Экономикалык субьектилердин ара аракеттенүүсү
Экономикалык билимди байытуу, өстүрүп туруу зарылчылыгы азыркы учурдун, келечектин талабы. Экономика адам жаралганда эле пайда болгонбу? Жок. Качан адам таш балта менен жаа жасаганда, бул али экономика эмес болчу. Ал мезгилде аңчылар тапкан нерсесин тең бөлүшкөн, эгерде бирөөлөрү көп бөлүгүн өзүнө алса, башкалары жашай алмак эмес. Ошондуктан тең бөлүштүрүү ал кезде обьективдүү зарылчылык болгон. Бара- бара турмуш татаалданып эмгектин бөлүнүшү жүрөт, б. а. аң улоого барбай эмгек куралдарын жасоо менен алек болгон адамдардын тобу пайда болот. Ошентип аңчылар менен эмгек куралдарды жасагандардын ортосунда, жамаатта алмашуу пайда болот.
Бул алгачкы экономика болгон, анткени алардын ортосунда өз ара мамилелер, өндүрүш, андан кийин адамдардын жашоосу үчүн зарыл болгон материалдык байлыктарды бөлүштүрүү-материалдык мамилелер пайда болот.
Материалдык байлыктардын коомдук өндүрүлүшү, бөлүштүрүлүшү, алмаштырылышы, керектелиши жана ушулардын негизинде пайда болгон өндүрүштүк мамилелердин жыйындысы экономика болуп эсептелет. Алгачкы коомдо экономика жөнөкөй болгон, анткени алар колдонгон эмгек куралдары жөнөкөй болгон.
Экономикалык турмуш фактыларына маани берүү кул элөөчүлүк доордо эле башталган, байырка египеттиктерде, гректерде алмаштыруу, акча, баа, соода деген түшүнүктөр белгилүү болгон. Экономикалык ой жүгүртүүлөр байыркы египет папирустарында, Хаммурапинин мыйзамдарынан табылган. Грек ойчулу Аристотель илимге “экономика” ( грекче “ойкос” –үй, чарба, “номос”-илим, мыйзам) термиинин киргизген.
Кийин, экономика илим катарында пайда болгондо, б.а. экономика тоерия катары пайда болгондо, илим алдында, “Мамлекет кантип байыйт?”-деген милдет келип чыккан.
Мамлекет кантип байыйт?
Эң алгачкы теориялык окуу меркантилизм (италия сөзүнөн –соодогер) болгон, анын өкүлдөрү адамдардын байлыгы-акча, алтын, буларга бардык нерсени сатып алса болот дешкен. Меркантилисттер мамлекетке сооданы кеңейтип, өлкөдө алтын топтош керек деп эсептешкен.
Андан кийинки көз караш, бул физиократтардын теориялык окуусу (грек тилинен-жаратытылыштын үстөмдүгү) болгон, алар байлыктын булагы болуп өндүрүш-айыл чарбаны өнүктүрүш керек деген. Айыл чарбаны жаратылыш берген семиздигине байланыштырып, өнөр жайды киреше алып келбейт деген. Убакыттын өтүшү менен бул көз караштын бир жактуулугу байкалган.
Андан кийин экономиканын классикалык окуу келип чыккан, анын өкүлдөрү англиялык экономисттер У. Петти, Адам Смит, Давид Рикардо болушкан. Алар коомдун байлыгы материалдык өндүрүштө, болгондо да анын бардык тармактарда жаралышын көрсөтүштү. Бул байлыктын булагы коомдук эмгек, анын универсалдык формасы нарк мыйзамы экенин далилдешти.
Коомдук байлык деген эмне?
Коомдун колундагы материалдык жана маданий жыргалчылыктардын жыйындысы –коомдук байлык деп аталат. Байлыктын энеси-бул жаратылыш болсо, атасы-эмгек. Эмгектин жардамы менен гана жаратылышта болбогон көп продуктылар өндүрүлөт. Коомдун экономикалык жана социалдык прогресси эмгектин жыйынтыгына жараша болот.
Экономикалык механизмдер адамдар өз жыргалчылыгын өнүктүрүү үчүн алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн жасаган аракеттеринин жолдору балуп эсептелет. Адамдын негизги керектөөсү-тамак-аш, кийим-кече жана турак жай болот. Адам андан башка нерселерге да муктаж. Ошондуктан америкалык социолог Абрахим Маслоу “керектөө пирамидасын сунуш кылган:
Биринчи баскычта: Физиологиялык керектөөлөр ( тамактанууга, кийим-кечеге, үй-жайга, тукум өстүрүүгө)
Экинчи баскычта: Коркунучсуз жашоого болгон керектөөлөр (кылмышкерлерден жана тышкы душмандардан сактанууга, жакырчылыктан, ооруп калганда жардам алууга)
Үчүнчү баскычта: Социалдык керектөөлөр ( сүйүүгө, достошуууга ж.б.)
Төртүнчү баскычта: Сыйга татыктуу болууга болгон керектөө
( башкалар тарабынан жана өзүн-өзү сыйлоо)
Бешинчи баскычта: Өзүн өзү реализациялоого болгон керектөө ( өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө жана аларды активдүү пайдаланууга)
Төмөндө Абрахам Маслоунун керектөө пирамидасын орус тилинде сунуштайм:
Адамдардын материалдык ( Маслоу аларды физиологиялык деп атаган) керектөөлөрүн экономика гана канааттандыра алат. Ошентип адамдын экономикадагы ролу, ресурстардын, акчанын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн айлануу процессинде экономикалык субьектилердин орду менен аныкталат.
1