СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дискреттик кокус чоңдук

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дискреттик кокус чоңдук»

Кокус чоңдуктар

Аныктама. Сыноонун жыйынтыгында бирден бир гана мүмкүн болгон маанини тийиштүү ыктымалдыгы менен кабыл алган жана алдын ала эсепке алынбаган ар кандай себептерден көз каранды болгон чоңдукту кокус чоңдук деп атайбыз.

Кокус чоңдуктарды X,Y,Z, … чоң тамгалары, ал эми алардын мүмкүн болгон маанилерин x, y, z, … тийиштүү кичине тамгалары аркылуу белгилейбиз.

Кокус чоңдуктар экиге бөлүнөт:

  1. Дискреттик кокус чоңдук,

  2. Үзгүлтүксүз кокус чоңдук.

Аныктама. Эгерде, сыноодо мүмкүн болгон маанилерден тийиштүү ыктымалдыгы менен бир гана маанини сөзсүз кабыл ала алса, аны дискреттик кокус чоңдук деп атайбыз.

Аныктама. Мүмкүн болгон маанилеринни көптүгү кандайдыр бир чектүү же чексиз интервалды түзгөн кокус чоңдук, үзгүлтүксүз кокус чоңдук деп аталат. Үзгүлтүксүз кокус чоңдуктун мүмкүн болгон маанилеринин саны дайыма чексиз болот.

Дискреттик кокус чоңдуктардын бөлүштүрүү мыйзамы

Дискреттик кокус чоңдук өзүнүн бөлүштүрүү мыйзамы аркылуу берилет.

Аныктама. Кокус чоңдуктун бардык мүмкүн болгон маанилери менен алардын тийиштүү ыктымалдыктарынын ортосундагы ар кандай туюнтууну анын бөлүштүрүү мыйзамы деп атайбыз.

Бөлүштүрүү мыйзамы: а) таблица түрүндө,

б) график түрүндө,

в) аналитикалык түрдө (формула түрүндө)

берилиши мүмкүн.

Дискреттик кокус чоңдуктун бөлүштүрүү мыйзамы көбүнчө таблица түрүндө берилет, башкача айтканда, мүмкүн болгон маанилери жана тйиштүү ыктымалдыктары менен берилген Х дискреттик чоңдугу төмөндөгүдөй жазылат:

Х





Бул кокус чоңдуктун бөлүштүрүү мыйзамы туура экендигин текшерүү үчүн

барабардыгын колдонобуз.

Дискреттүү кокус чоңдуктун бөлүштүрүү мыйзамын график түрүндө берүү үчүн, тик бурчтуу координата системасында чекиттерин таап, аларды кесиндилер менен удаалаш туташтырып коюш керек. Пайда болгон фигура бөлүштүрүү көп бурчтугу деп аталат.

Ал эми бөлүштүрүү мыйзамынын аналитикалык түрдө берилиши ар түрдүү болот. Алардын ичинен төмөнкүлөрдү: 1) Биномдук, 2) Пуассондук, 3) Геометриялык бөлүштүрүүлөрдү айтууга болот.