ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Тема: Диалектика жана анын альтернативалары
Окутуучу: Айтиева.Г
Студент: Советбек кызы Зулайка
Группа: Ин-20
Диалектика тушунугу- диалог-грек тилинен которгондо – маектешуу чеберчилиги
деген терминден келип чыккан. Диалектика термини антикалык демократия учурунда гректер оздорунун суйлогон идеяларын далилдоо максатында, маектешуу чеберчилигине жетишууго аракет жасашкан.
Диалектика маектешуунун чеберчилиги катары орто кылымда онуккон. М: Орто кылымда Пьер Абелярдын “Ооба жана жок” деген эмгегинде диалектика – диалог катары маектешуу чеберчилигине жетууну тушундургон. Окутуучуга суроо берилет. Окутуучу жогорку деѐгээлде жооп беруусу зарыл бо лгон .
Болмуштун бардык формалары жана турлору озгоруу менен тыгыз байланышта
болот. Философиялык ойлордо онугуу, озгоруу бар экендигин таануу ото кыйынга турган, коп убакыт бою космос, осумдуктор, жаныбарлар, адамдар озгорбойт деген идея устомдук кылган. Бирок бардык нерселердин онугуусу тууралуу байыркы Кытай, Индия жана Антикалык Грециянын ойчулдары алгачкы изилдоолорду жургузушкон.
Мисалы: Гераклит онугууну, озгорууну отко, дарыяга окшоштурган. Кыймылдын
болушу онугууго же озгорууго алып келет. Байыркы Грек философу Зенон механикалык кыймылды тушунуунун ото татаалдыгын сурооттого аракет кылган. Гегель озунун диалектика теориясында: Тезис-антитезис-синтез формуласын тузгон.
Бугнку кундо дилектика – табияттагы, адам коомундагы жана аѐ сезиминдеги
онугуу жонундогу окуу. Диалектиканын калыптануу тарыхы татаал изилдоолордон, окуулардан турат.
Диалектика – онугуу жолунда томондогудой тарыхый формаларга ээ:
1.Байыркы философиянын диалектикасы.
2.Немец классикалык философиясынын идеалистик диалектикасы.
3.Материалистик диалектика.
Байыркы Диалектикалык окуулар: жонокой кундолук, практикалык билимдерге таянат. М: Гераклит дарыянын агымын коруп туруп, бир жолу тушкон сууга экинчи жолу тушуу эч качан мумкун эмес, ал чексиз, туболуктуу кыймылдын, озгоруунун мейкиндигинде турат деп белгилеген.
2. Диалектиканын принциптери.
Принцип-латын тилинен которгондо негиз дегенди тушундурот. Бугунку кундогу философия томонкудой прнциптерди колдонот.
Принциптер:
1. Онугуунун принциби
2. Жалпы байланыштар жонундо принциби
3. Историзм принциптери
4. Себептуулук принциптери
5. Системалуулук принциптери
1. Табиятты канчалык терең изилдеген сайын табиятта ошончолук кыймыл жана онугуу болуп жатканын байкоого болот. Дуйно бутпос идеялардан, кубулуштардан, процестерден турат. Процесс гана чыныгы акыйкат боло алат. Диалектика онугуунун комплекстуу окуусу катары – табияттагы онугууну жана жок болууну изилдейт.
2. Оногуу менен прогресс термини бири-бири менен дал келет, онугуу жаѐы касиеттердин пайда болушу менен шарталат. М: адамдын каршы турмуштун регрессивдуу корунушу б.а. онугуунун томон карай багытталышы, бирок бул жерде онугуу процесси жогору карай да жылышы мумкун. Анткени каары адам жаштардан тажрыйбалуулугу жана илимий билимдерди коп топтогондугу менен айырмаланат.
Диалектиканын категориялары- дуйнодогу нерселердин ортосундагы байланыштарды жана карым- катнаштарды чагылдырат.
Жеке илимдердин категорияларына салыштырмалуу диалектиканын категориялары жалпы муноздуу, дуйнонун бардык чойролоруно таандык.
Диалектиканын категориялары экиге болунот:
1. Жуп категория- бири-бири менен тыгыз байланышта, бири-бирисиз жашай албайт.
2. Жуп эмес категория- бири-бирисиз эле жашай берет. М: материя, аѐ – сезим.
Диалектика – бул жаратылыштын, коомдун, ойлоонуунун жалпы онугуу жана байланыштары жонундогу философиялык окуу.
Диалектиканын категориялары томонкулор:
1.Жекелик, жалпылык, озгочолук;
2.Мазмун жана форма;
3.Маңыз жана кубулуш;
4.Себеп жана натыйжа;
5.Кокустук жана зарылдык;
6.Мумкундук жана чындык;
7.Эркиндик жана зарылдык;
8.Бутун жана болукчо;
а) Система, структура, элемент
1. Жекелик бул жалаң гана ушул нерсеге таандык болгон нерселерде кайталанбаган касиети бар. Жалпылык ар бир нерседе бир катар башка нерселерге окшош жактары жана каиети бар б.а. жалпы берилет. Озгочолук жекелик менен жалпылык ортосунда журот.
2. Мазмун бул нерсенин ички жагы. Форма тышкы жагы. Форма экиге болунот. А)ички форма нерсенин ички тузулушу; б) тышкы форма нерсенин сырткы корунушу.
3. Маѐыз жана кубулуш. Кубулуш бул дуйнодо болгон ар турдуу нерселер кубулуштар, маѐыз кубулуштун негизинде жаткан нерсе. Кубулуш ар дайым маѐыздан келип чыгат.
М: кун менен тун алмашып, жер айланат.
4.Себеп жана натыйжа. Дуйнодо бардык нерселердин кубулуштардун себеби бар. Себепстуу нерсе жок деген коз караш детерменизм, бардыгы себептуу жаралат. Ал эми субьективдуулукту четке кагып дуйнодогу кубулуштар себепсиз боло берет деген агым индетерминизм деп аталат. Себеп бул нерсенин, кубулуштун, процесстин негизинде жаткан нерсе. Натыйжа себеп жараткан окуя, кубулуш. Алардын диалектикасында себептен бир нече натыйжа чыгышы мумкун.
5. Кокустук жана зарылдык. Зарылдык созсуз боло турган нерсе. Кокустук зарылдыктан келип чыгат. Кокустук зарылдыкты толуктоочу форма. Зарылдыктын максатына жетиш учун бир нече кокустуктан отуу керек. Дуйнодо бардык нерселер зарылдык гана турдо отот.
6. Мумкундук жана чындык. Чындык бул реалдуулукта бар нерсе ал эми мумкундук дуйнодо боло турган же болбой турган нерсе.
7. Эркиндик бул таанып билинген зарылдык б.э. эркиндик жана зарылдык тыгыз байлышта. Адам канчалык зарылдыкты таанып билсе ошончолук анын эркиндиги кеѐейет. Коомдо абсалюттук эркиндик жок.
8.Бутун жана болукчо. Бутун болукчолордон турат б.а. бутун болукчолордун суммасы. Система бул ушул татаал бутундуктун элементи жана структурасы, биримдиги. Бутун жана болукчо категориясы диалектиканын негизги катмары б.э. Бутун деген нерселерди толук камтыйт, болукчо анын элементтери болуп калат. Элемент бул татаал бутун нерсенин оз алдынча составдык болугу. Структура бул элементтин толуктап камсыз кылат ошол нерселердин байланышынын катышы. Система бул ушул татаал бутундуктун элементи жана структурасынын биримдиги.