СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 23.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дос жана достошуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

                                ДОС ЖАНА ДОСТОШУУ

Сабактын максаты:       

 -Дос, достук деген эмне экендигин түшүнүшөт;

-Текстти окуп, анын мазмунун түшүнүшөт;

-Жакшы,жаман достун кандай экендигин билишет;

-Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт.

Показать полностью

Просмотр содержимого документа
«Дос жана достошуу»













Тарбиялык саат



Тема: Дос жана достошуу





Арапбаева А.У

















ДОС ЖАНА ДОСТОШУУ

Сабактын максаты:

-Дос, достук деген эмне экендигин түшүнүшөт;

-Текстти окуп, анын мазмунун түшүнүшөт;

-Жакшы,жаман достун кандай экендигин билишет;

-Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылыш:

Тект боюнча тартылган түстүү сүрөттөр, эки ватман,эки маркер(кызыл,кок), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.

Сабактын ыкмасы Багыттап окутуу

Сабактын журушу

Мугалим:

Окуучум , бүгүнкү сага кайрылылуучу насаат кебибиз достук жөнүндө болмокчу. Достук деген эмне? Дос деген ким? Бул

Суроолорго жооп издеп көрөлүчү.Дос- бул жан кыйышпас,кайгыӊды теӊ бөлүшөөр,кубанычыӊа ортоктош болоор, ар дайым сага жөлөк, таяныч болоор асыл адам. Эгер сен достукка бекем болсоӊ, достукктун кадырына жете билсеӊ гана жогорудагы

биз айткандай дос болушу мүмкүн.

Тарыхтагы,элдик эпостордогу достуктун улуу үлгүлөрүнө кайрылып көрөлүчү. Мисалы “Курманбек” эпосундагы Курманбек менен Аккандын достугун айтсак болот.Курманбек баатыр жоо огунан жараланып , ажал менен алпурушуп ээн талаада жаткан







мезгилде аны жараатынан тазалап, дарыгер алдырып дарылап, үстүнө тон жаап, ичерине тамак камдап, кийин ал көз жумгандан соӊ баласыСейитбекти асырап алган Аккан достуктун шертин аткарды десек болот. Дос мына ушундай кыйынчылык башка түшкөн убакта сыналат эмеспи. Алардын достугу достуктун кадырына жетүү, достукка бек болууну айгинелеп турат.

Ата-бабаларыбыздын “Жүз сомуӊ болгуча, жүз досуӊ болсун” деген сөзү калетсиз айтылган беле. Силер да достуктун антын бекем сактаган адептүү бала болууга умтулгула. Досуӊардан эч нерсе аябагыла, бергениӊерди милдет кылбагыла “Ат аяган жер карайт” деген эл макалы ыйык туткула. Ал силердин аракетиӊерге байланыштуу.

Талкуу үчүн текст:

ДОСКО КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫК

Бир күнү бир адам көчөдө бара жатканда жамгыр аябай төгүп жиберет. Ошол жакын арада дүкөнү бар жан кыйышпас досунуналдына барып, андан кол чатырын аманатка сурайт. Ал досу кол чатырын берет. Досу ыраазы болуп көтөрүп кетет. Эртеси келип кол чатырды кайтарып, рахмат айтат. Арадан көп убакыт өтүп, бир күнү кол чатыр берген досу менен учурашып калат. Салам бергенден кийин, кол чатыр берген досу :





-Ошол күнү кол чатырымды бербесем акыбалыӊ кандай болоор эле?-дейт. Кол чатырды аманатка алган досу:

-Жамгырда калып суу болот элем, -дейт.

Кол чатыр берген досунун пейили жаман ошонтуктан кылган жакшылыгын милдет кыла берет. Арадан аз күн өткөндөн кийин алар дагы учурашып калышып, кол чатыр бергени :

-Эгер ошондо кол чатыр бербегенимде, жамгырдан кандай жашынаар элеӊ, -кылган жакшылыгын дагы милдет кылат.

Ал досунан кол чатыр алганына аябай бушайман болду. Дагы бир күнү бакта, суунун боюнда учурашып калышып, кол чатыр берген адам:

-Мага кара! Ошол күнү жамгырда кол чатыр бербесем, жамгырдан кандай бекинээр элеӊ, акыбалыӊ кандай болоор эле, -дептир.

Кол чатыр алып бушайман болгон досу эч нерсе дебей, өзүн сууга таштап, чылкылдап суу болот да досуна:

-Мына, мындай болоор элем! Акыбалым мына ушундай болот эле! Сен өзү кандай адамсыӊ? Инсан досуна жакшылык кылбайбы? Аз гана жакшылык кылып, кылган жакшылыгын милдет кыла берип, башка токмок ура берсе кандай болот? Достугубуздун баркы кайда калды?-деп басып кетиптир.







Ой жүгүртүү үчүн суроолор:

  1. Бул тексттен достуктун кандай түрүн байкадыӊар?

  2. Эмне үчүн кол чатыр бергени кайра-кайра милдет кыла берди?

  3. Эмне үчүн кол чатыр алган досу өзүн сууга таштады деп ойлойсуӊар?

  4. Алардын кимиси чыныгы дос экен?


















































Скачать

© 2017, 8163 24

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!