СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Даван мамлекети жана Түргөш кагандыгы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Даван мамлекети жана Түргөш кагандыгы»

Даван мамлекети, Паркана б. з. ч. 1-миң жылдыктын акырында Фергана өрөөнүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоң, кичине шаарлары 70тен ашып, борбору Эрши шаары болгон. Калкынын саны болжол менен 300 миңден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары , буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бактары, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары менен даңазаланган. Даван мамлекети Улуу Жибек жолу калыптанганга чейин Чыгыш Түркстан менен соода байланышын түзгөн (Фергана, Алай жана Борбордук Теңир-Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теңгелери арбын табылган). Кытай булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-жылы кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Даван мамлекетине келген. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи аркылуу жеткен. Даван мамлекетин каратып алууга жана алардын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-жылы жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Даван мамлекетиин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю шаарына (азыркы Өзгөндөн 8 км түн. тарапта, Шоро-Башат кыштагына жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык менен багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскери чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миң аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу менен б. з. ч. 101-жылы жөнөтүлгөн. Ли Гуанли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экинчисин Ю шаарына жөнөткөн. Сан жагынан аз болгонуна карабай, Ю шаарынын тургундары катуу каршылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калтырышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык менен өлтүрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши шаарынын жашоочулары толук багынган эмес. Ал эми Ю шаарынын тургундары Кытай менен түзүлгөн тынчтык келишимге каршы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоң күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю шаарын зор кыйынчылыктар менен ээлешкен. Бул жортуулда кытайлар 90 миң колунан ажырап, колго түшкөн 3 миң аргымактын миңин гана императоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аскери кайтып кетери менен Даван мамлекети Хан империясынын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши шаары катуу бүлгүнгө учурагандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шна (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 4236-жылы түндүк хунндардын шанүйү Чжичжи чапкын уюштурат, бирок Даван мамлекетин баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-кылымынын ортосунда Жаркентке (Чыгыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3-5-кылымда өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-кылымынын ортосунда Фергана өрөөнү толугу менен эфталиттерге карап, 5-кылымдын аягында Кушан империясынын карамагына кирип, толук бойдон жоюлган.




Колдонулган адабияттар:
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. – Б., 2010


Түргөш кагандыгы .

VII к. баш ченинде Батыш Түрк кагандыгы урандыларында Түргөштөрдүн мамлекети пайда болду. Түргөштөр «Он ок элинин» дулу конфедерациясына киришкен жана Чүй менен Иле дарыяларынын аралыгын ээлеп турушкан. Алар «сары» жана «кара» урууларына бөлүнүшүп, төбөлдөрү өз ара атаандашып турушкан. «Сары» түргөштөрдүн уруу башчысы Үч Элиг каган (704-706-жж.) жаңы династиянын негиздөөчүсү болуп калган.


Ал Суяб шаарын ээлеп, анда өзүнүн башкы борборун түзгөн. Түргөштөрдүн бийлиги алдындагы жерлер Сыр дарыянын орто агымынан Иртыш суусунун баш жагына чейин созулуп жатчу. Үч Элиг каган өзүнүн жеринде жыйырма чөлкөм түзгөн, алардын ар бири жети миңден аскер берип туруучу. Түргөштөрдүн бийлиги Чыгыш Түркстанга да тараган.



Уч Элигдин ордун анын уулу Сакал каган (706-711-жж.) ээлейт. Ошол учурда мамлекеттин абалы татаал болчу. Ага түштүктөн Тан империясынын аскерлери, чыгыштан өзүлөрүнүн кагандыгын калыбына келтирип алышкан түрктөр, түштүк-батыштан араб баскынчылары коркунуч түзүп турушкан. Сакал-каган бардык тараптагы коркунучтун мизин кайтарууга аракеттенген.


709-жылы ал Аньсиге кол салып, кытай аскерлерин жеңет. Андан кийин түргөштөр аскерлерин Орто Азияга жиберишип, согдулар менен бирге Бухаранын алдында араб колбашчысы эмир Кутейби ибн Муслимди камоого алат. Бирок түргөштөргө каршы негизги коркунуч Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан түзүлгөн эле.



Чыгыш түрктөрү 679-жылы Тан империясынын эзүүсүнөн кутулган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы эң жогорку күч-кубатына Капаган кагандын тушунда (691-716-жж.) жеткен. Иртыштан батышка карай өткөөлдүн бириндеги Болучу деген жерде чыгыш түрктөрү түргөштөрдүн сандаган армиясын талкалаган Сакал каган колго түшүрүлүп, асылып ташталган. Түргөштөрдүн жерлери убактылуу Экинчи Түрк кагандыгынын курамына өткөн.



Түргөштөр «кара» уруусунун башчысы Чабышчор Сулуктун мезгилинде толук көз каранды эместикке жетишкен (716-738-жылдар). Жаңы каган мыкты дипломат болгон. 717-жылы ал Кытайга барган. Андан кийин Сулук түргөштөр үчүн коркунучтуу үч каган менен нике союзун түзгөн: Ашина династиясынын батыш бутагынын урпагынын кызына үйлөнөт, экинчи аялы Билге кагандын, үчүнчүсү Тибет падышасынын кыздары болгон. Каган өзүнүн кызын Билгенин уулуна берген.


Чыгыштагы дипломатиялык ийгилик түргөштөргө батыштагы согуш аракеттерин жигердүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берди



Сулук каган Согдиялыктар менен бирдикте арабдарга каршы согушка чыгат. Айыгышкан каттуу согушта Сулук каган көп адамынан ажырайт. Бул жеңилүү Сулуктун өмүрүнө татыган. Түргөш төбөлдөрү жеңилүүгө Сулук күнөөлүү деп эсептешкен. Ызага чыдабаган Сулук каган шал болуп, жатып калат да, 738-жылы өлөт.



Кагандын өлүмү Түргөштөрдүн «кара» жана «сары» урууларынын ортосунда бийлик үчүн узакка созулган күрөштүн башталышына, шылтоо болгон. Бул ички чыр-чатак мамлекетти алсыраткан. Учурдан пайдаланып, VII кылымдын орто ченинде кагандыктагы бийликти карлук уруулары тартып алган.























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!