КИТЕПКАНА
ДОЛБООРЛОР
ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР
"БИРГЕ ОКУЙБУЗ" ДОЛБООРУ
МЕТОД БИРИКМЕЛЕРДИН ПЛАНДАРЫ
Окууда жетишпеген балдар менен иштоо
Максаты:
1. Окуучулардын билим алуусунун денгээлин көтөрүү;
2. Балдардын окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин жөнгө салуу;
3. Ата-энелердин балдарынын окуусуна болгон жоопкерчилигин арттыруу;
4. Окуучулардын сабактардан начар окуп, классташтарына салыштырмалуу окуу материалын өздөштүрө албоосунун жана ордуна калып калуусунун алдын-алуу;
5. Предметтен окуу материалын туура өздөштүрүүсүнө жардам берүү;
Начар окуган окуучулар менен иштөө боюнча негизги багыттар
Окуучунун окуудан жетише албагандыгынын себебин аныктоо;
Начар окуган окуучуну сабактан жетишуусунө комплекстуу иштерди жургузуу: сабактан тышкаркы учурда иштоо, ата-энеси менен суйлошуу, сабак учурунда иштоо.
Класстан тышкаркы иш-чараларга тартуу;
Коомдук иштерге катыштыруу ж.б.
Окуучунун окуудан начарлоосунун себеби ар кандай болушу мумкун. Ар бир эле окучу жакшы окуганды каалайт деп ойлойм. Кээ бир учурларда сабактардан эки алып калганда бала окууга болгон кызыгы тарап, кээде ал сабакка катышпай да койгон кездер болот. Жыйынтыгында тартиби дагы начарлайт. Сабактан начар окуган бала өзүндөй болгон башка дагы бир начар окуган бала менен достошот, себеби жакшы окуган окуучунун жанында ал өзүн ылдый сезиши мумкун.
Окуудагы жетишпөө – бул окуучунун окуу программасын канааттандырарлык денгээлде өздөштүрө албоосу.
Анын себеби уй-булонун социалдык абалына жараша дагы болот. Башкача айтканда уй-булодо балага билим берүүгө көңүл бурулбай кеткенде болушу мумкун. Ата-энелер уйдон баласынын окуусуна конул буруп, тапшырмасын аткаруусуна жардам берип, мектеп менен тыгыз байланышта болсо, мындай проблема аз болмок.
Мугалим окуучуларды предметине кызыктыра алуусу, ар кандай интерактивдуу методдорду колдонуусу дагы сабактын эффективдуулугун жогорулатып начар окуган окуучулардын предметке болгон кызыгуусу артып окууга конул бура баштайт.
Начар окуган окуучулар менен иштөө планы
№
Аткарылуучуиштер
мооноту
жооптуу
1
Класстагы окуучулардын билим денгээлин аныктоо максатында контролдук иштерди алуу
сентябрь
Предметтик мугалим
2
Окуучунун сабактан жетише албагандыгынын себебин аныктоо учун класс жетекчиси, ата-энеси жана окуучунун өзү менен суйлошуу
Жыл бою
Предметтик мугалим
3
Окуучунун предметnен окуу программасын оздоштуро алуусуна жетишуу учун индивидуалдык план тузуу
Предметтик мугалим
4
Сабакта начарокуган окуучуларга дифференцирленген тапшырмаларды беруу
Жыл бою
Предметтик мугалим
5
Окуучунун предмет боюнча жазган дептерин текшерип туруу
Жыл бою
6
Сабактан тышкаркы учурларда окуучуга жекече тапшырмаларды беруу
Жыл бою
7
Начар окуган окуучулар менен иштөөдө класс жетекчинин милдеттери
Класс жетекчи классындагы окуучунун окуудан жетише албагандыгынын себебин аныкташы керек. Ал учун жекече ангемелешип, мектептин психологуна кайрылып, ата-энеси менен ангемелешип ар кандай иш-аракеттерди аткаруу менен себебин аныкташы зарыл. Баланын сабактардан жетише албай, начар окугандыгынын себеби:
Сабактарды көп калтыруусу;
Үйдөн тапшырмаларды аткарууда ата-эне тарабынан контролдун жоктугу;
Жөндөмсүздүгү;
Окууга болгон каалоосунун жоктугу;
Тапшырманын көлөмүнүн өтө көптүгү;
Мугалим тарабынан окуучуну баалоонун объективдүү эместиги;
Окуу материалынын кыйындыгы;
Ден-соолугунун начарлоосу.