СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диндин алгачкы формалары

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Диндин алгачкы формалары болгон тотемизм, фетишизм, анимизм, мифология  жана шаманизм тууралуу маалымат берилген 

Просмотр содержимого документа
«Диндин алгачкы формалары»

Тема : Диндин алгачкы формалары  Аткарган:  Ишенбек уулу Бакберген Текшерген : Карасартова Чынаркүл Жумашовна

Тема : Диндин алгачкы формалары

Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген

Текшерген : Карасартова Чынаркүл Жумашовна

План: 1. Тотемизм 2. Анимизм 3. Фетишизм 4. Мифология 5. Шаманизм 6. Колдонулган адабияттар

План:

  • 1. Тотемизм
  • 2. Анимизм
  • 3. Фетишизм
  • 4. Мифология
  • 5. Шаманизм
  • 6. Колдонулган адабияттар
Тотемизм  Тотемизм (гр.— башталыш, негиз деген мааниде, түндүк америкалык индеецтердин of-ofem деген сөзүнөн, “анын уруусу” дегенди билдирет) — адамзат коомунун өнүгүшүнүн алгачкы баскычындагы элдин мифологиялык түшүнүгү. Тотемизм — уруучулук коомдогу диний ишенимдердин жана каадалардын жыйындысы, диндин байыркы формасы. Тотемдик түшүнүктөр уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон.

Тотемизм

  • Тотемизм (гр.— башталыш, негиз деген мааниде, түндүк америкалык индеецтердин of-ofem деген сөзүнөн, “анын уруусу” дегенди билдирет) — адамзат коомунун өнүгүшүнүн алгачкы баскычындагы элдин мифологиялык түшүнүгү. Тотемизм — уруучулук коомдогу диний ишенимдердин жана каадалардын жыйындысы, диндин байыркы формасы. Тотемдик түшүнүктөр уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон.
 Тотемизм байыркы убакта дүйнөдөгү көп элдерге тарап, алардын материалдык жана маданий турмушуна өз таасирин тийгизген. Бир тотемдин тукуму делинип эсептелген уруу же топ өз ич ара кыз алып, кыз беришпейт. Кээ бир элдер тотем жандыктын этин жешпейт. Айрым элдерде тескерисинче, тотем жандыктын эти касиеттүү күч-кубат берет деген ишеним бар. Мына ушундай көз караштардын чагылдырылышы түрк, моңгол, иран урууларында жылкы, бука, ит, бөрү, төө, бугу, буура, короз жана башка жаныбарлардын культу менен тыгыз байланышкан.
  • Тотемизм байыркы убакта дүйнөдөгү көп элдерге тарап, алардын материалдык жана маданий турмушуна өз таасирин тийгизген. Бир тотемдин тукуму делинип эсептелген уруу же топ өз ич ара кыз алып, кыз беришпейт. Кээ бир элдер тотем жандыктын этин жешпейт. Айрым элдерде тескерисинче, тотем жандыктын эти касиеттүү күч-кубат берет деген ишеним бар. Мына ушундай көз караштардын чагылдырылышы түрк, моңгол, иран урууларында жылкы, бука, ит, бөрү, төө, бугу, буура, короз жана башка жаныбарлардын культу менен тыгыз байланышкан.
Анимизм  Адамдар тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга, күнгө, ай-жылдызга, жерге, сууга, отко, булактарга жана башкаларга сыйынышкан, алардын ээсине арнап курмандык чалышкан. Анимизмдин негизги жоболорунун бири: асман, жер жана суу ээсине, анын колдоочулугуна, зыян келтирүүчүлүгүнө ишенүү. Анимизм (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө ээ, аларды үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним.

Анимизм

  • Адамдар тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга, күнгө, ай-жылдызга, жерге, сууга, отко, булактарга жана башкаларга сыйынышкан, алардын ээсине арнап курмандык чалышкан.
  • Анимизмдин негизги жоболорунун бири: асман, жер жана суу ээсине, анын колдоочулугуна, зыян келтирүүчүлүгүнө ишенүү.
  • Анимизм (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө ээ, аларды үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним.
Фетишизм  Фетишизм (фр. fetiche – идол, талисман, амулет) – өзгөчө, табигаттын тышкаркы күчкө, сыйкырга ээ, жансыз предметтердин (фетиштер) культу, аларга сыйынуу, ишенүү. Байыркы доорлордогу бардык эле элдерге мүнөздүү. анын сакталган калдыктары катары – тумар, көз мончок коргоочу күчүнө ишенүүчүлүк саналат.  Фетиш нерселердин (мисалы, тумар, крест) адам тагдырына таасирберүүчү кереметине ишенүүдөн көрүнөт. Ошондой эле байыркы адамдардын дүйнө таануу жана түшүнүү жаатындагы мифологиялык-фантастикалык ой жүгүртүүгө негизделген идеологиянын өзгөчө бир формасы болуп эсептелет.

Фетишизм

  • Фетишизм (фр. fetiche – идол, талисман, амулет) – өзгөчө, табигаттын тышкаркы күчкө, сыйкырга ээ, жансыз предметтердин (фетиштер) культу, аларга сыйынуу, ишенүү. Байыркы доорлордогу бардык эле элдерге мүнөздүү. анын сакталган калдыктары катары – тумар, көз мончок коргоочу күчүнө ишенүүчүлүк саналат.
  • Фетиш нерселердин (мисалы, тумар, крест) адам тагдырына таасирберүүчү кереметине ишенүүдөн көрүнөт. Ошондой эле байыркы адамдардын дүйнө таануу жана түшүнүү жаатындагы мифологиялык-фантастикалык ой жүгүртүүгө негизделген идеологиянын өзгөчө бир формасы болуп эсептелет.
Магия  Магия (гр. mageia –  сыйкыр ) – дүйнөгө (жаратылыш кубулуштарына, адамдарга, рухтарга)  табият тан тышкаркы жолдор менен таасир берүүгө чакырылган сыйкырчылык, арбоочулук, көз байлоочулук,  ырым-жырымдар . магиялык аракеттердин ар кандай түрлөрү жамааттын жашоо-тиричилигинин ар кандай жактары менен байланышкан. Магия тиричиликтик магия (жамгыр чакыруучу, күндүн көзүн байлоочу аңчылыкта жолдуулукту камсыз кылуучу ырым-жырымдар), дарылоочу магия, зыян келтирүүчү магия («жолдон чыгаруу», «кара магия») жана башкалар.

Магия

  • Магия (гр. mageia –  сыйкыр ) – дүйнөгө (жаратылыш кубулуштарына, адамдарга, рухтарга)  табият тан тышкаркы жолдор менен таасир берүүгө чакырылган сыйкырчылык, арбоочулук, көз байлоочулук,  ырым-жырымдар . магиялык аракеттердин ар кандай түрлөрү жамааттын жашоо-тиричилигинин ар кандай жактары менен байланышкан.
  • Магия тиричиликтик магия (жамгыр чакыруучу, күндүн көзүн байлоочу аңчылыкта жолдуулукту камсыз кылуучу ырым-жырымдар), дарылоочу магия, зыян келтирүүчү магия («жолдон чыгаруу», «кара магия») жана башкалар.
Мифология   Кыргыз мифологиясында адамга жана анын байлыгына, көчмөндөрдүн мал-жанына зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон, түрдүү жин-шайтандар чоң орунду ээлейт. Мифология -ата-бабанын арбагына сыйынуу – ата -бабаларынын сөөгү коюулган жерлерди коргоо жана ал жерлерди ыйык тутуу. Өлгөн адамдар жөнүндө жаман пикир айтпаш керек, өлүк коюлган күмбөз, мүрзөлөр “ыйык жерлер” деп эсептелген. Ал жерлерге ата-бабаларга арнап жаныбарлар курмандыкка чалынган.

Мифология

  • Кыргыз мифологиясында адамга жана анын байлыгына, көчмөндөрдүн мал-жанына зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон, түрдүү жин-шайтандар чоң орунду ээлейт.
  • Мифология -ата-бабанын арбагына сыйынуу – ата -бабаларынын сөөгү коюулган жерлерди коргоо жана ал жерлерди ыйык тутуу. Өлгөн адамдар жөнүндө жаман пикир айтпаш керек, өлүк коюлган күмбөз, мүрзөлөр “ыйык жерлер” деп эсептелген. Ал жерлерге ата-бабаларга арнап жаныбарлар курмандыкка чалынган.
Шаманизм  «Шаман»  сөзү («ша-ман» деп айтылат). Уде дарыясынын боюнда жашаган тунгустардын тилинен келген. Кыргыз тилине которгондо, ал «акылман адам», «бир нерсени билген адам» дегенди билдирет. Өз денесинин чектөөлөрүнөн чыгып, акыл-эсинин чектерин кеңейтип, өзгөчө касиеттерге ээ болгон жана терең рухий тажрыйбаны башынан өткөргөн адам - шаман деп эсептелген.

Шаманизм

  • «Шаман» сөзү («ша-ман» деп айтылат). Уде дарыясынын боюнда жашаган тунгустардын тилинен келген. Кыргыз тилине которгондо, ал «акылман адам», «бир нерсени билген адам» дегенди билдирет. Өз денесинин чектөөлөрүнөн чыгып, акыл-эсинин чектерин кеңейтип, өзгөчө касиеттерге ээ болгон жана терең рухий тажрыйбаны башынан өткөргөн адам - шаман деп эсептелген.
Кыргыздар эркек шамандарды (бакшы), аялдарын (бүбү-бакшы) деп аташкан. Шамандар эки категорияга: кара жана ак бакшыларга бөлүнүшкөн. Кара бакшылары эң кубаттуулары деп эсептелген. Анткени, алар кара жиндерди кубалай алышып, ошондой эле, кааласа аларды башка адамдын же жаныбардын денесине жөнөтө алган. Ак бакшылар өсүмдүк, жаныбар жана минералдык тектеги дарылоо каражаттарын ийгиликтүү пайдаланышкан.  Ак бакшылардын ырымдары — көз тийүүнү алып салуу, жолун ачуу, балдардын атын которуу жана башка дубаларды окуу, тумар чийүү иштерин жасашкан. Кыргыз бакшылары көз, тиш, кол жана бут ооруларын, ичеги-карын ооруларын, шал оорусун жана нерв- психикалык ооруларды дарылай алышкан.
  • Кыргыздар эркек шамандарды (бакшы), аялдарын (бүбү-бакшы) деп аташкан. Шамандар эки категорияга: кара жана ак бакшыларга бөлүнүшкөн. Кара бакшылары эң кубаттуулары деп эсептелген. Анткени, алар кара жиндерди кубалай алышып, ошондой эле, кааласа аларды башка адамдын же жаныбардын денесине жөнөтө алган. Ак бакшылар өсүмдүк, жаныбар жана минералдык тектеги дарылоо каражаттарын ийгиликтүү пайдаланышкан.
  • Ак бакшылардын ырымдары — көз тийүүнү алып салуу, жолун ачуу, балдардын атын которуу жана башка дубаларды окуу, тумар чийүү иштерин жасашкан. Кыргыз бакшылары көз, тиш, кол жана бут ооруларын, ичеги-карын ооруларын, шал оорусун жана нерв- психикалык ооруларды дарылай алышкан.
Колдонулган адабияттар  Государственнаяполитика в религиозной сфере: законодательыне основы, Концепция и«традиционный ислам» в Кыргызстане, Б., 2015г.,www.Religion.gov.kg Энциклопедия религий и религиоведение- ReligioPolis, www.religiopolis.org4. Куприянова Г.М. Взаимодействие религиозной и политической сфер общества: история и современность/Вестник БДУ, 2011г.,сер.3, №2 5.Политология: Лексикон. Под редакцией А.И. Соловьева. М.: Российскаяполитическая энциклопедия (РОССПЭН), 20076. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004  ISBN 9967-14-020-8

Колдонулган адабияттар

  • Государственнаяполитика в религиозной сфере: законодательыне основы, Концепция и«традиционный ислам» в Кыргызстане, Б., 2015г.,www.Religion.gov.kg
  • Энциклопедия религий и религиоведение- ReligioPolis, www.religiopolis.org4.
  • Куприянова Г.М. Взаимодействие религиозной и политической сфер общества: история и современность/Вестник БДУ, 2011г.,сер.3, №2
  • 5.Политология: Лексикон. Под редакцией А.И. Соловьева. М.: Российскаяполитическая энциклопедия (РОССПЭН), 20076.
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004  ISBN 9967-14-020-8
Көңүл бурганыңызга  чоң рахмат !!!

Көңүл бурганыңызга чоң рахмат !!!