СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Элдик университет

Нажмите, чтобы узнать подробности

Финдердин жаш интеллигенциясы Снелмандын айланасында биригишти. Бул кайраттуу коомго аздан да болсо жаңы маданият адамдары тынбай кошулуп жатышты. Снелмандын уюмуна Хельсинглорс университетинин жаш профессорлору, эң алыскы айылдардын мугалимдери, соодагерлер, фабрика ээлери, Өкмөттүк борбордун сыртында жашаган дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана юристтер кошулушкан эле.

Просмотр содержимого документа
«Элдик университет»

ЭЛДИК УНИВЕРСИТЕТ

Финдердин жаш интеллигенциясы Снелмандын айланасында биригишти. Бул кайраттуу коомго аздан да болсо жаңы маданият адамдары тынбай кошулуп жатышты. Снелмандын уюмуна Хельсинглорс университетинин жаш профессорлору, эң алыскы айылдардын мугалимдери, соодагерлер, фабрика ээлери, Өкмөттүк борбордун сыртында жашаган дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана юристтер кошулушкан эле. Бир ыргак менен соккон бул жүрөк жана бир пикир Финляндиянын ар бурчуна акырындык менен тарап жатты. Эч ким бул жакшы пикирди өзүнүн атак-даңкы үчүн колдонбоду. Алардын жумушу башка көптөгөн уюмдардан айырмаланып, кагазда гана калбай, сөзсүз иш жүзүнө төгүлдү. Бул коомдун мүчөлөрү өздөрүнүн маданий миссионерлик жоопкерчилигин моюнга алышып, чоң азим жана кайрат менен иштеп жатышты. Снелмандын уюмунун көңүлдүү жумушкерлери өтө чоң каалоо менен иштеп жатышты. Өз пайдасын көздөө алардын ойлоруна да келбеди. Китеп жыйноо акцияларын жарыялап, элдерден топтолгон китептердин ичинен маанилүү жана пайдалууларын аныктап, көчмө китепканалар аркылуу эң алыс айылдарга чейин жетишти. Окулган китептер башкаларына алмаштырылып, башка жерлерге жиберилчү. Мындайча ыкма аркылуу өлкөнүн бир учунан экинчисине чейин, бир айылдан бир шаарга чейин китеп тору менен курчап алуу рахатына бөлөнө башташты. Алар бардык адамдарды китеп менен тааныштырып, китептен пайдаланууну үйрөтүштү. Эл бул аркылуу билими жогорулоо менен бирге, караңгылык уйкусудан да ойгонуп жатты. Аптанын ар жекшемби күнү элге ылайык адабий, ден соолук, экономикалык жана адептүүлүк багыттарындагы сунум-сунуштар тартууланчу. Бул сунумдар жалпы эл үчүн болуп, мыкты адистер тарабынан даярдалчу. Эң мыкты мугалимдер жана чечен адистер тандалып, өлкөнүн ар бурчуна жиберилчү. Бул иш арекеттер аркылуу уюм түрүндө иштеп калган бир “ЭЛ УНИВЕРСИТЕТИ” пайда болду. Бул университетте профессорлордун көпчүлүгү сөзгө чечен жаштар эле. Алар элге көптөгөн темаларда маалымат берип, аларды билим жарыгына чакырып, эң катуу уйкуга чөккөн жан дүйнөнү да ойготуп жатышты. Аларды уккан кишилерде мүмкүн болушунча көп билим жана маалыматка ээ болуу жана өлкөлөрүнүн оңолуусуна салым кошуу каалоосу пайда болгону даана байкалчу. Мурда фин коомунун байлары байлыктарынын бир бөлүгүн чиркөөгө же кайыр иштери үчүн мураска калтырышчу. Снелмандын коому пайда болгондон кийин, байлар да билим берүү тармагына инвестиция кылууну үйрөнүштү. Фин өлкөсүнүн ар жерлеринде байлар үйлөрүн китепкана, жыйындар кааналары, спорттук залдар жана конференция өткөрүүчү жай катары эл колдонуусуна берип жатышты. Кээде элдин ыкластуу арекетинен улам, кызыктуу окуяларга да туш болуп жатышкандыгы жашыруун эмес эле. Мисалга алсак, саякатчы профессорлордун сабактарына ыраазы болгон айыл калкы өздөрүндөгү май, бал, жумуртка, токулган жана саймаланган нерселерди алып келип, аларга: “Өтүнөбүз, кабыл алып коюңуздар, үй-бүлөңүздөргө алып барыңыздар. Бизге билим үйрөтүүнү көздөп ушунчалык кыйынчылыктарга дуушар болуп, узак жактардан келип атасыңар. Биздин арзыбаган белектерибизди да алып койгула. Силердин бизге көргөн камылга-камкордугуңарга салыштырмалуу булар баасыз эле нерселер”,-дешчү. Ошол даңазалуу Элдик университеттин көптөгөн кыйынчылыктар менен өткөн 25 жылы аяктаган соң, Снелман жашаган Куопио шаарында улуттук бир маареке уюштурулган эле. Майрамдык маарекенин бүтүшүндө, жалпы фин элине “Кыям падышасы” аты менен таанымал Ярвинен сөз сурады жана аябай узун кайрылуу жасады. Коноктор башка дагы көптөгөн сөздөрдү уккандан улам, бир кыйла чарчап калышкан болсо да, Ярвинендин сөздөрүн өтө кунт коюп баштан-аяк угушту. Ярвинен кайрылуусун мына минтип баштады: -Мен кезинде кембагал соодагер элем. Балалык кезимде шаарды айланып себет менен таттуу токоч сатчумун. Кийинчерээк, базардан бир орун алып, момпосуй сата баштадым. Чоң соодагерлер мага таттуу токоч, момпосуй жана кургатылган мөмөлөрдү насыяга берчү. Мен аларды сатып, карызымды өз убагында берип турчумун. Ошондуктан алар да мага ишенишчү жана жакшы мамиле кылышчу. Кийинчерээк чоңураак дүкөн ачууга жардам берээрин убада кылышчу. Ал кездерде кардым ток, кийимим бүтүн, татынакай бир бөлмөдө жашачу элем. Бирок ошого карабастан, абалыма нааразы болчумун. Жан дүйнөм ар дайым тынчымды алып, эч бир рахаттанчу эмес. Мындай жашоо мага муздак сезилип, дүнүйөм тарып, көп кездерде минтип ойлончумун: “Дүкөнүм кичинекей, кардарым дагы, кирешем дагы аз! Өмүрүм өткөнчө ушинтип кыйналып жашаймынбы?..” Ярвинен ошол жерде олтурган профессорлорго кайрылып, сөзүн улантты: -Мырзалар! Сабыр кылып менин башымдан өткөндөрдү уккула! Сиздер да билесиздер, таттуу токоч саткан бардык эле жаш бала чоңойгондо “Кыям падышасы” боло албайт. Ошондой эле, ар нан саткан жаш бала туулган айылына улуттук театр салынуусу үчүн он миңдеген марк (акча) бере бербейт. Ярвиненге окшоп айылында чоң бир гезиттин чыгуусуна салым кошо албайт. Мен бул сөздөрдү өзүмдү мактоо үчүн айткан жокмун. Бул минбар (трибуна) адамдардын өздөрүн мактоо үчүн чыга турган жер эмес. Менде да фин элинин бекем, туруктуу мүнөзү жана жаштык деми бар. Мен бул жерде дарактын кабыгы аралашкан кебектүү нан жеген, токой жана баткактар арасында жашап, кайрат менен эмгектенип келген фин калкынын өкүлү катары кайрылуу жасап жатам. Туура, балким элибизде “кыям падышалары” көп эместир. Бирок, фин элинин жарандары арасында мага окшогон Ярвинендер өтө көп. Мага окшогон миңдеген Ярвинен азыр да токойлордон дарак тамырларын чукуп, тоолордон таш топтоп жүрүшкөндүр. Алардын бир тобу кедей жашоолоруна нааразыдыр. Биз кыйынчылыктан жана мээнеттенүүдөн эч качан качпайбыз. Бизден жакшыраак шарттарда жашашат деп башкаларды кызганбайбыз. Бирок Ярвиненге окшогондорго жашоонун бул түрү өтө оордук кылат. Аларга мындай жашоо зеригиштүү туюлат. Жан дүйнөлөрүнөн жаңы нерселерди, жаркын келечекти каалашат. Күндөй жарык жашоону самашат. Алардын жан дүйнөсүндө ордуна батпаган энергиялары бар. Өткөн жылы Италиянын түштүгүнө барып, кыям жасоо үчүн бир кеме апельсин сатып алган элем. Ал жерде бир нече күн калуумду пайдалуу деп билип, Неаполго жакын жайгашкан Везувий жанар тоосунун чокусуна чыктым. Чокудагы вулкандын кратерин карап өзүмдүн жаштыгымды эстедим. Жаш кезимдеги ой-максаттарымды эстедим. Анан бүтүндөй элимдин абалын ойлодум. Кратердин ичинде кара түстөгү коюу лава көбүрүп кайнап жаткан. Кээде бул кайнаган масса кратердин тар оозуна чейин жогорулап, кайрадан төмөндөп турду. Вулкандын ичинде тарыраак оозуна баш бербей, ордуна батпай, башкача дем алууну каалаган чоң дөө бардай сезилди. Жанар тоонун ичинде чогулган лавага бул чыгыш жайы өтө тардай болуп көрүнүп турду. Ошондуктан, жер астындагы күч жана өрт кайнаманы сыртка чыгара ыргытып жатты. Бир кездер мен да ошол жанар тоосундай элем. Ичимдеги өрт өзүмө батчу эмес. Азыр болсо бүтүндөй фин эли ушул абалда. Ярвинен деген ким? Бул бүтүндөй фин эли болуп саналат. Ар бир Ярвинен өз ичине батпаган потенциалдык күч дегендик!.

1



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!