Сабактын темасы:Эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдеме
Сабактын максаты:
а) Билим берүүчүлүк: Эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдеме жөнүндө билишет жана анын касиеттерин жөнүндө түшүнүк алышат.
б) Өнүктүрүүчүлүк: Аныктамаларды талдоо менен ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт, көнүгүүлөрдү аткарышат билгичтик, кондүмго ээ болушат.
в) Тарбия берүүчүлүк: Аныктамаларды жаттоо менен математикалык терминдерди туура так айтууга, өз ара биримдикке тарбияланышат.
Сабактын тиби: Стандартуу.
Сабактын формасы: Фронталдуу, жекече.
Сабактын жүрүшү:
Үй тапшырмасын текшерүү: :№1085.Туюнтманы көбөйтүндүго өзгөрткүлө:
А) х2+у2+2ху-1=(х+у)2-1=(х+у-1)(х+у+1);
Б) 1-25х2+10ху-у2=1-(5х-у)=(1-5х-у)(1+5х-у);
№1088.Көп мүчөнү жалаң гана терс эмес маанилерди аларын далилдегиле:
А) х2-2ху-у2+а2=(х-у+а)(х-у-а);
Б) 4х2+а2-4х+1=4х(х-1)+(а2+1)=((х-1)4х+(а-1)(а+1));
Өтүлгөн теманы кайталоо: 5-главаны кайталоо болгон, глава боюнча кыскача суроо-жооп жүргүзүү.
Жаңы тема: Эки сандын бирөө 5ке чоң экендиги белгилүү дейли,эгерде биринчи санды х тамгасы менен, ал эми экинчисин у тамгасы менен белгилесек, анда алардын арасындагы байланыш эки өзгөрмөсү бар х-у=5 барбардыгы түрүндо жазууга болот. Мындай барабардыктар эки өзгөрмөсү бар теңдемелер же эки белгисмзм бар теңдемелер д.а.
Аныктама: Эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдеме деп, ах+ву=с түрүндөгү теңдеме аталат, мында х жана у өзгөрмөлөр, а, в жана с кандайдыр бир сандар.
Аныктама: эки өзгөрмөсү бар теңдеменин чыгарылышы деп, ушул теңдемени туура барабардыкка айландыруучу өзгөрмөлөрдүн түгөй маанилери аталат.
Эки өзгөрмөсу бар теңдеме бир өзгөрмөсү бар теңдемелер кандай касиеттерге ээ болушса,ошондой эле касиеттерге ээ:
1)Эгерде теңдемеде кошулуучуну анын белгисин өзгортүп, теңдеменин бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө көчүрсөк, анда берилген теңдемеге тең күчтүү теңдеме келип чыгат.
2)Эгерде теңдеменин эки болүгүн тең нөлдөн башка бир эле санга көбөйтсөк же бөлсок, анда берилген теңдемеге тең күчтүү теңдеме келип чыгат. Мисал: 5х+2у=12; 2у=-5х+12 теңдеменин эки бөлүгүн тең 2ге бөлөбүз: у=-2,5х+6; каалагандай х ти алуу жана ага туура келүүчү у тин маанисин эсептөө жетиштүү. Эгерде х=2 болсо анда, у=-2,5*2+6=1 жообу:(2;1).
Көнүгүү иштөө:№1092.Эки өзгөрмөсү бар төмөнкү теңдеме сызыктуу болобу? Оозеки чыгаруу үчүн.
А) 3х-у=17; Б)13х+6у=0; В)х2-2у=5; В) ху+2х=9.
№1094.
сандарынын түгөйү х+у=6 теңдемесин чыгарылышы болобу? Болот.
№1095. Таблицада х жана у өзгөрмөлөрүнүн түгөйү көрсөтүлгөн:
Х | -5 | -4 | -3 | -1 | 0 | 4 | 5 |
у | 0 | 3 | 4 | -3 | -5 | -3 | 0 |
Алардын кайсылары төмөнкү теңдеменин чыгарылышы болот:
А) 2х+у=-5; Б) х+3у=-5; жообу: (-4;3), (-1;-3), (0;-5);
Бышыктоо: №1099. 4х-3у=12 сызыктуу тендемесинен а) у ти х аркылуу; б) х ти у аркылуу туюнткула.
А) 4х-3у=12; -3у=12-4х; у=
Б) 4х-3у=12; 4х=
Үй тапшырма: №1097. 10х+у=12 теңдемесинин чыгарылыштары төмөнкү түгөйлөр боло алышабы: (3;-20), (-2;12), (0,1;11), (1;2), (2;1).
Жообу: (0,1;11), (1;2);
Баалоо: сабактагы активдүүлүгүнө жана чыгарган мисалдарына карап баалоо.