СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Достун сыноосу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат 

Просмотр содержимого документа
«Достун сыноосу»


Достун сыноосу.


Зиннууни Мисринин ички дүйнөсүндөгү болуп жаткандарды түшүнбөгөн адамдар анын кээ бир кыймылдарын жактырбай, жиндиканага камап салышты. Муну уккан достору аны көргөнү келишти. Зиннуун аларга кыйкырып:

- Силер кимсиңер? – деди.

- Биз сенин досуңбуз. Ал-акыбалыңды сураганы келдик.

Зиннуун келгендерди таш-топурак менен ургулай баштады. Баары качып, туш тарапка тарады. Зиннуун болсо бир четте аларга каткырып күлүп, мындай деди:

- Эмне минтип качып жатасыңар менден? Досум эмес белеңер? Достун кыйноосу доско оор келбейт. Достуктун белгиси достон келген кыйынчылыкка чыдоо менен белгилүү болот.

Адам баласы башына келген кырсыкка эң кичине жаңылыш мамиле кылуудан коркуп, жүрөктөрү титиреши керек, анын милдети наздануу эмес, нияз. Эң кичинекей бир көйгөйдө досуна тырың-пырың деш опаасыздык жана наадандык. Ал кээде досунун достугун сынашы мүмкүн. Сабыр кырсыкка алгач кабылган кезде көрсөтүлгөн мамиле.

Ким билет, билбестен кандай гана опаасыздыктарды кылып жатабыз.

Г: Накыл сөздөр.

Жакшы менен дос болсоң - ырыскысын тең бөлөт, жаман менен дос болсоң - өзүңөн сени кем көрөт.

Жакшы көргөн досуңа ат байлатып сына.

Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.

Жакшы көргөн досуңдун атын алба, тайын ал.

Жакшы күндө - душман дос, жаман күндө - тууган дос.

Жакшылыкты досуңа кыл, досуңдан артса өзүңө кыл.

Жакшы мал жанга аралжы, жакшы дос малга аралжы.

Жаман дос көлөкө сыяктуу: күн ачыкта кутула албайсың, күн бүркөктө издеп таба албайсын.

Жаман достон ачык душман артык.

Досуң күзгүдөй, сындырсаң эптей албайсың.

Бир досуң бар - багың бар, көп досуң бар - тагың бар.

Чыныгы дос айткан ар бир акыл, насаат- сырты уудай көрүнгөн менен тамыры-бал. (Н. Хисрав).

Согуш - баатырды, ачуу - акылды, жокчулук - досту сынайт. (Ал Хоразми).

Достук- баардык байлыктан артык.

Достун достугу- кыйынчылыкта билинет!

Баркыңды билбеген көп дос күткөндөн көрө, баркына жетеер бир дос күткөн дурус.

Достун бири сүйдүрүп, бири күйдүрүп айтат.

Күйдүргөндөн чочубай, сүйдүргөндөн сак бол!

Адамга таандык мыкты дөөлөт - бул достук.



Д: Ыр саптары.

ДОС

Чыныгы дос жакшылыкты,

Жамандыкты тең бөлөт.

Сен уктасан кошо уктап,

Сен көргөндү тең көрөт.

Башка иш түшсө сурап турбай,

Жанын, малын аябайт.

Жакшы жолдош жараганга,

Жаман жолдош жарабайт. (У. Шекспир)










13...Дос бул...






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!