| № | Сабактын этаптары | Мугалимдин иши | Окуучулардын иши | Окутуунун ыкмалары жана усулдары |
| 1 | Кириш бөлүк | Окуучулардан сабакка даярдыгын суралат. Сабактын темасын, максаттарын жана милдеттерин айтам. Топторго бөлүнүшөт. | Сабактын максаттарын жана милдеттерин угушат. Сабакка даярдыгы жөнүндө маалымат беришет. | |
| 2 | Өтүлгөн материалдарды кайталоо | Суроо берилет: Биз өткөн сабакта эмнени үйрөндүк эле? Үйгө тапшырма катары берилген орун алмашуу эрежелери суралат. | Окуучулар талкуулашат, өз ойлорун билдиришет. Берилген суроолор боюнча ой жүгүртүшөт, жооп бергенге аракет жасашат. Окуучулар үйдө аткарып келген тапшырманы көрсөтүп беришет. | Жуптарда иштөө, суроо-жооп |
| 3 | Мугалимдин комментарийи | Жоопторду алгандан кийин кириш сөздү айтам: Биз сиздер менен орун алмашуу жөнүндөгү маалыматтарды билдик. Анда эмесе бүгүнкү тема боюнча маалыматтарды айтып өтөм. | Өздөрүнүн маалыматын толукташат, суроо беришет. | Суроо-жооп. |
| 3 | Жаңы окуу материалын түшүнүү | 3 топко бөлүнгөн окуучуларга тема негизинде тапшырмалар берилет. Ар бир топ үчүн тапшырма: топту төмөндөн узатуу Окуучулардан төмөнкү суроолорго жооп берүүсүн суралат: Бизге топту төмөндөн узатууда эмне маанилүү болду? | Окуучулар өздөрүнүн топторунда коюлган ар бир тапшырманы чогуу талкуулашат. Талкуулоодон кийин өздөрүнүн топ узатуу аракеттерин көрсөтүшөт. Окуучулар өздөрүнүн жоопторун беришет. | Чакан топтордо иштөө. Тапшырманы аткарууга 20 минут берилет. Ар бир топтун аткаруусуна 5-10 минут берилет. |
| 4 | Жаңы окуу материалын жалпылоо, баштапкы бышыктоо. | Окуучулардын топтогу иши жалпыланат. | Окуучулар тапшырмаларын салыштырышат жана аткарышат. | Суроо-жооп. |
| 5 | Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо. | Кайра байланыш алуу үчүн суроо берилет: Окуучулардын аткарган иштерине карай баа коюлат. | Ар бир окуучу өзүнүн жоопторун оозеки айтышат. | Кайтарым байланыш |
| 6 | Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу жана рефлексия: | Окуучулардан алынган өтүнүчтөрдүн негизинде комментарийлерди жасалат жана окуучулардын суроолоруна жооп берилет. | Суроо беришет. | Суроо-жооп. |
| | Үйгө тапшырма | Топту төмөндөн узатууну үйрөнүп келүү | Берилген тапшырманы өз алдынча аткарышат. | |