СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Драмалык тек,анын озгочолуктору

Нажмите, чтобы узнать подробности

           Драма( гр.кыймыл- аракет)- адабий тектин бир туру.Анын озгочолугу санага арналып жазылат,негизинен сахнада жашаганда гана драманын табияты ачылат.Мезгилинде орус жазуучусу Гоголь сахнада жашабаган драма олук туулган бала менен барабар экенин бекер айтпаса керек.

              Драмада да эпикалык чыгармалардагыдай сюжет,окуя бар,каармандардын мунозу тузулуп,образы ачылат.Бирок окуяны баяндоочу болбойт.Окуя туздон- туз каармандын кыймыл-аракети менен онугот,тез- тез алмашып турат.Сюжеттин онугуу этаптары акт,сурот,кошого деген болумдор аркылуу корунот,речтин диалог, монолог формалары дээрлик муноздуу.

         Драманы эки турдуу жол менен туюнтабыз.

1. Жазуучу жазып жарыялаган турун корком чыгарма катары окуп кабыл алабыз.

2. Театр сахнасынан коруп туюнабыз.Мында драманы жазган автор гана эмес,аны сахнага койгон режиссёр,ролдорду аткарган актерлордун чеберчилиги башкы орунга чыгат.

             Дуйнолук адабият таанууда бул адабий тектин трагедия,комедия,жай турмуштук драмалар деп ,негизги уч туру белгиленип журот.Мындан башка мелодрама деп аталган чакан ,бир суротту,курч сюжеттуу  жанрдык форма да бар.

            Роман,повест,ангеме,поэма сыяктуу эпикалык чыгармалар инсценировкаланып ,сахнага коюлуу менен да драмалык тек оз жанрдык турун байытууда.

                Кыргыз драмасы улуттук профессионал жазма адабиятыбыздын пайда болушу менен жаралып ,онуго баштады.Алгачкы драманын саамалыктары 1927-28- жылдары жаралган.М.Токомбаевдин " Кайгылуу Какей", К Жантошевдин "Карачая", С.Карачевдин "Торага Зейнеп" сыяктуу драмалар эсептелет.Бугун ал жанр катары жогорку корком касиетине жетти.

         Дуйнолук сахна маданиятынын опера,балет сыяктуу классикалык турлору да кыргыз драматургиясында 1930- жылдардан баштап жаралып,онугуп келатат.