаркынай, мектептин директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары: Курманалиева Айзада.

ВИЧ деген эмне? Оору жөнүндө айтсак көп адамдар ВИЧ-менен СПИДди бир оору деп эсептешет.Бирок ал андай эмес.Ким ооруп калышы мүмкүн, жана жуктуруп албоо үчүн кандай чара көрүу зарыл? ВИЧ жана СПИД дин кандай оору экенин билүү үчүн биз төмөнкү слайдды көрөлү.( слайд №1)

Оорунун белгилерин бир гана жол менен аныктоого болот.ВИЧ инфекциясына кан тапшыруу керек,бул иш-чара акысыз жүргүзүлөт. Бул вирус жуккандан кийин түрдүү ооруларга жол ачат.

Вирусту жуктурган адамдын организми гана жабыркабастан , инсандын ички дүйнөсүнө дагы зыян алып келет.Мындай адамдын психологиясы да өзгөрөт. Бизге дагы кеңири маалыматты айылдык өкмөттүн социалдык адиси Раматова Таштилде берсин.

Мындай адамдан “качуунун” кереги жок. Сүйлөгөн ар бир сөздү өтө кылдат талдап сүйлөө керек. Оору менен күрөшүүгө чакыргыла.Досторуңа, жоро-жолдошторуңарга маалыматты жайылтпагыла.Эмесе 2- слайдды көрөлү.(слайд №2.)

ВИЧ- СПИД ди азайтуучу антиретровирустук терапия жөнүндө айылдын фельдшердик-акушердик пунктунун башчысы Максымбекова Салия айтып өтсүн.

ВИЧ-СПИД оорусуна ким кантип жугузганын айтып берүү үчүн атайын кейипкерлер келишкен. Анда ошо кейипкерлердин сөзүн угалы. (окуучулар даярдаган образдар көрсөтүлөт).

Окуучулар, коноктор өз ойлорун, кеңештерин айтышат.

Ар кандай суроо-жооптор .

Бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон миграциянын да ВИЧ-СПИД дин өөрчүсүнө салымы чоң. Бул маселе боюнча айыл башчы Максымбеков Алымбек менен айылдык кеңештин депутаты Исматова Жаркынай өз ойлорун биз менен бөлүшсүн.

Кана эмесе окуучулар бүгүнкү тегерек столдон өзүңөргө керектүү маалыматты ала алдыңар деп ойлойм.

Менде төмөнкүдөй суроолор пайда болду:

1.ВИЧ-СПИД тууралуу укканда силерде кандай ойлор пайда болду?

2.СПИД жана ВИЧ кандай учурда жукпайт?

3.Ушундай абалга туш болгондорго кандай жардам берүүгө болот?

(окуучулардын , коноктордун жооптору)

Эмесе ушу менен бүгүнкү 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүнө арналган “Биз ВИЧ-СПИДке каршыбыз!” деген темадагы тегерек столубуз аягына чыкты. Ден-соолугуңуздар чың болсун, ар дайым аман болуңуздар! Келген коноктор сиздерге да чоң рахмат! Ишиңиздерге ийгилик!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!