Просмотр содержимого документа
«Экинчи класстын окуучуларынын ата-энелери үчүн кеңештер»
Экинчи класстын окуучуларынын ата-энелери үчүн кенештер
*Үй бүлөгө байланыштуу окуяларды айтып бериңиздер
Балдар өз үй бүлөсү жөнүндө кызыктуу окуяларды укканды жакшы көрүшөт .Ата-энелер жаш кезинде болгон окуялар тууралуу балдарына айтып бериш керек.
*Жазуу кутусун жасоо сунушталат
Бул кутуну сүрөт тартуу жана жазуу үчүн керек буюмдар менен толтуруу зарыл.Балага булардын жардамы менен азык-түлүктөрдүн тизмелерин, ыраазычлык же куттукто каттарын жазуу тапшырмасы берилет
*Баланы кунт коюп угуңуздар
Ата-эне баласынан мектепке даярдаган тапшырмасын окуусун өтүнүп, аны кунт коюп кызыгуу менен угушу зарыл.
*Балага сүйлөмдөрдүн маанисин түшунүүгө убакыт берүү керек
Бала бейтааныш сөздөргө туш келген учурда , ага сүйлөмдү дагы бир жолу окуп чыгуу тапшырмасы берилет.Көп учурда балдар сөздүн маанисин түшүнүү менен алектенишип, азыр эле окуган сүйлөмдүн маанисин түшүнбөй калышы мүмкүн.
*Биргелешип китеп жасаңыздар
Китеп жасоо үчүн экиге бүктөлгөн кагаздарды бириктирүү керек.Балага ар бир бетке сүйлөмдөрдү жазып, өзү тарткан сүрөттөр менен толуктоо тапшырмасы берилет.
*Жолдо кетип баратканда аңгеме түзүңүздөр
Жолдо унаа менен баратканда , аңгеме кезек менен сүйлөмдөрдү кошуу керек.Аңгеме күлкүлүүлү болсо дагы жакшы
*Сөздөрдүн арасындагы байланышты көрсөтүнүздөр
Балага өз ара байланышкан сөздөр эмне үчүн окшош айтыларын жана окшош мааниге ээ экенин түшүндүрүү керек.М: балага билим жана билим берүү сөздөрүнүн кандай байланышы бар экени түшүндүрүлөт.