СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эки орундуу сандар - аттуу математикадан өтүлгөн сабактын планы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучуларга математика сабагынанЭки орундуу сандар темасы өтүлдү

Просмотр содержимого документа
«Эки орундуу сандар - аттуу математикадан өтүлгөн сабактын планы»

Сабактын темасы: Эки орундуу сандар

Сабактын максаты:

А) Окуучулар эки орундуу сандарды билишет.

Б)Окуучулардын ой-жүгүртүүсү, билим-билгичтиги өнүгүп өсөт.

В) Окуучулар тактыкка, тапкычтыкка, бирин-бири сыйлоого тарбияланышат.


А) Окуучулар эки орундуу сандарды билишсе;

Б)Окуучулардын ой-жүгүртүүсү, билим-билгичтиги өнүгүп өссө;

В) Окуучулар тактыкка, тапкычтыкка, бирин-бири сыйлоого тарбияланышса;


Сабактын жабдуулары: Сыналгы, картон сандар, тапшырмалар үчүн түстүү сүрөттөр, баалоо кагаздары.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу мезгили

- Окуучуларды жоктоо, саламдашуу.

Жагымдуу маанай: Ар бириңер өзүңөрдүн атыңардын баш тамгасына өзүңөргө өзүңөр мактоо сөздөрүн айткылачы?

Алинур – Акылдуумун.

Бекхан – Билимдүүмүн.

Аруузат – Айкөлмүн

Элдос – Элпекмин

Назбийке – Назикмин ушул сыяктуу мактоо сөздөрүн айтышат.

Балдар сабакта 2 топко бөлүнүшөт.

  1. Акылдуулар

  2. Тапкычтар

Ар бир туура аткарган мисал, туура жоопторуңар үчүн бирден упай аласыңар.Сабактын аягында эки топтун тең упайлары саналып, жеңүүчү топ аныкталат.

Үй тапшырмасын текшерип алам.Туура аткарган топторго упай берилет.

- Сабактын темасын жарыялоо: "Эки орундуу сандар".

Сабактын максаты менен окуучуларды тааныштырам.

Балдар бүгүн сабакта эки орундуу сандарды билесиңер;

Ой-жүгүртүүңөр, билим-билгичтигиңер өнүгүп өсөт;

Тактыкка, тапкычтыкка, бирин-бири сыйлоого тарбияланасыңар.

2. Жаңы материалды түшүндүрүү

Эки орундуу сандар деген эмне? 10дон 99га чейин болгон сандар. Ондуктар жана бирдиктер

Сандардын структурасы: ондуктар (1-9) жана бирлер (0-9). –

-297-

1 ондук- он 6 ондук - алтымыш

2 ондук – жыйырма 7 ондук - жетимиш

3 ондук – отуз 8 ондук - сексен

4 ондук – кырк 9 ондук - токсон

5 ондук – элүү 10 ондук – жүз

Булар ондуктар.

10 ондук жүз деп аталат.

-298-

Кана балдар, эки топтон 2 ден окуучу чыгып разряддарды санга айлантап жазабыз.

2 онд., 1 онд., 9онд., 5 онд., 6 онд. Кайсы сандар экендигин ата.Онд. деп ондуктарды жазабыз.

2онд – 20 5 онд - 50

1онд – 10 6 онд - 60

9 онд - 90

Окуучулар дептерлерине ар бир сандын элементи менен таза, тыкан кылып жазышат.

-299-

Сандарды жаз. Окуучулар топтор боюнча доскага чыгып иштешет.

Ондугу 1, бирдиги 5;

Бирдиги 6, ондугу 1;

1 онд. 6:

1 онд. 7;

Он төрт;

Жыйырма;

Он;

Төрт;

Бир;

Он бир.

Эс алуу мүнөтү.

Бара жатып абышка,

Чачып алды буудайын.

Тооктор келип чокуду,

Каздар келип таптады.

Кароол келип шыпырды,

Шамал келип учурду.

-300-

Мукамбет түстүү кагаздан 3 кызыл квадрат жана 9 жашыл квадрат кесип алып, анын бешөөнөн көркөм оюм түздү.Кандай квадраттардан көркөм оюм түзгөн? Түстүү квадрат кагаз окуучуларга таратылып берилет.

Мындай көркөм оюмду канча жол менен түзсө болот?Дептериңерге түзүп көргүлө.

Окуучулар өздөрү кызыл жана жашыл 5 квадраттан оюм түзүшөт.

Бышыктоо үчүн оозеки суроолор берилет?

1 онд 5 - 2 онд 7 –

4 онд 6 - 3 онд 8 –

7 онд 3 - 5 онд 5 –

2 онд 9 - 6 онд 2 –

3 онд 3 - 4 онд 1 -

Баалоо: Окуучулардын түшүнүүсүн баалоо: активдүү катышуусу, тапшырмаларды аткаруусу жана түшүнүгү боюнча. Сабакка катышканына жараша баалоо.

Акылдуулар - 11 упай

Тапкычтар – 11 упай

Балдар бүгүнкү сабакта эки топ тең упай алып, достук жеңди.

Үй тапшырмасы: -301-

А) Бир ондуктан сегиз ондукка чейинки ондуктарды ата.

Б) 9 ондуктан 3 ондукка чейинки ондуктарды ата.

В) Ондон токсонго чейинки ондуктарды ата.