СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 16.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дос тандоо жана достуктун адеби

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дос тандоо жана достуктун адеби

Просмотр содержимого документа
«Дос тандоо жана достуктун адеби»

Дос тандоо жана дос күтүү жөнүндө

Ар дайым эсиңде болсун! Тирүү адам доссуз болбойт. Адамдын доссуз болгонунан көрөкчө жолдошсуз болгону ийги. Бир даанышмандан: "Дос жакшыбы, же жолдош жакшыбы?" — деп сураганда ал "дос жакшы" — деп жооп берген экен. Ошондуктан достуктун жолу жөнүндө ойлонгун, аларга белектер жөнөтүп, ар дайым адамкерчилик кылгын. Анткени, ким өз досун эстебесе, досу дагы аны түк эстебейт. Ал адам түбөлүк доосуз калат. Ар дайым дос күтүүнү адатка айландырган. Себеби, Кимдин досу көп болсо, анын айыптары да ашкере болбойт. Кадырбаркың жогорулайт. Арийне, жаңы дос тапканыңда, эски достон кол үзбөгүн. Алардан жүзүңдү үйүрбөгүн, Дайыма досуң көп болсун. Элде: "Мыкты дос — адамга чоң дөөлөт" — деген сөз бар. Адамдар тууралуу ойлоп көрсөң, алар сени менен достук мамиледе болушат. Алгач жарым дос болушат. Ушундайлар менен жакшы мамиледе болгун. Алар менен ар кандай жакшы жана жаман кырдаалда достошкун. Ошентип алар сенин көп жакшылыктарыңды көрсө, кийинчерээк акырындык менен ынтымактуу дос болот. Дагы эсиңде болсун, досуңдун достору дагы сенин досуң болуп эсептелет. Алардын сенин досуңа болгон достугу сенин достугуңдан дагы көбүрөөк болуусу ыктымал. Эгер досуң сенин душманыңды жакшы көрсө, андай достон этиет болгун. Досуң сага себепсиз күнөө кылса, анын достугуна таңданбагын. Дүйнөдө андан айыптуураак жана андан дагы жаманыраак адам жок. Түшүнгүн, дүйнөдө эч бир айыпсыз адам болбойт. Сен дайым ак көңүл, боорукер болгун. Адатта ак көңүл, боорукер адамдардын айыбы азыраак болот. Адамкерчиликсиз, кадырбарксыз адамдарды дос санабагын. Мындай адамдардын касиети болбойт. Мындай антташкан достордун тобуна кийирбегин. Анткени, алар тек гана убактылуу "Жарма достор", арнамыс тутуп достошпойт.

Жакшы менен жаманды ажырата тааный билгин. Экөөнө тең достук мамиле жаса. Жакшыларга чын дилиңден, жамандарга тил учунда достук мамиле жасагын. Ошону менен эки жамаат тең достук мамиле жасашат. Анткени, ар дайым эле өз досуна адамдын күнү түшүп турбайт. Айрым бир учурда зарылдыктын кесепетинен жамандарга да ишиң түшүп калат. Ошол себептүү эки жамаатка тең бирдей достук мамиледе болушуң кажет нерсе. Акылсыз адамдар менен эч убакта дос болбогун. Акылсыз дос акылдуу душмандан жаман. Акылсыз достун жасаган айрым бир ишин, акылдуу душман да жасабайт. Асылзаада, адамкерчиликтүү, илимдүү, ишенимдүү адамдар менен достошкун. Эч качан досторуңдун акысын жеп кетпегин.

Технология өнүккөнүнүн аркасында бүгүнкү күндө көптөр социалдык тармактардагы «достор» деген тизмеге кишилердин атын киргизип коюп эле жүздөгөндөр, атүгүл миңдегендер менен «достошо» алышат. Ал эми кимдир бирөө менен «достошкусу» келбей калса, жөн гана атын тизмеден өчүрүп салышат. Бирок Британияда болгон окуя көптөрдүн чыныгы достору жок экенин айгинелеп турат. Жакында жүргүзүлгөн бир сурамжылоодон, учурда социалдык тармактар аркылуу баарлашуу кеңири жайылганы менен, чыныгы достордун саны азайганы айкын болгон.

Силер да, көптөрдөй болуп, ар бир адамдын жакшы досу болушу керек дегенге, ошондой эле достошуу деген компьютердин же смартфондун баскычын басып коюудан да көптү билдирерине кошулат чыгарсыңар. Силердин оюңарча, чыныгы дос кандай болот? Канткенде өзүңөр да жакшы дос боло аласыңар? Достугуңар бекем болушу үчүн эмне кылышыңар керек?

Келгиле анда, ушуга байланыштуу 4 кеңешке токтолуп, Ыйык Китептеги акыл-насааттар жакшы дос болууга кантип жардам берерин карап көрөлү.

 1. Чын дилден досуңардын камын ойлогула

Чыныгы достук жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Башкача айтканда, жакшы дос достукка олуттуу карайт жана досуна чындап кам көрөт. Бирок достукка эки тарап тең жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Экөө тең күч жумшоого, өз кызыкчылыгынан баш тартууга даяр болушу кажет. Мунун акыбети сөзсүз кайтат. Андыктан: «Досум үчүн баарына даярмынбы? Өзүмдү, убактымды, каражатымды аябаймынбы?» — деп ойлонуп көргүлө. Жакшы дос табыш үчүн адегенде өзүңөр жакшы дос болушуңар керек экенин унутпагыла.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Ирэне: «Кооз бакча өстүрүү үчүн көп убакыт, күч-аракет талап кылынгандай эле, достук түптөлүшү үчүн да көп убакыт, күч-аракет талап кылынат. Эң алды, өзүңөр жакшы дос болгонго умтулгула. Боорукер болгула жана досуңардын жашоосуна чын ыкластан кызыкдар болгула. Ошондой эле муктаж болуп турганда, андан убактыңарды аябагыла».

Луиc Альфонсо: «Учурда коом башкалардын камын ойлоого эмес, өзүмчүл болууга үндөп келет. Ошондуктан кимдир бирөө сенден өтөлгөсүнө бир нерсе кылат деп күтпөй, жакшылык кылса, аябай ыраазы болосуң».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла... Бергиле, ошондо силерге да берилет» (Лука 6:31, 38). Муну менен Иса Машаяк өзүбүздү эле ойлобой, өзгөнү ойлогонго жана берешен болгонго үндөгөн. Берешендик достукту чыңдайт. Эгер пайда көрүүнү көздөбөй, досуңарга чын ыкластан жардам берүүгө дилгир болсоңор, ал силерге тартылып турат.

2. Жакшы пикир алышкыла

Дайыма пикир алышып турбаса, достук бекем болбойт. Ошондуктан чер жазыша сүйлөшүп тургула. Досуңардын айтканын кунт коюп уккула жана көз карашын сыйлагыла. Аны мактап, күч-кубат бере турган сөздөрдү айтып тургула. Айрым учурда досуңарга кеңеш берүү, атүгүл аны оңдоп-түзөө зарыл болушу мүмкүн. Андай кылуу дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок чыныгы дос досунун олуттуу катасын ачык айтат.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Хуан: «Чыныгы дос ичиндегисин жашырбайт. Ошондой эле анын оюна кошулбасаң, таарынбайт».

Яунес: «Мен, өзгөчө, кыйналып турганымда, менден убактысын аябаган, кунт коюп уга билген адамдарды абдан баалайм».

Силвина: «Чын ниеттен жакшылык каалаган достор, сага катуу тиерин билсе да, чындыкты айтышат».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19). Досуңарды уга билсеңер, ал силерге ыраазы болот. Ал эми өзүңөр эле сүйлөй берсеңер: «Сеникине караганда менин айткандарым маанилүүрөөк»,— дегендей болуп каласыңар. Андыктан досуңар бир нерсе айткысы келип жатканын сезе билгиле жана силерге карата кандай ойдо экенин ачык айтса, таарынбагыла. Ыйык Китепте: «Жакшы көргөндүн жаралаганы ишенимдүүлүгүнөн»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 27:6).

 3. Көптү талап кылбагыла

Адамга жакыныраак болгон сайын, кемчиликтери көбүрөөк көрүнө баштайт. Бирок досторубуз, биз сыяктуу эле, жеткилең эмес адамдар экенин унутпашыбыз абзел. Ошондуктан алардан жеткилеңдикти күтпөшүбүз да, талап кылбашыбыз да керек. Андан көрө, ката-кемчилигине көз жумуп, жакшы жактарына көңүл топтогонубуз жакшы.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Сэмуел: «Биз, адатта, өзүбүзгө караганда башкалардан көптү талап кылабыз. Эгер өзүбүздүн кемчиликтерибизди билсек жана өзүбүз да башкалардын кечиримине муктаж экенибизди түшүнсөк, кечиримдүү болобуз».

Даниэл: «Досубуз эч качан ката кетирбейт деп ойлобошубуз керек. Ошон үчүн кандайдыр бир көйгөй пайда болгондо, аны дароо чечип, досубузду кечиргенге аракет кылганыбыз абзел».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кечиримдүүсүңөрбү? (Колосалыктар 3:13, 14)

«Баарыбыз тең көп жаңылабыз. Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам» (Жакып 3:2). Ушуну унутпаганыбыз досторубузду туура түшүнгөнгө жардам берет. Мунун аркасында алардын бизди кыжырданткан кемчилигине көңүл бурбайбыз жана кетирген анча-мынча каталарына маани бербейбиз. Ыйык Китепте мындай деп да айтылат: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле... Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колосалыктар 3:13, 14).

 4. Ар кандай кишилер менен дос болгула

Албетте, досту да тандай билиш керек. Бирок бул бир курактагы же силердикиндей тарбия көргөн адамдар менен гана дос болуш керек дегенди билдирбейт. Ар кайсы курактагы, ар кандай маданияттагы жана ар улуттагы адамдар менен достошуу жашообузду байытат.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Унай: «Өзүңөр менен тең жана силер жактырган нерселерди жактырган кишилер менен гана достошсоңор, дайыма эле бир түстөгү кийим кийип жүргөнгө окшош болуп калат. Ал түстү канчалык жакшы көрбөгүлө, акыр-аягы, андан тажайсыңар».

Фуңке: «Ар кандай адамдар менен достошконум инсан катары жетилгениме жакшы шарт түзүүдө. Тек-жайы, курагы ар кандай кишилер менен дос болгонумдун аркасында башкалар менен бат эле тил табышып, жуурулушуп кеткенди үйрөндүм. Досторум ушунумду жактырарын айтышат».

Ар кандай кишилер менен достошосуңарбы? (2 Корунттуктар 6:13)

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Силерди балдарымдай көрүп айтып жатам: биздин мамилеге жооп кайтарып, силер да жүрөгүңөрдү кенен ачкыла» (2 Корунттуктар 6:13). Ыйык Китеп ар кандай адамдар менен дос болууга үндөйт. Баарына бирдей мамиле кылуу, ар кандай адамдар менен дос болуу жашооңорго көрк кошот. Ошондой эле башкалар да силерге тартылып турат.

































«Баластан» балдардын билим берүү чыгармачылык борбору

Компьютердик сабаттуулук ийрими











Класстык саат













Темасы: Дос тандоо жана дос күтүү адеби





Ийрим жтекчи: Маанова Ч.П.





Исфана 2020




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Поделитесь с друзьями
ВКонтактеОдноклассникиTwitterМой МирLiveJournalGoogle PlusЯндекс