Документтерди китеп ориентациясында даярдоо
Максаты: Текстти клавиатурадан терүүнүн жана форматтоонун практикалык көнүмүштөрүнө (навыктарына) ээ болуу.
Өз алдынча иштөө үчүн тапшырма: Ушул документтин электрондук көчүрмөсүн
Microsoft Word тиркемесинде даярдагыла.
I. MS Word тиркемесин ишке кийирүү
MS Word тиркемесин ишке кийирүү төмөндөгү ыкмалардын бири аркылуу ишке ашырылат:
Пуск \ Программы \ Microsoft Office \ Microsoft Word маршруту боюнча;
☼ MS Office панелиндеги Microsoft Word значогун мыштын сол кнопкасы менен басуу аркылуу;
▼ Жумуш столундагы Microsoft Word программасынын ярлыгына мыштын сол кнопкасын эки жолу басуу аркылуу.
II. Word дун негизги жумуш экранындагы параметрлерди тандап алгыла.
1) Word окносун толук экран абалына келтиргиле; 2) Times New Roman шрифтин тандап, орус тилиндеги текст үчүн RU бөлүгүн, ал эми кыргыз тилиндеги текст үчүн KY бөлүгүн тандагыла;
3) Шрифтти 12 пт өлчөмүндө тандагыла; 4) Отобразить все знаки инструментин ишке киргизгиле;
5) Вид\Разметка страницы режимине өткүлө; 6) Вид\Линейка режимин ишке киргизгиле;
7) Документти кагаздын «Книжная» ориентациясында даярдагыла;
8) Беттин параметрлерин төмөнкүчө тандагыла: жогортон 2,0 см., төмөндөн 2,0 см., солдон 3,5 см., оңдон 1,5 см.
III. Текстти тергиле (абзацтарды, саптык интервалдарды эске алгыла, текстти терүүдөн мурда отобразить все знаки режимин өчүргүлө):
§1. Колонтитул
Беттин жогорку же төмөнкү бөлүгүнө жазылуучу каалагандай маалымат колонтитул деп аталат. (Шрифт Arial)
Көбүнчө колонтитулга беттин номери, документтин аталышы, дата, мекеменин аталышы же анын дареги жазылат. Колонтитулду түзүү үчүн төмөнкү маршрутту тандоо керек: Вставка\Колонтитулы\Верхний (нижний) колонтитул. Мисалы, фирманын аталышын: West Coast Sales жогорку же төмөнкү колонтитулга басып чыгарса болот.
§2. Абзацтардагы интервалдарды өзгөртүү
10. Саптар арасындагы интервалды өзгөртүү үчүн тиешелүү саптар жайгашкан абзацты бөлүп алгыла (выделите);
20. Төмөнкү маршрутту тандагыла:
Главная\Абзац\Отступы и интервалы\Междустрочный\Полуторный\Ок.
§3 Тизмелер
Тизмелер – бул номерленген же атайын белгилер коюлуп жазылган элементтердин тизмеги болуп эсептелет. (Шрифт Verdana).
Главная\Абзац\Многоуровневый список (нумерация, маркеры) командасы аркылуу: Маркированный, Нумерованный, Многоуровневый бөлүктөрүн көрүүгө болот. «Маркированный» бөлүгүнүн кнопкалары тизменин элементтеринин башталышына маркер деп аталуучу атайын белгилерди жайгаштырат. Маркерди берилген көптүктөн тандап алууга же түзүүгө болот.
«Нумерованный» бөлүгүндөгү кнопкалар тизменин пункттарын цифраларды, тамгаларды же рим цифраларын колдонуп номерлейт.
«Многоуровневый» бөлүгүндөгү кнопкалар көп деңгээлдүү маркирленген же номерленген тизмелерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
IV. Документти сактоодон мурда Предварительный просмотр режимин пайдалангыла;
V. Документти өзүңөргө ыңгайлуу папкага 1-жумуш деген ат менен сактагыла.
VI. Word программасынын ишин токтоткула;
VII. Проводник программасынын жардамы менен өзүңөр даярдаган документти ишке киргизгиле.