№10 сабактын планы: Фонеманы кабыл алуу
| Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору: Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүшөбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)? Көпчүлүк балдар аӊгемени кунт коюп угуп окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийинки суроолорго жооп беришти деп айтууга болобу? Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы? Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы? Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы? |
Жүгүртмө.
Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.
Сабак башталганга чейин эрте келген балдар Китеп банкында болгон буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жаза алат,сүрөттөрдү тартып, тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.
Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт
Ырдоо үчүн убакыт сабакты баштоого балдарды чакырып алуу үчүн керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап берет. Биринчи ыр балдар үчүн жакындап келип класска топтоло баштоосу үчүн , а экинчиси командалык духту көтөрүү үчүн жана айрым кечигип жаткан балдар үчүн кошумча убакыт берет. Тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды ырга кошулуусун суранат.
Сабактын планы. 5 мүнөт
Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап берет.
Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт
Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга аӊгемени окуп баштаганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин суроолорду берет. Бул сабактын учурунда класска «Даттануулар» аӊгемеси окулат.
Окуганга чейин:
Аӊгеме «Даттануулар» деп аталат. «Даттануу» деген сөз эмне экендигин ким билет? (окуучулар бир нече жооп бергенден кийин сиз: «Бардыгы туура, даттануу-бул силер бир нерсеге нааразы болгондо же болуп жаткан окуя силерге жакпаганда айтыла турган сөз», - деп жыйынтыктап койсоӊуз болот).
Балким кимдир –бирөө өзүнө жакпаган окуя болгондугу жөнүндө мисал келтирер? Силер даттандыӊар беле? Силер бул жөнүндө бирөөлөргө айттыӊар беле?
Бүгүнкү аӊгеме анын аталышына карата эмне жөнүндө болот деп ойлойсуӊар?
Бул аӊгеме ар кандай жаныбарлардын кантип даттана тургандыгы жөнүндө айтат. Аӊгемедеги жаныбарлар эмнеге даттанышат деп ойлойсуӊар? (балдар жооп беришкенден кийин: «Бул жакшы жооптор. Келгиле, силердин жооптор аӊгеме менен дал келерин карап көрөлү. Силер аӊгемени угууга даярсыӊарбы? Анда үн чыгарып окуп баштайлы).
Окуу учурунда:
«Мен дагы каалаган учурда көп жеп жана эс алсам» -деген фразадан кийин: Силер эшекке бооруӊар ооруйбу? Эшек «тамакты өзүмө өзүм таап жатам»- деп туура айтып жатабы, кандай деп ойлойсуӊар?
«Мен арабаны гана сүйрөп жүрөм» -деген фразадан кийин: Биз андан ары өгүздүн даттанууларын угабыз. Башка жаныбарлардан уккандарды эске алуу менен өгүз эмнеге даттанат деп ойлойсуӊар?
Даттануулар.
Эшек айкырып, айкырып бүткөндөн кийин даттана баштады: «Мен өтө оор ишти аткарам, мен дайыма оор жүк көтөрөм жана эч качан эс албаймын». Андан кийин ал мындай деп улантты: «Бардык жаныбарларга тамак беришет, мен эле жалгыз өзүмө тамак таап жеймин». Эшек жалына баштады: «Менин кожоюнум, мени башка бир жаныбар менен ордумду алмаштырчы, мен дагы көп жеп, каалаган учурда эс алгандай болоюн».
Ит үрүп, үрүп бүтүп даттана баштады: «Мен кароолчумун, из кубармын, дагы бир далай иштерди аткарамын, бирок мага адамдар менен кошо бир үйдө жашаганга болбойт». Ал дагы улантты: «Мышык дайыма таза табактан жакшы тамак жейт, үйдө жашайт жана ал эч нерсе жасабайт».
Жылкы дагы даттанды: «Мен арабаны сүйрөйм, болду».
Өгүз мөөрөп, мөөрөп бүткөндөн кийин даттана баштады: «Мен бардыгын жасайм, мен жерди айдаймын, бирок андан кийин мени союп жешет».
Аягында теке келди, ал дагы даттана баштады: «Менин кожоюнум кышында менин жүнүмдү кыркып салып, үшүп чыгамын, мен өзүмдү жылаӊачтай сеземин, мен ошого капамын» деди.
Окугандан кийин:
Бул аӊгемедеги жаныбарлардын бардыгын эмне бириктирет? Аӊгемедеги жаныбарлар эмнеси менен айырмаланышат?
Аӊгемеден биз эшектин, иттин, жылкынын, өгүздүн жана текенин даттанууларын уктук. А силер жаныбарлар ушундай даттанат деп ойлодуӊар беле? Эмне үчүн аӊгеменин автору даттанууларга жоопторду жазган эмес? Бул аӊгемеден биз бардык жаныбарлардын турмушундагы оорчулуктарды көрдүк жана алардын бардыгы өз турмушун жакшы жагына өзгөртүүнү каалашат экен. Аларда дагы көйгөйлөр бар экен. Биз бирөөндө бар, бирок бизде жок нерсеге капаланбашыбыз керек. Сенин турмушуӊда сени абдан кубанткан бир нерсе барбы?
Көнүгүүлөр үчүн убакыт.
Көнүгүүнүн аталышы: «Тыбыштарга аӊчылык»
Баяндама: бул көнүгүүдө балдар 4 төн 7 ге чейин окуучу болгон топторго бөлүнүшү керек. Ар бир топко белгилүү бир тыбыш берилет. Топтун милдети: ушул тыбыштан башталган же бүткөн буюмдардын көбүрөөк санын табуу (бир окуучуга бир буюм).
Өнүктүрүлүүчү көндүмдөр: Фонеманы кабыл алуу, сөздөрдү тыбыштарга бөлүү.
Зарыл болгон материалдар: Ар кандай тыбыштары бар сөздөрдүн тизмеси. Сөздөр жакын жерден табууга боло турган майда буюмдардын атынан болот. Тыбыштары даана айтылбаган татаал сдөрдү тандабаш керек.
Көнүгүүнүн баяндамасы: Балдарды топторго бөлгүлө. Ар бир топко алар кандай тыбышка аӊчылык кыла тургандыгын айткыла жана аларга буюмдарды издөө үчүн 15 мүнөт бергиле. Мындан кийин кайрадан бардык окуучуларды чогулткула жана ар бир топко алар тапкан буюмдун атын айтып, көрсөтүлгөн тыбышка басым жасаганга мүмкүндүк бергиле. Топтогу ар бир окуучу бир предметти көрсөтүүсү керек.
| Тарбиячы: Бүгүн биз аӊчылык кылабыз. Ар бир команда ар кандай предметтерге аӊчылык кылышат. Биринчи команда Р-Р-Р-га (же башка) башталган же аяктаган предметтерге аӊчылык кылышат. Экинчи команда П-П-П-га (же башка) башталган же аяктаган предметтерге аӊчылык кылышат. Бардыгынан көп предмет топтогон команда жеӊишке ээ болот. Бардык окуучулар чогулгандан кийин минтип айткыла: «Жакшы иш №1 команда, эмнени тапкандыгыӊарды айткыла?» (Ар бир окуучу ордунан туруп класска эмне тапкандыгын көрсөтөт). №2,3 командалар… Жакшы, эми биз кайсы команда баарынан көп предметти тапкандыгын санап көрөлү. |
Көӊүл бургула: издей турган предметтер Лагерден алыс эмес жайгашуусу керек. Балдарды алыска баруусуна же чуркоосуна жол берилбейт. Эӊ жакшы буюмдар- бул жакын эле жердеги таштар, чөп, жыгачтар ж.б. Ошондуктан бул сабакка кылдаттык менен даярдануу керек.
“Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт
Тыбыштары бар карточкалар
Сабакка даярдык: ар бир бала эӊ кеминде өзү менен тыбыштуу 4 карточка алып кетиши керек, башкача айтканда, 20 окуучу үчүн 80 карточка даярдоо керек.
| К КАЗ КООН КОРОЗ К К КУУРЧАК |
Баяндама: Бул көнүгүүдө окуучулар бир же бир нече тыбыштуу карточкаларды жасашат. Карточканын бир тарабына анын командасы тапкан предметтердин бирөөнү тартып коюшу керек Экинчи тарабына ушул тыбыш билгизген тиешелүү тамганы жазып коюу керек.
Портфолио/папканы толтуруу 15 мүнөт
Портфолио /папканы толтуруу сабактын акыркы көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү аткаргандыгы жөнүндө жазып же тартып коюшу керек. Мисалы, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү тартып, көнүгүүнү жазып же Окуу лагерине байланыштуу болгон сүрөттү тарта алышат.
Бүгүн бардыгынан сабактын кайсы бөлүгү жаккандыгы жөнүндө жазгыла / сүрөтүн тарткыла.
Бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөт тарткыла.