СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эл достугу – улук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуттун, адамдын стабилдүү бакубат жашоо – тиричилигине бекем тирек болуп бере турган жогорку дөөлөт – бул достук. Достук, кызматташтык, шериктештик багытында кыргыздын элдик ой жүгүртүүсүндө да бизге туура жолду көрсөтүп турат. «Ынтымак түбү- ийгилик, тирлик түбү бирдик», «Эки эрдин достугу – бир белден ашырат», «Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт» деген сыяктуу акылман насыяттар жалгыз дарак токой болбостугун, жалгыз тааруу ботко болбостугун, жалгыз аттын чаӊы чыкпастыгын турмуш акыйкаты катары тастыктап турат.

Просмотр содержимого документа
«Эл достугу – улук»

Класстык саат

Сабактын темасы: Эл достугу – улук!

Сабактын максаты: а) Окуучулар элдин достугу боюнча маалымат алышат. Алардын өзгөчөлүктөрүн үйрөттүү.

б) Ѳз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгышат. Анализ жүргүзүү, талкуулай билүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

в) Бирин – бири сыйлоого, тынчтыкты сактоого, достукта болууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын методу: Айтып берүү

Сабактын жабдылышы: Дептер

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар? Маанайынар жакшыбы? Сабакка жакшы даяданып келдикпи? Бугун кайсы кун жана кайсы ай?

Үй тапшырма: текшеруу

Жаны тема: «Эр достугу – эгиз, эл достугу – деӊиз»

«Айрылган эл – азаар, кошулган эл – озоор»

Улуттун, адамдын стабилдүү бакубат жашоо – тиричилигине бекем тирек болуп бере турган жогорку дөөлөт – бул достук. Достук, кызматташтык, шериктештик багытында кыргыздын элдик ой жүгүртүүсүндө да бизге туура жолду көрсөтүп турат. «Ынтымак түбү- ийгилик, тирлик түбү бирдик», «Эки эрдин достугу – бир белден ашырат», «Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт» деген сыяктуу акылман насыяттар жалгыз дарак токой болбостугун, жалгыз тааруу ботко болбостугун, жалгыз аттын чаӊы чыкпастыгын турмуш акыйкаты катары тастыктап турат.

Биздин өлкөдө 80 ден ашуун улуттун эли достукта жашашат. Алар менен мамилебиз бекем болуп, ынтымактуу жашаш керек. «Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо ырысын качат». «Ырыс алды ынтымак» деген эл макалынын мааниси дайыма эсте сактап турганыбыз оӊ болот. Достукка бекемдик – ыймандуулуктун белгиси. Достук– Манас атабыздын бизге калтырган улуу жети осуяттынын бири. Ал мындайча айтылган «Улут аралык ынтмак, достук жана кызматташтык»

Бышыктоо: «Ынтымагы бар элдин»

Ынтымагы бар элдин таалай – багы ачылат,

Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат.

Ынтымагы бар элдин эли чогу жыйылат,

Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат.

Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары,

Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы.

Ынтымагы бар элдин адил болот улугу,

Ынтымагы жок элдин чечен чыгат бузугу.

Ынтымагы бар элдин кеӊеш берет карысы,

Ынтымагы жок элден качып чыгат барысы.

Ынтымагы бар элдин катар конот айылы,

Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны. (Б.Алыкулов)

Кыргыз элибиз кандай?

Тайманбас Даанышман

Ыймандуу Ойчул

Намыстуу Сабырдуу

Чыдамкай Тынчтыкты сүйгөн

Таланттуу Улутубузду

Ынтымактуу Коргойлу

Кыргыз элим

Эгер тынчтык болбосо,

Гүлдөр жайнап өсө албайт.

Эгер тынчтык болбосо,

Көпөлөктөр уча албайт.

Эгер тынчтык болбосо,

Күнсүз асман тунарат.

Жыйынтыктоо:





Достук













Баалоо:

Үй тапшырма: «Ынтымагы бар элдин» ырды жаттоо.