Кыргыз эли, эзелтеден музыкалык аспаптрага өтө бай. Аларды биз тээ улуу Манастан ары бир нече кылымдар мурда эле элибиздин жашоо-тиричилигинде колдонулуп келгендигин тарых барактарынан билебиз.
Атап айтсак, кылдуу чертмек - комуз, тилдүү темир ооз комуз жана жыгач ооз комуз, кылдуу кыл кыяк, үйлөмө аспаптар - чоор, сыбызгы, чопо-чоор, сурнай, керней ж.б. Урма аспаптар - добулбас, доол, аса таяк, шылдырак, така ж.б.
Булардын бардыгын элибиздин бүтүндөй тарыхы болгон «Манас» дастанынан, ошондой эле өткөн кылымдардагы илимпоз изилдөөчүлөрдүн, саякатчылардын, тарыхчылардын көп кылымдар илгерки жазып калтырышкан кол жазмаларынан жана табылгаларынан билебиз жана азыркы турмушубузда колдонуп келе жатабыз.
Ооз комуздар
Элибиздеги байыркы музыкалык аспаптарынын бири ооз комуздар. Ооз комуздун эки түрү бар: темир ооз комуз жана жыгач ооз комуз. Алар өзүлөрүнүн кайталангыс добуш өзгөчөлүктөрү, тембиринин бөтөнчө кооздугу менен айырмаланышат.
Темир ооз комуз курч темирден жасалат.
Бул музыкалык аспап көлөмү жагынан кичине
келип, тулкусун тишке тийгизип, темир
ооз комуздун тилин сөөмөй менен кагып ойнойт.
Темир ооз комуздун аты айтып тургандай темирден, жезден, күмүштөн.
колодон жасалат.Ал эми тили жалаң гана болоттон жасалат.Өткөн замандарда аспаптын жезден жасалганы да көп кездешкен. Ошондуктан аны «жез комуз» деп да аташкан. мындай аталышын «Манас» эпосунан да жолуктурабыз.
… Кыз чыгып тосуп кылкылдап, Желбиреп сүйлөп Саани кыз Жез комуздай шаңкылдап… (Манастан)
Илгертен ооз комуздарды кыз-келиндер, аялдар кагышкан. Аспаптар үйлөнүү тоюнда күйөө бала тарабынан тартууланчу белектердин катарына кирген болсо, кыз тарабынан анын себинин тизмегине кирген.Темир ооз комуздан добуш чыгарууда аткаруучу сол колу менен аспаптын чарасынан (сөөмөй, бармак, ортон) кармап, жаактарын тилине такап, оң колдун манжалары менен кагып добуш чыгарат. Аспапта
кагуу ыкмалары көп. Алар: «темир кагуу», «шилтеп кагуу», «үзүп кагуу», «ышкыртма» сыяктуулар. Анын репертуарында обондор, обон-күүлөр (обондордун негизинде иштелип, өзүнчө формага келтирилген чыгармалар), күүлөр (атайын аспап үчүн жазылган көлөмдүү, өзүнчө формадагы чыгармалар). Алсак, «Турумтай», «Так-теке», «Селкинчек»,
«Тагылдыр Тоо», «Сыбызгынын кер толгоо» ж.б.
Жыгач ооз комуз - тили менен жаагы бирге жыгачтан жасалган жалпак аспап. Жыгач ооз комуз негизинен сары жыгачтан
(шилбиден), бөрү карагаттын (чычырканак), катуу бадалдардан,
аса-муса өсүмдүгүнөн жасалат.
Жазы жыгачтын ортосунан аспаптын добуш чыгаруучу тили болот.
Анын түпкү жазы жагына көзөнөк болуп жип байланат. Тилдин эки капталындагы алкактар аспаптын жаактары деп аталат. Жаак менен тил жанаша келип аспаптын түбү жагынан биригет. Тилге тагылган жип болсо «какма жип» деп аталат. Ал эми ошол тил менен жаактарды бириктирген түпкүжагындагы көзөнөккө байланылган акак, шуру тагылып, чачыланган жип «Боо түймө» деп аталат.Добуш чыгарууда аткаруучу сол колу менен аспаптын ичке учун бекем кармап, баш бармактын учун сол жак ууртка жанашат. Оң колдун манжаларына «какма жип» же «илме жип» аталган боо катуу оролот да, ыгы менен оң жакты көздөй силкип тартканда тил термелип добуш пайда болот. Жыгач ооз комуздун үнү конур, мукамдуу келип, кулакка жагымдуу угулат.
Сабактын темасы:
«Элдик музыкалык аспаптар (темир ооз комуз,
жыгач ооз комуз)»
Апа деген сөз айтсам,
Жылуу нурлар куюлат.
Дүйнөдөгү бардык эл,
Бир туугандай туюлат .
Б.Сөлпүев.
Сабактын максаты:
- Кыргыз элинин байыркы музыкалык
аспаптары болгон ооз комуздардын
түрлөрү, анын кайталангыс добуш
өзгөчөлүктөрү, тембиринин кооздугу
жана «бүтүн» нота жөнүндө окуучуларга
түшүндүрүү.
Уктуруу үчүн:
«Биз үчүнчү класспыз» музыкасын жазган Н.Давлесов, сөзүн жазган Т.Кожомбердиев
Ыр үйрөтүү үчүн:
«Турумтай» элдик күү (темир ооз комуз жана жыгач ооз комуздун коштоосунда).
Музыкалык сабат:
Бүтүн нота жана музыканын тембрине мүнөздөмө берүүчү мүнөздөмөлөр.
Ар бир ноталык добуш ырдаган убакта же музыкалык аспапта
ойногон кезде кыска же узак убакытка созулат. Биз муну ноталык
добуштардын созулушу дейбиз. Ноталык добуштар узак же
кыска аралыктагы убакытка созулушуна ылайык ар түрдүү
ноталар менен жазылат.
Бүтүн нота - О = 1ге, 2ге, 3кө 4кө чейин созулат.
Көнүгүү.
Музыкалык сабат:
Нота созулуштары. Бүтүн нота жана музыканын тембрине мүнөздөмө берүүчү мүнөздөмөлөр.
- жай, обондуу.
- созулма, созулунку.
- жай жайыраак.
- ажардуу, кайраттуу,
жандуу.
- шар, ылдам,
- сүйкүмдүү эргүү менен.
- ачык, жаркын.
Сабактын милдеттери:
Билим берүүчүлүк:
8-март майрамынын өзгөчөлүгү жөнүндө окуучуларга
тааныштурууну улантуу, энелер жөнүндө музыканын обонуна
мүнөздөмө берүүнүн жолдорун өздөштүрүүгө үйрөтүү.
Тарбия берүүчүлүк:
Энелерди, апаларды урматтоого, сыйлоого жана музыка жөнүндө
баарлашуу көндүмдөрүнө тарбиялоо.
Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучулардын 8-март жана энелер жөнүндө музыкалык
маалымдуулугун кеңейтүү, музыканын обонуна мүнөздөмө берүү
жана музыканы угуп өз оюн айта билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Башкы идея:
- Окуучуларга 8-март жана энелер жөнүндө музыканын обонуна
(музыканын обонуна мүнөздөмө берүүчү мүнөздөмөлөр)
мүнөздөмө берүүнү өздөштүрүүгө үйрөтүү.
- 8-март жөнүндө музыкага болгон кызыгуусун жана
чыгармачылыгын өөрчүтүү, музыканы угуп мазмунун
айта билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү жана аңгемелешүүгө
үйрөтүү.
Өзөктүү сөздөр:
8-март, обон, стил, музыкалык иллюстрация, музыкалык көнүгүү, музыкалык терминдер, музыкалык чыгармачылык.
Сабактын максаты төмөнкү шарттарда
ишке ашырылат:
- окутуу ситуациясында (биз окуу классында болобуз); кичи топтор жана шериктер менен иштөө иш-аракети
- окутуу ситуациясында (биз окуу классында болобуз);
- кичи топтор жана шериктер менен иштөө иш-аракети
(биз биргелешип иштейбиз).
- (биз биргелешип иштейбиз).
Сабактын жабдылышы:
- комуз;
- комуз;
- комуз;
- комуз;
- аккардеон; фортепиано; DVD -борбор, телевизор; мультимедиялык проектор; композиторлордун портреттери; плакаттар, слайддар.
- аккардеон; фортепиано; DVD -борбор, телевизор; мультимедиялык проектор; композиторлордун портреттери; плакаттар, слайддар.
- аккардеон; фортепиано; DVD -борбор, телевизор; мультимедиялык проектор; композиторлордун портреттери; плакаттар, слайддар.
- аккардеон;
- фортепиано;
- DVD -борбор, телевизор;
- мультимедиялык проектор;
- композиторлордун портреттери;
- плакаттар, слайддар.
Угуу үчүн музыкалык материалдар:
- «Чоң энемдин осуяты» (Музыкасын жазган
К.Молдобасанов) музыкасынын аудио жазуулары.
Сабакта колдонулуучу көрсөтмө куралдар:
- Апалар, энелер жөнүндө түстүү иллюстрациялар.
- «8-март - Апалардын, энелердин улуу майрамы»
плакаттар менен (слайддык) презентация.
- «Айым, күнүм ата-энем» ырынын минусту
фонограммасы.
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
Сабактын этабынын мазмуну
Мугалимдин
иш-аракети
Окуу
иш-аракетин
уюштуруу
Окуучунун
иш-аракети
- Теманы жана сабактын максатын жарыялайт.
- Окуучулардын үн
Эскер-түү
байламталарын ырдоого даярдоо үчүн көнүгүүлөрдү көрсөтөт.
Үн байламталарын ырдоого даярдоо үчүн көнүгүүлөрдү ырдашат (угушат жана кайталашат).
Көнүгүү.
«Ой, энеке!» (музыкасын жазган А.Малдыбаев, сөзү Аалыныкы) чыгармасынан кыска обон аткарышат (класс-хор-жамаат менен иштөө тажрыйбасына ээ болуу).
Билимди
актуалдаш-
тыруу
- Кайталоону уюштурат.
- Музыкалык аспапта ойноп берет же фонограмманы уктурат жана кайталоо үчүн төмөнкү суроолорду берет:
- Угулуп жаткан обондун фрагменти кимдерге мүнөздүү деп ойлойсуңар?
- Кимге таандык болушу мүмкүн?
- Бул обондун өзгөчөлүгү эмнеде
Аткарат (аткаруу-кайталоо) «Ой, энеке!»
Кайталоо
Аудио
файл
Видео
файл
- Музыканын энелерге, апаларга таандык экенин обонду угуу менен аныкташат.
- Обондун текстерин талдашат.
- Эне жөнүндө музыканын мээримдүүлүгүн,
сүйкүмдүүлүгүн,
өзгөчөлүгүн кайталашат.
Жаңы
материалды
түшүндүрүү
- Клара Цеткин жана Роза Люксенбург жөнүндө айтып берет.
- Композиторлор жана акындар жөнүндө кыскача маалмат берет.
- Көргөзмө куралдарды (слайддарды) көрсөтүү жана музыкалык иллюстрациялар менен
Бышыктоо
түшүндүрүү.
- Маалыматты угушат жана эстеп калууга аракет кылышат.
- Көргөзмө куралдарга суроо.
Таблицаны толтурат: :
(Окуучулар бирин-бири текшеришет-жуптар, шериктер менен иштешет).
№ 16 Слайд-ды кара-гыла.
- Плакаттарды (слайд) көрүп жатканда суроолорго жооп берет.
- Жаңы сөздөрдүн маанисин эстеп калышат (сулуу, кооз, обондуу, К. Цеткина, Р.Люксенбург).
- Сен кандай ойлойсуң, музыкада энелердин мүнөзү кандай билинди?
Кайсы чыгармага кандай мүнөздөмөлөр туура келет?
(Окуучулар жебе (стрелка) менен көрсөтүшөт).
Мүнөздөмөлөр:
Чыгармалар:
«Чоң энемдин осуяты».
Айым, күнүм ата-энем»
- жай, обондуу.
- созулма, созулунку.
- жай жайыраак.
- ажардуу, кайраттуу,
- жандуу.
- шар, ылдам,
- сүйкүмдүү эргүү менен.
- ачык, жаркын
- «Айым, күнүм ата-энем» ырын үйрөтүүнү уюштурат.
Сабакты
жыйынтыктоо
Рефлексия
( ой жүгүртүү,
өз башынан
өткөргөндөрдү анализ кылууга шыктуулук ).
Суроо берет:
? Эне жөнүндөгү обондорго кандай ыргактар мүнөздүү?
? Жай, созулунку музыкасын кандай түшүнөсүн?
? Эмне үчүн?
? Бул музыка сага жактыбы?
? Эмне себептен?
- Ырды угушат.
- Ырды үйрөнүшөт.
Суроолорго жооп берет. Кичи топтоп жана шериктер менен өздөрүнүн ой толгоолорун жана эмоционалдык абалдарын билдирет.
Үйгө тапшырма:
- Окуучулар апасын, энесин, эжесин жана карындаштарын 8-март
майрамы менен куттуктаганы жөнүндө кыскача айтып берүү.
- Өткөн теманы кайталап, ырдын сөзүн жаттап келүү.
Жыйынтыгында окуучу төмөнкү түшүнүктөргө ээ болот:
- 8-мартка арналган музыкалардын мазмунун аныктоочу мүнөздөмөлөр жөнүндөгү түшүнүктөргө;
- Музыканын обонуна берилүүчү мүнөздөмөлөрдүн таасирдүү каражаттары жөнүндөгү түшүнүктөргө;
Окуучу төмөнкүлөрдү билет:
- Энелерге арналган музыкалардын обонуна мүнөздөмө берүүнү;
- 8-март-энелердин, апалардын майрамына арналган музыка жөнүндө өз ойлорун түшүндүрө билет.
Окуучу төмөнкүлөрдү өздөштүрө алат:
- Шериктер, жуптар менен ырларды аткарат жана ырдап жатканда обондун мүнөздөрүн бере алат.
- Музыканы угуп анын мүнөзүнө жараша энелерге жана апаларга болгон өз каалоо тилектерин айта алат.
- Музыканын обонуна мүнөздөмө берүү жана музыканы угуп өз оюн айта билүү көндүмдөрүн өздөштүрө алат.