СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Достукту эмне сактайт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Достукту эмне сактайт»

Достукту эмне сактайт.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Канча досуңар бар?

  2. Досуңарда кандай сапат издейсиңер?

  3. Силерге дос катары ишенүүгө болобу?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Адам жалгыз жашабайт, анын айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн ичинде достун өзүнчө орду, өзүнчө мааниси бар. Дос деген сөздүн мааниси зор. Дос адамдын күчүнө күч, акылына акыл, кайратына кайрат кошот. Адамдар бири-биринин акылына, кеңешине муктаж жана ар кандай көйгөйлөрүн биргеликте чечүүгө көнүгөт. Достук эки адамдын эле кубун - шыбын мамилеси, үлпөт курушу эмес, коомдогу жалпы адамдарды бири-бирине көрүнбөс жиптер менен байлап турган ыйык нерсе. Биз доспуз деген менен ал достугубуз чыныгы достуктун талаптарына жооп бербей калышы мүмкүн. Класста көп окуучу болсо да алар бирине бири чыныгы дос деп айтууга болбойт, чыныгы достор аз болот. «Аккан достор», «Сарпай (кийит) кийгизишкен достор», «Ат мингизишкен достор», «Белде дос болгон», «Бешикте дос болгон» деген сыяктуу сөздөрдү көп эле угуп калабыз.

Дос - адамдар учун алтындан кымбат. Жакшы досту эч бир байлыкка сатып ала албайсың, буюртма менен сага эч ким каалагандай досту таап бере албайт.

Дос - узак мезгил бою сыналат, анан калыпка түшөт. Көчөдөн бирөөнү көрүп эле «эй, дос» деген менен ал дос эмес. Сен досум деп жүргөн адамың да чынында дос болбой калышы мүмкүн.

Досу жок адам куураган даракка, өлүк денеге окшотулган. «Доссуз адам канатсыз куш» делет, демек сен уча турган болсон досуң сага канат болуп берет, а канатсыз куш уча албайт эмеспи.

«Досу көп менен сыйлаш, досу аз менен сырдаш» деген сөздүн мааниси досу көп адам жакшы адам, анын достору менен сен да дос болосун, алардын жакшылыгы жугат дегендик, ал эми досу аз адам сүйлөшүүгө, сырдашууга зор болот дешет.

Абу Али ибн Сина достуктун үч кыл түрүн бөлүп көрсөтөт:

Биринчиси, чыныгы достук - мында достор ар кандай шартта, турмуштагы эң оор учурларда да бирге болот;

Экинчиси, байлык, мансап-даражага карап болгон достук- мында достор сенин байлыгың, мансабың бар болгон учурларда гана сен менен бирге болуп, байлыктан, мансаптан ажыраганыңда сени таштап кетет.

Үчүнчүсү, максат, ой-пикирлердин окшоштугуна негизделген достук- мында адамдар менен максатын, ой-пикирин окшош болуп, дал келген учурларда гана дос боло аласын.

Дос уч түрдүү болот дейт дагы бир акылман. Биринчиси, тамак сыяктуу алардан эч качан ажырап болбойт ; Экинчиси, дары-дармекке окшойт- кээ-кээде аларга ишиң түшүп турат ; Үчүнчүсү, ооруга окшойт – алардан эч кандай жакшылык келбейт.

Бир дос экинчисине ар дайым жардам кылып, акчасын берет, там-ташына каралашат, баласын үйлөгөндө, кызын чыгарганда анын оор жүгүн көтөрүп, бел болот, арка болот. Ал эми беркиси андай кыла албайт, себеби анын колунда жок. Анан бир күнү бул эки дос ажырашып кетет. Себеби жанагы берешен досу көпчүлүктүн алдында «Мен досума андай бердим, мындай бердим, ал болсо ошонун баарын билбей жүрөт» деп айтыптыр. Мындайды кыргыздар «Эсептешкен дос болбойт» деп коет.

Искендер падыша жер жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүн каратып алганынын сырын досторунун көптүгү менен түшүндүрөт, досторуңдун достору да сага дос, жакшыларга көңүл менен, жамандарга кеп менен дос болуш керектигин насааттайт. Чын эле адамдар менен достошуу- акылына акыл кошуу.

Кенеш берип эле туруп, жардам колун сунбаган дос дос эмес, турмуш жыргалчылыгы достор менен таттуу жыргал. Тегерек четиңди зым тосмолор, жансакчылар, үйрөтүлгөн иттер менен кайтартпай достор менен кайтарт.

Даанышман Сократ айтыптыр: «Эгер кимдир бирөөнү өзүңө дос кылып алгын келсе, анын өткөн-кеткенин үйрөн! Биринчиден, ал жаш чагында өз ата-энесине кандай мамиледе болгон? Экинчиден, тууган-уруктары анын мамилесинен ыраазы болгонбу? Үчүнчүдөн, жаш чагында ал көпчүлүккө таанылган, элге жаккан бир нерселери менен көпчүлүктүн көзүнө көрүнүп, алкышын алганбы, же жаман тараптары менен башкалардын көңүлүн калтырганбы? Төртүнчүдөн, бирөө ага жакшылык кылса, ал ошол адамга ыраазы болгонбу, ага да жакшылык кылганбы? Бешинчиден, оюн-күлкүгө, шаан-шөкөткө берилбегенби? Өз кызыкчылыгын гана көздөбөйбү?»

Мына ушундай татыктуу дос табыш да кыйындардын кыйыны.

Бир акимден: «Кандай сапар эң узак сапар» деп сурашса, ал «Татыктуу досту издеп табуу сапары» деп жооп бериптир.

Бир ата үч уулуна атыңарды өчпөс кылып калтыргыла деп каражат бөлүптүр. Уулдарынын бироо зангыраган сарай салдырыптыр, экинчиси чоң бак кылыптыр, үчүнчүсү болсо досторду күтүптүр. Муну угуп атасы: «Убакыт-сааты келгенде сарайың да кулайт, багың да кургайт, бир гана чыныгы достор баардык нерсеге туруштук берет, кенжем туура кылыптыр»,- деген чечимге келиптир.

Бир акылмандан сурашат: «Дос болуу деген эмне»? деп. Ал айтат: «Дилдеш жана жардамдаш болуу, бирок анын үч шарты бар: биринчиси- достукту абайлоо; экинчиси- зыяндуу заар нерселерден сактоо; үчүнчүсү- жаман-жакшы күндөргө ортоктош болуу. Ошон үчүн достук бул - кубаныч, ырахат, үлпөт гана эмес, достук бул - жоопкерчилик, чоң милдетти моюнга артып жүрүү» болуп саналат.

Үч нерсе достукту сактайт дешет, алар:

Бирнчиси - достордун бириникине экинчисинин барып - келип, катташып турушу;

Экинчиси- орток маселелерди чогуу талкуулап чечүү;

Үчүнчүсү - жолго, сапар-саякатка, эс-алууга бирге чыгуу.

Адам баласы өз жашоосунда өзүнө жакын адамды издейт. Достун чыныгы дос экендиги кыйынчылыкта билинет. Адамдын досум деп жүргөнүнүн баары эле күйүмдүү дос боло бербейт. Мына ошондой турмуштук мисалдарга токтоло кетели:

Дос деп бири - бирине өтө күйүмдүү кыйынчылык башына түшсө жардамдашкан, байлыгына, мансабына карабагандарды айтабыз. Адам баласынын тарыхында өтө жакын дос болуп, достук аркылуу эки элдин ынтымагын, кызматташтыгын бекемдеген далилдер өтө көп. Маселен, «Манас» эпосундагы Манас менен Алмамбеттин достугу өтө бекем, ширелген достук болгон. Эмесе Алмамбет Кытайдан келген болчу. Манас кыргыздын хандарын чогултуп, Бээжинге аттанганда, Алмамбет жол көрсөтүп, бөтөн жердин сырын ачып берген. Ал эми «Курманбек» эпосунда Курманбек менен Аккандын ширелешкен достугу муундан-муунга айтылып келет. Себеби, атасы жалгыз баласына Телтору атын бербей койгондо, Аккан досу сурап барат.


В: Аңгеме.


Эки киши дос болот. Алардын достугу көп жылга созулат. Бир күнү экөө болбогон нерседен улам талашып кетишет да, бирөөсү экинчисин жаака саап жиберет.Экинчиси жаагы ооруганына карабай унчукпай басып кетет.Ары жакка барып кумга»Бугун эң жакшы досум мени жаака чапты»деп жазып коет.

Ошентип алардын достугу улана берет. Бир күнү экөө сууга түшкөнү барат. Кырсык болуп, биринчиси сууга чөгүп кетээрде, экинчиси аны куткарып калат. Өзүнө келгенден кийин, ташка «Бугун эң жакшы досум менин өмүрүмдү сактап калды» деп жазып коет. Аны көргөн досу:

- Мен сени жаака чаап жибергенде, сен аны кумга жаздын, ал эми куткарып калсам, аны ташка жаздын. Эмнеге? - деп сурайт. Анда досу:

- Эгер бизди кимдир бирөө капалантса,аны кумга жазышыбыз керек. Анткени шамал аны бат эле тегиздеп, билгизбей калат. Ал эми бирөө бизге жакшылык кылса, аны ташка жазуубуз керек. Таштагы жазууну эч ким өчүрө албайт. Пенделик кылып болбогон ишке араздашуу жана ал үчүн кек сактоо достуктун иши эмес деп жооп берет.
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!