СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Для школы.Поурочный план

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Для школы.Поурочный план»

Сабактын темасы: “Компьютердин түзүлүшү”



Максаттары:

Көрсөткүчтөрү:

Билим берүүчүлүк

Окуучулар компьютердин негизги түзүлүшүн жана анын аткарган кызматтарын билишет.


Окуучулар компьютердин негизги түзүлүшүн жана анын аткарган кызматтарын билишсе.

Өнүктүрүүчүлүк

Интелектуалдык билгичтиктерин өнүктүрүү, (анализдөө, салыштыруу, жылпылоо), логикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгөт.

Интелектуалдык билгичтиктерин өнүктүрүү, (анализдөө, салыштыруу, жылпылоо), логикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшсө

Тарбия берүүчүлүк


Топтор менен иштөөдө ынтымактуулукка, биримдикке, маданияттуулукка көнүгүшөт.



Топтор менен иштөөдө ынтымактуулукка, биримдикке, маданияттуулукка көнүгүшсө

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү сабак

Сабактын жабдылышы: персоналдык компютерлер, доска, түстүү калемдер, таблицалар, ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1- этап. Уюштуруу

а) Саламдашуу б) Жагымдуу маанай түзүү в) Алтын эрежени кабыл алуу

Мугалимдин сөзү: Бүгүнкү өтүлө турган тема “Компьютердин түзүлүшү”

Мугалим окуучуларга сабактын максаттарын айтат. Кана эмесе балдар сабагыбызды үйгө берилген тапшырмаларды текшерүүдөн баштайлы.

Информатика илими эмне жөнүндө илим?

Объект деген эмне?

Көптүк деген эмне?

Келгиле анда ушул темаларга байланыштырып топтордун атын коюп алалы.

Объект тобу жана көптүк тобу.

2-этап: Жаңы теманы түшүндүрүү.

Компьютер- информация менен иштөөчү универсалдуу машина. “Универсалдуу” дегенибиз компьютердин түрдүү максаттар үчүн: ар түрдүү информацияны иштетүүдө, сактоодо, берүүдө, адам ишмердүүлүгүнүн көп кырдуу чөйрөсүндө колдонула тургандыгын баса белгилеп турат.

Компьютер кандайча түзүлгөн?

Компьютердин эң негизги түзмөгү Системдик блок.

Процессор-маалыматтарды иштетүүгө жана компьютердин иштөөсүн башкарууга арналат.

Клавиатура-компьютердин эсине информацияны киргизүү үчүн колдонулат.

Монитор- информацияны экранга чыгаруу үчүн же б.а. экранга информацияны чагылдыруу үчүн арналат.

Маус же мышка- компьютерди башкарууга арналган көрсөткүч, киргизүүчү түзүлүштөрдүн негизгилеринин бири.

Персоналдык компьютерге кошумча түзүлүштөрдү да туташтырса болот. джойстик, сканер, микрофон, принтер, колонка, наушниктер ж.б.

Булардын бардыгы аппараттык жабдылыш болуп эсептелинет.



3-этап. Топтордо иштөө:

Ар бир топко адашкан тамгалар берилет.

ИНФОРМАТИКА, КОМПЬЮТЕР, ПРИНТЕР, САБАК деген сөздөрдү курашат.

4-этап. Логикалык суроолор же табышмактар



6-Этап. Жыйынтыктоо

Баалоо. Топ- тобу менен баалоо.

Үйгө тапшырма. Компьютердин түзүлүшүн жаттоо.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!