СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дени соо адам бактылуу экенин билүү керек

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дени соо адам бактылуу экенин билүү керек»


Сабактын темасы: Дени соонун - жаны соо

Сабактын максаты:

  • Окуучунун ден-соолугун коргоо, сактоо жана чыңдоо. Алардын ден-соолугуна кам көрүү үчүн, айрым өнөкөт ооруларын коррекциялоо максатында мектептин медициналык кызматкери менен кызматташам.

  • Спортко, дене-тарбия сабагына карата окуучулардын туура мамилесин калыптандырам.

  • Окуучуларды ар дайым таза жүрүүгө үйрөтүү, алардагы жалкоолукту жоюу.

  • Ден-соолукка байланыштуу көптөгөн пайдалуу кеңештер менен тааныштырам.

  • Окуучулардын ден-соолукка болгон кайдыгер көз караштарын жоюп алардын логикалык ой-жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү жана сабакка болгон кызыгууларын шыктандырам.

Сабактын тиби: Аралаш.

Сабактын методу: Интерактивдүү

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу-3мин

Υй тапшырмасын кайталоо-10мин

Жаңы темада сөз кылуу-24мин

Жыйынтыктоо-8мин

Υйгө тапшырма

Уюштуруу Учурашуу.

Классты жоктоо.

Үйгө берилген тапшырманы текшерүү.

Кыргыздар туура тамактанууга көп деле көңул бурушпагандыктан улгайган курактагы адамдардын тамак сиңирүү органдары оорууга көп чалдыгаарын дарыгерлер баса белгилеп жүрүшөт. Ал эми туура тамактануу өмүрдүн узак болушуна, ден соолуктун чың болушуна өбөлгө түзөт эмеспи. Тамак адамга күч кубат гана бербестен анын жашоосунун ажырагыс фактору болуп эсептелет. Тамактанууга япондор өзгөчө көңүл буруп, ал тургай бул тууралуу мыйзам да кабыл алышкан. Аларга көбүнчө сууга бышкан күрүч бааланат. Ал эми Африкадагы кээ бир улуттарда курт кумурска башкы сыйлуу тамак катары бааланат. Италияда болсо кыргыздар үчүн анча баалуу болбогон «макарон» тамагы бааланат. Бирок япондор же башка улуттардын жеген тамак-аштары кыргыздарга жакпай калышы мүмкүн. Анткени ар бир улуттун өзүнүн аш казанына жаккак улуттук тамак ашы болот жана ал улуттук ашкананы түзөт.

Кечки тамактан кийин дароо жатууга болобу? деген суроого биздин диатологдор мындай деп жооп берет:

Адам канчалык көп иштесе, ошончолук тамактанышы керек деген принцип бар. Бул принципти айылда жашагандар көбүрөөк колдонсо болот. Шаардыктар көбүнчөсү аз кыймыл аракет жасагандыктан, көпчүлүгү жаш кезде эле толуп кетишет.

Дүйнөдөгү бардык диатологдор кечки саат 6 дан кийин тамак өтөзыяндуу деп жүрүшөт. Ал эми биздин ата-бабаларыбыз тамактын күчтүүсүн кечинде жейт эмеспи. Америкада болсо калктын 47%ти кубатуу тамакты кечинде жешет. Бул туура эмес. Кечки тамакты иче салып жатууга кам көрүү жарабайт, жатаарга же уйкуга 2 саат калганда ичкени оң. Эң акыркы тамакты кечки саат сегизде ичкен оң. Эң акыркы тамакты кечки саат сегизде ичкен оң. Ал эми туура тамактангысы келгендер төмөнкү эрежени эске алганы оң.

Күнүмдүк рациондон:

  • 25%-эрте мененки тамак

  • 45%-түшкү тамак

  • 35%-кечки тамакты түзгөнү ыңгайлуу.

Бул тамактануунун экинчи принциби. Үчүнчү принциби тамакты аздан жеп жана түрлөп жеген сиңимдүү болот деген да принцип бар. Тамакты мүмкүн болсо майдалап жеген туура. Бул-ашказан ооруларынын алдын алуучу жана семирип кетүүдөн сактоочу бирден бир курал. Качан тамакты шашып бушуп майдалабай жегенде, табити тартпай турса да жөн эле курсак тойгузуу үчүн ичкенде, тамак сиңирүү органдарына күч келип, ошондон улам ар кандай жара оорулары пайда болуусу мүмкүн. Кийинки принцип тамак аштын температурасына байланыштуу. Көп учурда айылдагы жеңелерибиз же апаларыбыз самоорду шарактата кайнатып, ыссык чайдан ырахаттана ууртаганды жакшы көрүшөт. Бирок алдыга келген биринчи тамакты же сунулган чайды 65-75 градустан жогорку температурада ичкенибизде, кызыл өңгөчтө ашказанда ар кандай даражадагы күйүктөр пайда болуп, кийин ал шишик оорууларына чалдыктырышы мүмкүн.

Жаштыктын деми жашылча жана мөмө-чөмөлөрдө.

Кана балдар силер айткылачы ден-соолукка кам көрүү үчүн андай иштерди жасоо керек экен?

Тиешелүү жоопторду алган соң «Азаматсыңар!». Эми айткылачы мөмө-жемиштердин кандай пайдалуу жактары бар биздин ден-соолугубузга?

Эсиңерге туткула!

Тамактануунун гигиенасы:

Балдар, силер ойногондо, сабак окуп жатканда же иштегенде ар кандай нерселерди кармайсыңар. Бул учурда силердин колуңар булганат, анда микробдор да болот. Тамактанып жаткан кезде ал микробдор жашылча-жемиштер менен кошо адамдын жана жаныбарлардын денесинде жашоочу өтө зыяндуу курттардын-глитердин жумурткаларын жутуп алышыңар мүмкүн. Андан сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди эске тутуу жана аткаруу керек. Тамак ичээрдин алдында колуңарды самындап жуугула. Таза жуулган идиштен тамактангыла. Жашылча-жемиштерди кайнаган суу менен жакшылап жуугула. Күнүгө төрт жолу тамактангыла. Кечки тамакты уктаарга 2 саат калганда ичкиле, тамак ичип жатканда шашпагыла, тамакты жакшылап чайнагыла.

Мектеп окуучусунун тамактануу режими:

Окуучу сабак башталардын алдында эттен, балыктан, быштактан же сүттөн жасалган тамактарды ичүүсү зарыл. Эрте мененки толу каш болумдуу тамак акыл жана кара күч иштерине жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Эрте менен тамак ичүү, (3 сабактан кийин) болжол менен 11 де булочка менен чай же кофе ичүү керек, ал эми саат 3-4төрдө үйдөн же мектеп ашканасынан тамактануу керек. Кечки тамакты жатаардан 2 саат мурда сүттүү же жашылчалуу тамак-аштарды ичүү керек.

Зыян келтирүүчү жагдайлар:

  • Өсүп келе жаткан организмге ар дайым чала тоюу, ачка жүрүү диетасы чоң зыян келтирет.

  • Балдардын эрте мененки мектепке бараарда аз жана шашып тамактанышат же тамак жебей кетиши туура эмес.

  • Кургак тамактанууга, басып жүрүп, китеп окуп жатып же телевизор карап отуруп тамактанууга болбойт.

Балдар, көрдүңөрбү, силер дайыма туура тамактанып, спорт менен машыгып ден соолугуңарга кам көрүп жүрсөңөр, эч качан сабактан калбайсыңар, дайыма окууга, ишке болгон жөндөмүңөр өсүп турат. Дениңер сак болуп, алты саныңар аман болсо бардык ийгиликтерди багынтасыңар, келечекте коомго, мамалекетке, үй бүлөгө пайда алып келе турган инсан болуп чоңоёсуңар.

Сабакты жыйынтыктоо: Ар бир окучу мына ушуларды эске тутуусу зарыл. Ден-соолукка байланыштуу кандай суроолор бар? Туура тамактануунун пайдалуу жагы барбы? деген суроолорго жооп алам.

Үйгө тапшырма: Ден-соолук менин биринчи байлыгым деген темага сүрөттөлгөн аңгеме түзүп келүү.