| Жаны тема | Дүйнө калкынын (7,4 миллиард) 36,3 пайызын Кытай менен Индияда жашагандар түзөт. Дүйнөлүк банктын көрсөткүчтөрүнө караганда, 1960-жылы орто эсеп менен 3 миллиард киши болгон дүйнө калкы 1970-жылы 3,7 миллиард, 1980-жылы 4,4 миллиард, 1990-жылы 5,3 миллиард, 2000-жылы 6,1 миллиард, 2010-жылы 6,9 миллиард, 2016-жылы да 7,4 миллиард адамга жетти. Дүйнө калкынын саны ушул жылдын аягында 7,6 миллиард кишиге, 2050-жылы болсо 9 миллиард кишиге жетээри божомолдонууда. Көрсөткүчтөргө караганда 1 миллиард 378 миллион 665 миң киши жашаган Кытай Эл Республикасы калкынын көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи, ал эми 1 миллиард 324 миллион 171 миң калкы менен Индия экинчи орунда турат. Түркия 79 миллион 512 миң калкы менен дүйнөдө 18чи орунда турат. Түркиянын калкынын ушул жылдын аягында 80 миллион кишиге, 2034-жылы да 90 миллион кишиден ашаары божомолдонууда. | Калк – белгилүү бир өлкөдө, же дүйнөнүн, же жердин бөлүгүндө жашаган адамдардын бүтүндөй жыйындысы (адамзат). Калк атайын демография (гр. demos – калк жана графия - эл) илиминин предмети. Бул термин 1855-жылы француз окумуштуусу А. Гийар тарабынан киргизилген. Бул илим калктын өнүгүшүнүн структурасынын, жайгашуусунун жана динамикасынын мыйзам-ченемин үйрөтүүчү илим, калк теориясын, саясатын иштеп чыгып, анын санын болжолдуу чамалайт. Ошону менен катар демография төрөлүүнүн, никелешүүнү, ажырашууну, өлүм-житимди, билимдүүлүктү социалдык-таптык түзүмү структураны, расалык, тилдик, улуттук составды, калктын миграциясын, урбанизациясын карайт. Калктын буржуазиялык теориясы калктын өнүгүшүнүн бардык процесстери биологиялык жана географиялык факторлор менен детерминацияланышын таанууга негизделген. Мындай окуулардын көпкө таанымал малтузианчылык теория адамдардын жакырчылыгын анын дүркүрөп өсүшү менен туюндурат. Калктын марксисттик теориясы демографиялык процесстерге социалдык экономикалык факторлордун чечүүчү таасири бар экенин танбайт. Калктын жыштыгы (Орусия, 2012). Калк негизги мыйзамынын маңызы калктын толук жана рационалдык түрдө коомдук эмгек менен алектенишин жана анын санын оптималдуу түрдө өстүрүү болгон. Калк мыйзамынын толук жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү демографиялык саясат жүргүзүүнү, жаратылышты рационалдык пайдалануу менен айкаштыруу зарыл. Мындай көз караштан калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү коомдун негизги өндүрүш күчтөрү болушат, калктын жаш курагы да белгилүү мааниге ээ. Бул калктын контингентинде калктын жумушка жараганга чейинки, жумушка жарамдуу, жумушка жарамдуулуктан өткөн курактарын аныктоого мүмкүндүк берет. Экономикалык өнүккөн өлкөлөрдө калктын ичинде жашы 60-тан ашкандардын көбөйгөнү басымдуулук кылып, калктын картаюу процессин |