Ден-соолукту чыңдоо жана сактоо.
А: Окуучуларга суроолор.
Силер ден-соолугуңарга көңүл бурасыңарбы?
Канткенде ден-соолукту чыңдаса болот?
Ден-соолукка эмнелер зыянын тийгизет? Эмнеге?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Ден-соолук – бул адам баласынын жашоосунун эң негизги шарттарынын бири. Ден-соолугу начар адамдын толук кандуу кыймылдап, жашоонун активдүү түрүн жүргүзүшү кыйынга турат. Анткени, адам баласы кыймылдап, басып, туруп, ар кандай жумуштарды аткарышы үчүн ден соолугу бекем болуш керек.
Адам күнүмдүк жашоосунда өзү жөнүндө жана өзүнүн ден соолугу жөнүндө унутуп калат. Себеби, ал өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү менен алек болот. Азыркы заманда адамдын ден-соолугу начарлап, бир оорууга чалдыкпайынча же оорууканага жатып калмайынча жүрө берет. Төшөкө жатып калгандан кийин анан ден-соолук деген көйгөй пайда болот. Ден-соолук көйгөй болбой, тескерисинче жашоо шарты болуш керек. Ар-дайым ден-соолукка көңүл буруп, карылыка чейин оорубай, дайыма өзүбүздү жакшы алып жүрүш үчүн жаш кезден баштап ден-соолугубузду жакшы карап, ар кандай физикалык машыгууларды жасап, тамактануу режимин сактап, тамеки, насыбай, спирттик ичимдиктер сыяктуу ден-соолукка зыяны тийген заттардан алыс болуп, аба-ырайына жараша кийинип жүрүшүбүз керек. Мындай караганда, ден-соолугубузду бизге берилген аманат деп эсептешибиз керек. Орто эсеп менен 70-80 жашка чейин жашоо мүмкүнчүлүгү турганда, билип туруп тамеки же спирттик ичимдиктер менен эмнеге кыскартып алалы.
Демек ден-соолукту сактоо жана чыңдоого ар кандай факторлор таасир этет. Булар: туура тамактануу, оптималдуу эмгек убактысы, тазалык, активдүү кыймылдоо,тамеки чегүү жана алкоголь суусундуктарын ичүүдөн баш тартуу, жакындарды урматтоо жана сүйүү, жашоону позитивдүү кабыл алуу. Бул факторлор психикалык жана физикалык ден-соолукту каарылыка чейин сактоого жол ачат. Эми ар-бирин бирден карап көрөлү.
Туура тамактануу: Ден-соолукта болуу үчүн туура тамактануу керек. Бул, күндө үч маал, бирок ченеми менен тамактануу дегендик. Эртең менен сабакка баратканда сөзсүз тамактанып чыгуу керек. Түшкүсүн да, кечкисин да өз убагында жеш керек. Тамактарыбыздын өтө майлуу же өтө туздуу эмес экенине көңүл бурушубуз керек. Өзгөчө кечки тамагыбыз жатаардан кем дегенде 2 саат мурун бүтүш керек.
Күнүмдүк режим: Жашообузду күнүмдүк режимге отургузганыбыз ден-соолугубузга да, сабак же ишибизге көп пайда алып келери анык. Эртең менен эрте турушубуз, кечинде өз убагында жатышыбыз жашообузга береке да алып келет.
Тазалык: Өзүбүздүн денебизден баштап үйүбүздүн, коробуздун, чөйрөбүздүн тазалыгына көңүл бурушубуз керек. Тазалык болбогон жерде ар-түрдүү жугуштуу оорууларды ташыган микро-организмдер көп болот. Тамактан мурун жана кийин колду жууганды унутпаш керек. Тиштерди бат-бат жууганда пайда бар. Жада калса ички-дүйнөнүн да тазалыгына да көңүл буруш керек. Себеби ички дүйнөнүн таза болушу терс энергиянын тазаланышына алып келет. Бул да болсо адамдын кыскануу, көрө албоо, жек көрүү, жалкоолук сыяктуу терс таасирлерден узак болушун камсыз кылат.
Активдүү кыймылдоо: Жашообузду активдүү кыймыл менен кооздошубуз керек. Адамдын денеси канчалык кыймылда болсо, ошончолук сергек болот. Эртең мененки көнүгүүлөр, спорттун түрлөрү менен машыгуу, күнүнө жок дегенде бир канча минуталык басуу денени чыңдайт жана ден-соолукта болушубузду камсыздайт. Столдогу жумуш менен алек болсок да, кээде туруп нары-бери басып, көнүгүү жасоо менен тыныкканыбыз оң.
Тамеки чегүү жана спирттик ичимдиктерди ичүүдөн баш тартуу: Тамеки жана спирттик ичимдиктер дүйнө жүзүндөгү адамзаттын эң чоң душмандарына айланды. Канчалаган ооруларга себеп болгонун санап отуруштун кереги жок болсо керек. Тамеки ички органдарды талкаласа, спирттик ичимдиктер ал менен тим калбастан үй-бүлөлөрдүн жада калса жаш өмүрлөрдүн кыйрашына себеп болуп жатат.
Жашоону позитивдүү кабыл алуу: Бактылуулук адамдын өмүрүн узартат. Ал эми адам качан бактылуу боло алат?! Эгерде жашаган чөйрөсү менен гармонияда болсо. Адам жакшы нерселерге умтулуу менен бирге эле, колунда бары менен дагы канаттанганды билиш керек. Акчам жок дегендер, өздөрүн сырттан бир карап көрсүн: жакшынакай үй-бүлөсү бар, басып жүрөт, жакындары менен сүйлөшө алат, көрө алат, жыттай алат. Бактылуу болгонду башкалардын турмушун карап салыштыргандан көрө, өзүнүн чөйрөсүндө издесин. Ата-энесинде, бир туугандарында, классташтарында, окуунда, ишинде. Аны курчаган ушулар бар экенине шүгүр кылыш керек.
Ден соолукту сактоо жана чыңдоо - мамлекеттин, коомдун, жеке адамдын, негизи эле баарыбыздын максатыбыз. Ден-соолук биздин эң чоң байлыгыбыз. Көп учурда байлык топтойбуз деп, ушул өзүбүздө турган чоң байлыгыбыздан ажырап калабыз. Иш, акча деп жүрүп кантип ооруп калганыбызды билбей калабыз. Ошондуктан келгиле баарыбыз биригип, бул күндөн тартып чоң байлыкка ээ экенибизди унутпайлы жана ден-соолугубузду сактайлы.