Просмотр содержимого документа
«Эч ким эч качан унутулбайт !»
«Эч ким,эч нерсе, эч качан унутулбайт!»
Тарбиялык сабактын максаты:
- Окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо Кантип жеңишке жеткен ата-апаларыбыз жөнүндө маалымат алуу Угуп билгендерди эстен чыгарбоо
- Окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо
- Кантип жеңишке жеткен ата-апаларыбыз жөнүндө маалымат алуу
- Угуп билгендерди эстен чыгарбоо
Каректе жанып турган нурум барда,
Көөдөндө, көмөкөйдө ырым барда.
Антарып сыр жашырган алыскыны,
Кайрылам кайрымы жок кылымдарда .- демекчи,
бүгүнкү өтүлүүчү чогулушубуздун темасы « Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!» деп аталат. Бул чогулушубуз Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналат.
«Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында»
1941-жылы 22-чи июньда фашисттик Германия жана анын союздаштары Советтер Союзуна кол салган. Ошентип, бир топ жылдарга созулган, кырчылдашкан согуш башталды. Совет өлкөсүнүн тынчтык өнүгүүсүн бузган бул окуя тарыхта Улуу Ата Мекендик согуш деген ат менен белгилүү болду.
Ал согушта 62 мамлекет катышкан. Ошол учурдагы жердин калкынын 80%ы, 110 млн адам тартылган, анын 62 млн курман болгон( 27 млн СССРдин жараны). Бул кан майдан 1418 күнгө созулган.
Согуш башталгандан күндөн тартып, Кыргызстандын аймагында 16 жаштан 50 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдү согуш ишине үйрөтүп, согуш майданына жөнөтүп жатты.
Кыргызстан согуш башталгандан согуш аяктаганга чейин 380 миңден ашык уулдарын жана кыздарын , же республиканын ар бир бешинчи атуулун согуш майданына жөнөттү.
Согуш майданына аттангандардын арасында 1395 аял болгон.
Бул түзүлгөн бирикмелер кан майданда талбай эмгектенип, өз күчтөрүн аянбастан жумшап, эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын, баатырдыгын жана күжүрмөндүгүн көрсөтүп, фашисттердин көптөгөн жоокерлерин, полкторун, дивизияларын талкалап, өз өлкөлөрүн айыл-кыштарын, шаарларын бошотуп өлбөс-өчпөс эрдиктерди жарата алды.