СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ден-соолукка зыян келтирген заттар жана адаттар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Ден-соолукка зыян келтирген заттар жана адаттар»

Ден-соолукка зыян келтирген заттар жана адаттар.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Ден-соолукка зыяны тийген адам колдонгон кайсы заттарды билесиңер?

  2. Тамекинин кандай зыяндарын билесиңер?

  3. Спирттик ичимдиктердин адамга тийгизген зыяныдары эмне?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Тамеки тартуу, спирттик ичимдиктерди колдонуу, насыбай тартуу, наркотикалык заттарды сайынуу, жыттоо жана колдонуу – адамдын ден-соолугуна шексиз зыянын тийгизген көнүмүш адаттар. Башкалары колдонсо кызыктуу көрүнүп, бирөө кыстаса колдоно коюп, же «мен эми чоңойдум каалаганымды кылам» деген сезимден улам баштай коюп, кийин дароо таштабаса, бара-бара көнүмүш адатка айланып, ал акыбалдан чыгышы кыйын болуп калат. Адам татып көрөйүн деген бул нерсе кандай экен деп билбестен колдоно койгон бул заттарды жакындан тааныса балким жанына жолобойт эле. Анда эмесе жакындан бир таанып көрөлү.


Тамеки тартуу.


Тамекинин түтүнүндө 12 000ге жакын түр­дүү заттар жана химиялык кошулмалар бар. Алардын 196сы - уулуу, ал эми 14ү - наркотикалык. Тамеки 25 түрдүү оорунун келип чыгышына себепкер болгон нерсе. Анын коркунучтуулугу - терс жактары дароо эле байкалбастан, бир нече жылда барып байкала тургандыгында. Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда эркектердин 60, аялдардын 30 пайызы тамеки тартат. Келип чыгышына тамеки да себепкер боло турган жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунду ээлөөдө. Тамеки - акырындан өлтүрүүчү уу. Фильтрлүү 1 даана сигаретте чайыр 14 миллиграммды, никотин 1,2 миллиграммды түзөт. Фильтрсиз сигаретте чайыр 16 миллиграммды, никотин 1,3 миллиграммды чапчыйт. Никотинди чоң дозада кабыл алуу нерв системасын шалга учуратат (жүрөктүн токтошу, өлүм).

Тамекиден кайсы органдар зыян тартат? Тамеки тартуудан улам зыян көргөн органдар булар: Мээ, омуртка, өпкө, бөйрөк, табарсык, жүрөк, кекиртек, ашказан, жыныстык система, жатын, түйүлдүк, тил, кан тамырлар.

Тамекиден өлүм: Дүйнөдө ар бир 10 секунд сайын тамекинин айынан 1 адам өлөт. 2020-жылдан баштап ар жылда тамекиден 10 000 000 адамдын өлүмү күтүлөт” деген маалымат бар. 1998-жылы тамекиден дүйнөдө 4 000 000 адам өлсө, 2008-жылы 49 000 000 өлгөн. Тамеки тартуучулардын 10 пайызы рактан көз жумат. Тамеки төмөнкү органдарды ракка алып келет: өпкө, колко, кекиртек, ооз, тил, уйку бези, табарсык, бөйрөк. Тамекинин түтүнүндөгү абдан көп сандагы суутектин кычкылы (перекись водорода) өпкөнүн рагына жеткизет. Суутектин перекисинен улам рецептор иштешинен жаңылат да, клеткаларга жаңыланууга «буйрук» берет. Клеткалар чексиз бөлүнө баштайт да, оору келип чыгат.

Тамеки тарткан адам эмне үчүн жөтөлөт? Организмдин дем алуу жолдоруна кирген чоочун затты, башкача айтканда, түтүндү түртүп чыгаруу үчүн кылган аракети.

Буларды да билип ал!

  • Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет!

  • Бойдо бар кезде тамеки тартуу балдардын салмагына жетпей жана ошондой эле ара төрөлүп калуусунун себепкери (20-30 пайыз) болуп эсептелет.

  • Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышын шарттайт. Мисалы, кан басым көтөрүлүп, жүрөк кеңейип, иштөөсү бузулат.

  • Тамеки тартуучулар өзү курактуулардан 10-20 жыл мурун эрте көз жумушат.

  • Коңурукту, сөөктө морттукту (ос­теопороз) пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.

  • Беттин терисине, дегеле денеге бырыш эрте түшкөндүктөн, адам өз курагынан улуу көрүнөт.

Аракечтик.


Спирт ичимдиктерине: сыра (пиво), коктейль, коньяк, шарап, арак кирет. Булардын баары спирт аралашмасы болуп эсептелет. Ичимдиктерди көп ичүү аракечтикке алып келет. Бул төмөндөгү стадиялар боюнча өнүгөт.

0-стадия: Аракечтик оорусу пайда боло элек. Адам спирт ичимдигин кырдаалга жараша ичип, кээде ичкенде эс-учун жоготуп коёт. Бирок бул стадияда адам каалаган учурунда спирт ичимдигин ичпей коё алат.

1-стадия: Спирт ичимдигин анда-санда ичет. Бирок ичпей калганда эңсөө пайда болот. Ичсе канча ичкенин көзөмөлдөй албай калат. Психикасы өзгөрүлө баштайт. Эмоцияга бат алдырып, жакындарынын көп ичип баратасың деген эскертүүлөрүн капарына албай калат. Башкача айтканда, өзүн сын көз менен карай албайт. Убагында ичкенин токтотуп, дарыгерлерге кайрылбаса, анда оорусу 2-стадияга өтүп кетет.

2-стадия: Спирт ичимдигин ичүүнү эңсөө күчөйт. Аз эле өлчөмдөгү ичимдикке мас болуп, эмоцияга бат алдырып, эмне кылып жатканын билбей калат.


3-стадия: Бул стадия алкоголдук психоз стадиясы деп аталат. Элге “белая горячка” деген аталыш менен белгилүү. Адам күн сайын ичпесе тура албай калат. Эс тутуму, ойлоо, кабыл алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Ичкенде убакытты жана кайсы жерде жүргөнүн аныктай албай, жакындарын тааныбай да калат. Өзүнүн же жакындарынын өмүрүнө кол салуусу да мүмкүн. Нерв системасынын катуу жабыркашынан улам галлюцинация (көзгө ар нерселердин көрүнүшү) келип чыгат. Жөнү жок коркуу жаралып, бирөөлөр өзүн өлтүргөнү келе жаткандай сезимге да кептелет. Ички органдарында оорулар жаралып, дарылаганда да ал жабыркаган органдар калыбына келбейт. Нервдин шал оорусунун келип чыгуусу да мүмкүн. Мында адам тулку боюн кармай албай, шал болуп калат. Боордун циррозу, алкоголдук гепатит, ашказан жарасы, панкреатит келип чыгат. Жүрөк-кан-тамыр оорулары жаралып, адам инфаркка же инсультка кез келүүсү да ыктымал.

100 грамм арак ичүү 40 грамм уу ичүү менен барабар: Алкоголдук азыктардын бардыгында этил спирти бар. Этил спирти организм үчүн уу болуп саналат. Мисалы, заводдо жасалып, таза делинген ичимдиктерде канча уу бар экенин карап көрөлү.

100 грамм аракта 40 грамм уу, башкача айтканда, этил спирти;
100 грамм шарапта 20 грамм уу;
100 грамм коньякта 40 грамм уу;
100 грамм самогондо 20-70 граммга чейин уу;
100 грамм сырада 6-12 грамм уу;
100 грамм шампанда 17 грамм уу бар.

Ал эми колдо жасалган арактарда уунун өлчөмү мындан да көп. Анткени аларга көбүнчө техникалык спирттерди да аралаштырып жиберишет.100 грамм арактан 2миңге жакын нерв клеткалары өлөт.

Арактан организм кандай зыянга учурайт? : Алкоголь, анын ичинде арак ичилгенден кийин ашказандан канга 2 мүнөттөн кийин кошулат. Кан аны организмдин бүт клеткаларына ташыйт. Алкоголдон улам кан тамырлар кеңейип, кан мээге көп бара баштайт. Бул нерв борборлорун кескин дүүлүктүрөт. Ичкенде шайырдыктын келип чыгышы ушуну менен түшүндүрүлөт. Алкоголь кандагы эритроциттерди (кызыл кан денечелери) жана лейкоциттерди (ак кан денечелери) зыянга учуратат. Натыйжасы анемияга, инфекциялардын бат жугушуна, кан агууларга алып келет.
Жүрөк: Ичкиликти көп ичүү кандагы холестеринди жогорулатат. Жүрөктүн миокард оорусуна, кан-тамыр ооруларына жеткирет.
Ичеги: Көп ичкенден ичегинин клеткаларынын түзүлүшү өзгөрөт да, тамак аркылуу келген керектүү заттарды, витаминдерди соро албай калат. Натыйжада адам арыктайт. Ашказанда жара пайда болот.
Боор: Организмге кирген ичимдиктин 95 пайызын боор зыянсыздандырат, андыктан аракечтикте боор гепатитке, кийин циррозго учурайт.
Уйку бези: Бул орган инсулинди иштеп чыккандыктан, ичимдиктин айынан иштөөсү бузулат да, кант оорусу (диабет) келип чыгат.



































































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!