СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 22.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дуйно менин коз карашымда

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дуйно менин коз карашымда»

Сабактын темасы: «Дүйнө менин көз карашымда»

Сабактын максаты: Окуучулар дүйнөнү өз көздөрү менен кандай элестетет, алардын кыялдары жана келечекте өз айылы, кыргыз жерин кандай элестетерин, кыялындагы дүйнөгө саякатка чыгууга, кыялдарын орундатуу үчүн билимдүү болууга, патриоттукка, Мекени үчүн намыскөй болууга, ааламга умтулууга тарбия алышат.

Сабактын жүрүшү: Бүгүн биз дүйнөнү түстүү жана түссүз жагын айтмакчыбыз. Ааламга жол айылдан башталат дегендей биз өз айлыбыздын кооз жерлери жөнүндө айтпай кетсек болбойт го. Биздин айыл абдан кооз абасы таза, суусу тунук, тоосу бийик. Ушундай кооз айылдын көйгөйлөрү болбой койбойт. Айылыбыздын түссүз жагы бул таштандылар болуп эсептелет. Биз канткенде айылыбыздын көйгөйүн чечүүгө жардам беребиз?

Ысык-Көл Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Кыргыздар бул көлдү "Кыргызстандын бермети" деп аташат. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат.

Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги Көпчүлүккө кеңири маалым.

Кыргызстандын аймагында табышмактуу, байыркы, кооз жайлар бар. Аларга мисалы Кыргызстандын жети керемети жөнүндө айталы.

1. Ташрабат кербен сарайы Ташрабат кербен сарайы – Кыргызстандын керемет жайларынын бири. Ташрабат кербен сарайы Нарын областынын Атбашыайлынан 78 чакырым(батышта), Нарын-Торугат автомабиль жолунан 18 чакырым(түштүк тарапта) ыраакта, Каракоюн капчыгайындагы суунун боюнда орун алган.

3900 метр бийиктиктеги Каракоюн капчыгайын өрдөп кеткен жол ак кар, көк музга чулганып жүрүп отурат. Капчыгайдагы аскалар бул аймакка кардын калың түшүшүнө жол бербей тургандыктан, карандай суук күндөр көп болот. Ошентсе да, бул жерде кыш мезгили октябрдын жарымынан эле башталып, апрель айына чейин – 50 градуска жеткен суук болот. Жай айларында деле капчыгай ичи жылып кетпейт, көбүнчө түнкүсүн суук болуп, күндүз абанын температурасы 20 градус жылуу болуп турат. Күндүн биринчи эле нурлары Ташрабатты жылытып, жаркытып турганы менен, кербен сарайдын кээ бир болмөлөрү караңгылкка чулганып турганы турган. Негизинен Ташрабат кербен сарайы 31 бөлмөдөн турат. Сарайдын ичине киргенде аңгыраган залынын диаметри 9,32 метрди, ал эми туурасы 8,5 метрди түзөт. Сарайдын дубалы ар кандай таштардан жонулуп, ылайга отургузулуп курулган. Таштардын көлөмү жерпайдан жогору карай майдаланып журуп отурат. Босогону аттагандан кийин 3 кароол бөлмого өтөсүн, алар дубалдын чыгыш тарабынан орун алып, мунаралар менен бекемделген. Сарайдын ичинде ашканадан тартып атканага чейин бар.

2. Шах-Фазил күмбөзү - архитектөралык күмбөз. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафедбулан айылына жакын жайгашкан. Ислам дининин айрым өкүлдөрү экинчи Мекке аташкан Шах-Фазилдин тарыхы 11-12-кылымдарга барып такалат. Эң кызыгы, Сафедбулан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу.

Алгач ичи кооз таштардан кыналган;12-кылымдарда ганч (алебастр катырмасындагы материал) менен оймо- чиймеленип кооздолгон, башкы фасадынын 2 жеринен оюк оюлган. Кийинки кайра куруулардын натыйжасында алгачкы көрүнүшүн жоготкон. Дубал жактарынын узундугу сыртынан 11м, бийиктиги 15,37м. Дубалдын бурчтары чыгыш жана батыш багытында жайланышып, төрт чарчы формада болгон. Дубалы төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулуп, үстүнө 6 кырдуу бурчтары тепкич сымал конфигөрациядангы кошумча дөбалдар менен кооздолуп, конус сымал кумпа менен жабылган. Дубалдары жана кумпа бышкан кыштан тургузулуп, түштүк – батышында каалга орнотулуп, терезе жасалган. Терезенин эки жагынан каалга болгон. Күмбөздүн ички дубалдары шыбалып, ганч менен жогорку чеберчиликте оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ичинде элегиялык жана диний маанидеги куфи жазуулары, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн.Диний тексттер араб тилинде , элегиялык тексттер фарсы тилинде жазылган. Ушул жагынан Шах Фазил күмбөзү башка архитектөралык эстеликтерден өзгөчөлөнүп турат. Күмбөзгө Караханилер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган. Эстелик архитектөра жана көркөмдөлүшү жагынан – орто кылымдагы жетишкендиктин жогорку чеги.Эстелик ЮНЕСКОнун каттоосуна алынган.

3. Бурана мунарасы.

Караханийлер кылымына(дооруна) таандык архитектуралык-тарыхый эстелик, мунара. Чуй ороонундогу Токмок шаарынан 15 км туштук-батышта, Денарык айылдагы чыгыш жагында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы туркторго ислам тарала баштаган убакта, 10чу кылымдын аягы жагы, 11чи кылымдын башында тургузулуп курулган. Бышкан кыш менен торт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу туптолуп, цилиндр турундо курулган мунара чептин ич жагында жайгашып, тышкы бети оймо-чиймелер менен кооздолгон, ичинде уйдо карай буралып чыгуучу тепкич жасалган. Бийиктиги 14 метр, тубунун диаметри 9 м, тобосунуку 6метрге жакын. Мунара кайрак ташка чегилип жазылган жазуу ошондой эле ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга тургузулгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгектеринде эскерилет. Бурана Борбор Азиядагы архитектуралык мунара эстеликтеринин эн байыркысы.

Мунара Кыргыз жергесиндеги курулуш онорунун жогорку денгээлде онуккондугун айгинелейт. Бурананын тегерегинде курулуштун калдыктары, дубал чеп ал аймакта качандыр бир убакта Баласагун ш. окум сургондугун ырастайт. 13-кылымда шаар озунун жашоосун токтоткон. 1971-76-ж. Бурана ондолуп, калыбына келтирилген.

4. Сулайма́н-То́о

Ош шаарындагы ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында Дүйнөлүк Мурастарына кирген биринчи мамлекеттеги эстелик.

Сулайман тоо Өзгөн канынын вазири Султан Мази Сулаймандын (15-к-дын башы) ысмынан аталган. Вазир Сулайман тоону жайкы резиденциясына айландырган. Жергиликтуу эл жана четтен келгендер тоого чыгышып, жөн гана сейилдешкен. Эл көп каттагандыгынан пайдаланып, дин кызматкерлери тоону тотемдик даражага жеткиришип, ислам динин таратуучу майданга (аренага) айландырышкан. Дин кызматкерлери Сулайман пайгамбардын тактысынын табылгандыгы жөнүндө сөз таратышкан. Өзгөн вазири Сулайман пайгамбарга, ал эми анын эс алуучу жайы Сулайман тактысына айланып, «ыйык» даңкка ээ болгон. З. Бобур тоого эс алып олтура турган жай (Кужура) курдурган. Азыр чокусуна түтүк менен суу чыгарылып, айланасына бак-дарак тигилип, жашылдандырылып, эмгекчилердин эс алуучу жайына айланды. Боорунан үңкүр казылган. Түштүк Кыргызстандын тарыхы менен тааныштыруучу бир нече залдан турган өзүнчө оригиналдуу музей жайгаштырылды. Сулайман-Тоо 1972-жылдан геологиялык заказник.

5. Ак бешим шаар чалдыбары

Ак бешим шаар чалдыбар - 6чы - 12-кылымдагы шаардын калдытары. Токмок шаарынан 6 километр туштук-батыш тарапта. Тузулушу жагынан алгачкы орто кылымдагы Тундук Кыргызстан учун муноздуу шаарлардай болгон. Шаардын борбордук аймагына туташ жайгашкан жерде соода, кол онорчулук, жана башка иштер менен кесипчилик-тиричилик кылган шаардыктардын уйлору болуучу. Негизи турак-жайдын, имараттын калган калдыктары, жашоо-тиричилик шайманы, тыйындар, коркомдолгон буюмдар , ошондой эле шахристандын туштук жагында жайгашкан 6чы - 8чи кылымга тиешелуу эки Будда храмынан скульптура, архитектура, живопись, курулуш техникасына тиешелуу бай материалдар табылып чыккан. Шаарды Батыш Турк жана Тургош кагандыктарынын бай-тактысы - Суйаб деп эсептешет

6. Байыркы Өзгөн-улут байлыгы - Өзгөн Фергана өрөөнүндө караханиддер доорунун тушунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө өзүнүн базарлары менен белгилүү болгон шаарлардан болгон. Өзгөн шаары VIII-IX кылымдарда эле чеп менен корголуп, XII кылымдарда караханиддер династиясынын борбор шаарына айланган эң байыркы шаарлардан. Бул шаар убагында Фергананын чоң соода борбору болуп эсептелгендиктен ага Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин баары токтошуп, базарларында соода кылып өтүшүп турушчу экен. Өзгөн ошол убактарда маданий жагынан да өнүккөн. Мунун далили катары шаардын аймагындагы караханиддер дооруна таандык архитектуралык тарыхый 4 эстеликти айтсак болот. XI кылымдарда тургузулган мунара жана 3 күмбөз тарыхта караханиддердин басып өткөн тарыхый жолунун жана шаар маданиятынын кандайча өнүккөнүн далилдеп берүүчү эстеликтер экендиги аныкталган. Себеби, бул эстеликтер бир эле мезгилде курулуп калган эмес. Мисалы, алардын ичинен эң байыркы эстелик деп Орто күмбөз табылган. (Үч күмбөз бири-бирине жанаша жайланышына карап жергиликтүү калк тарабынан болжолдуу түрдө Орто, Түштүк, жана Түндүк күмбөз деп аталып калышкан.) Ал XI кылымда ошол эле аймакта жашаган султандын буйругу менен курулуп, ага караханиддер династиясын негиздеген Наср ибн Алинин сөөгү жашырылган деп жүрүшөт. Бул эстелик ошол кылымдын маданиятын, искусствосун таасын чагылдырган эстелик деп эсептелинет. Анын курулушу жана кооздолушу өзгөчө. Имараттын ичин кооздоо үчүн пайдаланылган биздин тил менен айтканда алебастырдын түсүнүн актыгы жана анын ушул күнгө чейин өңүнөн кете электиги бүгүнкү күндүн архитекторлорун таң калдырып келет. Орто Азия аймагында караханиддер дооруна тиешелүү эстеликтерден айырмаланып, бул күмбөздүн эки кире бериши болгон.

7. Саймалуу таш

Деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктиктеги Көгарт ашуусунун этегинде, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон Саймалы-Таш эстелиги жайгашкан. Уникалдуу сүрөт-галереясын карап отургандар анын жаратуучулук ишмердигине чек жок экенине ынанат. Ачык асман алдындагы таш китептерде эстеликти жаратуучулар миңдеген жылдар бою өз доорунун өңүтүнөн турмушка, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн мамилесин чагылдырышкан. Таштардын бетинде тоо эчки, аркар, бугу, жылкы, төө, бука, илбирс, карышкыр, доңуз, түлкү, ит, жылан, ошондой эле адамдын тоо эчкини атып жатканы, жер айдоо, күнгө сыйынуу, аңчылык сценаларын чагылдырган жүз миңден ашык сүрөттөр тартылган. Андагы сүрөттөрдүн мазмунунан, бул жер ыйык жер катары эсептелип калганын да түшүнүүгө болот. Адамдар Саймалы ташка атайын барышып, курмандыкка мал союшкан, ырым-жырым өткөзүп, оорулардан айыгуу ишеними менен сыйынышкан, өзүлөрүнүн ой-тилегин, өтүнүчүн билдиришкен. Саймалы ташта бугулардын сүрөттөрү айрыкча кооз, көркөмдүк менен тартылган.

Бугунун образы менен кыргыздардын байыркы легендалары, уруулардын аттары байланышканын билебиз. Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун Ак кеме повестиндеги Мүйүздүү Бугу-Эне жөнүндөгү легендада, Енисейдеги кыргыз уруусун душмандар талкалап, алардан аман калган бир бала менен бир кызды адамча сүйлөгөн Бугу-Эне сактап калып, Алатоого, Ысык көл жээгине алып келгендиги баяндалат. Алардан тараган тукумдар өзүлөрүн Бугу-Эненин балдарыбыз, бугу уруусунанбыз деп атап калышкан экен. Саймалы таш - байыркы ата-бабаларыбыздан калган ажайып маданий, рухий байлыгыбыз. Дүйнөнүн башка бөлүктөрүнөн кездешпеген мындай сүрөт музей галереясы бүгүнкү күндө окумуштуулардын, археологдордун зор кызыгуусун жаратууда.

8. Манастын күмбөзү

Талас ороону откон кылымдардын тарыхый эстеликтерине ото бай келет. Ороондо коп сандаган археологиялык эстелик-корустондордун, отурукташкан турак жайлардын, ошондой эле X—XIV кылымдарга таандык бир нече архитектуралык имараттардын калдыктары сакталып калган. Алардын арасында XIV кылымдын башында тургузулган «Манастын кумбозу» да орун алган. Кумбоз Кенкол суусунун жээгинде, азыркы Талас шаарынан 12 чакырым аралыкта, «Манастын» чокусу деп аталган тоонун этегинде жайгашкан. Кумбоздун аймагынан XII—XIII, айрыкча XVII—XIX кылымдарга таандык карапа идиштердин сыныктары арбын табылган. «Манас» чокусунда XIV кылымдын биринчи жарымына таандык платформа жана мунара турундо таштан курулган, чындалган «сепилдин» калдыгы сакталып калган. «Манас» чокусунун Тундук чыгыш тарабында байыркы кочмон уруулардын корустондору да жайгашкан. Манастын кумбозун жергиликтуу эл мындай уламыштарга байланыштырышат. Уламыштын бирине Караганда, Манастын уулу Семетей Анырташтагы салгылашууда курман болгон атасынын соогун мына ушул жерге алып келип койгон деп айтышат. Эл арасында тараган дагы бир уламыш боюнча, кумбозду Манастын жубайы Каныкей салдырган дешет.

Легендарлуу эл баатыры Манастын арбагын, жаткан жайын анын душмандары кордоп койбосун деп, кумбоздун бет мандайындагы жазууга аял кишинин ысмын жаздырып коюуну Каныкей буюрган имиш.

Дүйнөнүн жети керемети

1.Хеопс пирамидасы

2.Тадж-Махал

3. Мачу-Пикчу шаары

4.Ыйса Куткаруучунун эстелиги

5.Петра шаары

6.Улуу Кытай сепили

7.Колизей Амфитеатры

Накыл сөздөр:

Адамдар балыктай сүзгөндү үйрөнүштү.

Куштай учканды үйрөнүштү, ал эми

адамдай жашаганды үйрөнүп алышса.

-Тарбиялоонун эӊ татаалы жана маанилүүсү,

бул өзүн-өзү тарбиялоо.

-Коом деген сен жана мен,

Сен таза болсоӊ,

мен таза болсом коом да таза болот. (Искак Разаков)

Бир гана табигат баарын бекер берет. (А.Герцен)

Сабакты жыйынтыктоо: Кооз кереметтүү дүйнөбүздү таза сактоого аракет кылышыбыз керек.































Аэлита: Саламатсыздарбы бүгүнкү ачык сабактын катышуучулары. Дүйнө менин көз карашымда деген темадагы сабагыбызды баштасак. Дүйнөнүн түстүү жана түссүз жагын айтмакчыбыз.

Анда эмесе биздин эӊ кооз көлүбүз Ысык-Көл жөнүндө БЕКСУЛТАН

Оттук айылы жөнүндө БАЙЫМ

АЭЛИТА: Кыргызстандын аймагында эӊ кооз, тамышмактуу, кызыктуу жерлер жөнүндө биздин балдар айтып бермекчи

  1. Ташрабат БАЙЫМ

  2. Шах-Фазиль БАЙЭЛ

  3. Бурана мунарасы САМИРА

  4. Сулайман-Тоо АРГЕН

  5. Ак-Бешим АЛИШЕР

  6. Өзгөн мунарасы ТАХМИНА

  7. Саймалуу-Таш ГҮЛАРИДА

  8. Манастын күмбөзү ШАТМАН

АЭЛИТА: Дүйнө жүзүндө дагы эӊ кооз жана кызыктуу аймактар бар алар жөнүндө дагы айтып бермекчибиз.

Байыркы дүйнө кереметтеринин ичинен бүгүнкү күнгө чейин жалгыз гана Мисирдеги Хеопс пирамидасы сакталып калганы өкүнүчтүү. Ошол себептен швейцариялык саякатчы, изилдөөчү жана кинематограф Бенард Вебер дүйнө кереметтеринин тизмесин жаӊыртууну сунуш кылган. Жаӊы 7 кереметти тандоо жолу жөнөкөй: жер шарынын ар бир жашоочусу интернет же телефон аркылуу эӊ татыктуу тарыхый жайларга, имараттарга өз добуштарын берүүгө укугу бар. Анда эмесе биз дүйнөнүн жаӊы жети керемети менен тааныштырабыз.

1.Чичен-Ица шаары АЭЛИТА

2. Тадж-Махал күмбөзү НУРАЙ

3.Мачу-Пикчу шаары КАНЫШАЙ

4. Ыйса куткаруучунун Эстелиги ЭЛДИЯР

5. Петра шаары АЙГЕРИМ

6.Улуу Кытай сепили КУНДУЗ

7. Колизей амфитеатры КАНЫКЕЙ




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!