СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Декада табигый-математикалык метод бирикме

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

предметтик декаданы кантип өткөрүү тууралуу жобо.

Просмотр содержимого документа
«Декада табигый-математикалык метод бирикме»



Мектептеги предметтик декада жөнүндө жобо

Жалпы жобо

1.1 Мектептеги предметтик декада жыл сайын методикалык бирикменин мугалимдеринин

кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана окуучулардын таанып-билүү чыгармачылык-

тарынын активдүүлүгүн өсүп-өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.

1.2 Предметтик декаданын маселелери:

* Мугалимдердин ачык сабактарды жана класстан тышкаркы иштерди даярдап уюштуруусу

аркылуу кесиптик устаттыгын өркүндөтүү;

* окуучулардын предметке болгон кызыгууларын, өз алдынча чыгармачылык менен изденүүлөрүн

өстүрүү;

* таланттуу окуучулардын суурулуп чыгуусун камсыздоо жана алардын предметти тереңдетип

үйрөнүүсүнө шарттарды түзүү;

2. Предметтик декаданы уюштуруу жана өткөрүү

2.1 Предметтик декада мектептин планы боюнча өткөрүлөт;

2.2 Декаданы даярдоо жана өткөрүү планы эки жума мурда мектептин директору

тарабынан бекитилет;

2.3 Предметтик декаданы методикалык бирикме уюштурат жана өткөрөт;

2.4 Декаданын катышуучулары: --- предметтик мугалимдер

---- класс жетекчилер

---- окуучулар

------ окуучулардын ата-энелери

2.5 Предметтик декаданын алкагында өткөрүүгө болот:

---- предметтик олимпиадаларды

----- традициялуу эмес сабактарды

------ класстан тышкаркы иш-чараларды

------ газеталардын, дептерлердин , колго жасалган моделдердин ж.б. конкурстарды

------ жалпы мектептик иш-чараларды

------ проектик иштердин конкурсун

------ интелектуалдык марафондорду;





3. Предметтик декаданы жыйынтыктоо



3.1 Декадага активдүү катышкан окуучулар баалуу белектер жана мактоо баракчалары менен

сыйланат, мугалимдер премияларды алышат.

3.2 Декада аяктагандан кийин ар бир предметтик мугалим планда көрсөтүлгөн иш-чаралар

боюнча методикалык бирикменин жетекчисине отчет тапшырат;

3.3 Предметтик декаданын жыйынтыгына МБнин кеңешмесинде анализ берилет;

3.4 Декаданын планы жана жыйынтыгы метод кабинетте МБнин папкасында сакталат;

3.5 Предметтик декадада өтүлгөн олимпиаданын тапшырмалары, тесттер жана жыйынтыгынын

протоколдору МБнин отчетуна тиркелет;

3.6 Ачык сабактардын иштелмелери жана класстан тышкаркы иштердин сценарийлери да

МБ нин папкасына салынат, бирден экземпляры мугалимдин портфолиосунда сакталат;

3.7 Конкурстардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрү маалымат стенттерге илинет.