Просмотр содержимого документа
«Достук. 2-класс Адеп сабагынан тарбиялык саат иштелмеси.»
Предмет: Окуу 2-класс
Сабактын темасы: Достук жөнүндө
Сабактын максаты:
Тарбия берүүчүлүүк: Окуучуларды жакшы дос табууга жана жакшы дос болууга адептүү болууга үйрөтүү.
Билим берүүчүлүк: Достуктун жашоодо абдан жакшы пайдасы бар экендигин жана тарбиянын жакшы жактарын түшүндүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Жакшы дос табуу, жакшы дос болуу үчүн эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү. Окуучлардын аң-сезимин пикирлөөсүн, кеңири пикир алмашууга көнүктүрүү.
Сабактын тиби: Интерактив, аралаш
Сабактын жабдуусу: Сүрөттөр, китеп, кроссворд, видеоматериал
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу
Үйгө тапшырманы суроо
Жаңы тема
Суроолор
Бышыктоо
Баалоо
Үйгө тапшырма
Саламдашуу, окуучуларды белгилөө. Азыр кайсы сабак экендигин эскертүү. Үйгө тапшырманы суроо: Үйгө берилген тапшырма: “Б.Алибаев - Диалог”. Бул тема боюнча окуучулар алган маалыматтарын айтып беришет. Суроолорго жооп беришет.
Жаңы тема: Достук жөнүндө
Окуучуларга достуктун эң жакшы жактарын айтып беребиз. Тема боюнча китепти окутабыз. Жаңы макалдарды жаздырып, пикирлөөгө үйрөтөбүз.
Макалдар:
Жүз досуң болсун
Жакшы сага жардамчы, жаман дос алдамчы
Достуктун өмүрү үзүн
Достук жашоонун маңызы
Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
Жакшы дос болуу үчүн тарбиялуу болуу керек. Ыймандуу бала болуу керек.
Сүрөттөргө карап маалымат беришет:
\
Бышыктоо үчүн кошумча маалыматтар окуучулардан суралат.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма: Жакшы бала жана жаман бала боюнча макал табуу.
Жыйынтыктоо: