СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Элдин пейили, сыйчылдыгы, меймандостугу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Элдин пейили, сыйчылдыгы, меймандостугу»

ЭЛДИН ПЕЙИЛИ, СЫЙЧЫЛДЫГЫ, МЕЙМАНДОСТУГУ

Сабактын максаты:

Окуучулар кыргыз элинин пейили, сыйчылдыгы, меймандостугу тууралуу маалыматка ээ болот.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кемер, кур, кесел ѳтүк ак калпагың, Кээ уулуң билбей жүрѳт анын баркын.

Элиңе белги берип тааныштырган, Кийимиңден кагылайын кыргыз калкым.



Үйүңѳ конок келсе жүзүң жарык, Кой сойуп сыйлай жүргѳн ата салтың. Кызытып кымыз берип, май жедирген, Пейлиңден кагылайын кыргыз калкым.

Кыргыз эли кең пейил, сыйчыл, меймандос эл. “Конок үйдүн куту” деген нуска сѳздү бекем тутушуп, үйүнѳ келген конокту кой сойуп сыйламайынча кетирген эмес. Айттырбай келгенкудайы конок үчүн да берер тамагы ар дайым белен болгон. “Үйгѳ канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деген түшүнүктү бекем сакташып, келген конокту кут деп эсептешкен.

Конок айттыруу

“Коноктон түк бир жадабас, Колунда барын аябас.

Тоолуктун тоодой пейили бар,

Толкуган кѳлгѳ чамалаш”

(Байдылда)

Конок күтүү - кыргыздын сыймыгы. Мейман келип турган үй кут түшкѳндѳй сезилген. Жети адам келсе бирѳѳ Кызырдай саналган. Конок айттыруу –ошол үйдүн тамагын эңсѳѳ. Анын бардарчылыгын, кенен дасторкон, кең пейил экендигин баамдаткан. Демек, конокту ойдогудай тосо алаарын, анын салттуу жана нарктуу, адамды ѳзүнүн сыйы, суктанарлык касиети бар экенин кѳрсѳтѳт. Уяттуу меймандардын баркына жете алуучу, ошол айылды уят кылбоочу, дасторкон үстүнѳн тап жылдырбоочу касиетин билдирет.

Угушубузча Кочкор ичинде тогуз жүз кызыл койлуу Токсобай деген байдын үйүнѳ жүз адам менен болуш-бийлер келип түшѳт. Болуш байга карап:

-Жүз адам келип отурабыз, ушунча элди коноктой аласызбы? –дейт. –Жүзүң эмес миң адамды коноктоор биздин парыз. Туу калган бээ союп берейин жетеби?

Меймандар баса олтуруп калышат. Батымдуу болууга бай эки боз үйдү катар кѳтѳртѳ коет да, аларды ошого кийирет. Катар кемегелер казылат, казандар асылат. Айыл адамдары конок үйдѳн тап жылышпайт. Санжыра айтылып, кеп сандыктын оозу ачылып, ойдогудай конок болуп, аттанып кетишет.

Дасторкон үстүн сыйлоо “Адамды алдап болбойт тамак менен, Акылды ѳлчѳп болбойт кадак менен.

“Казаның карк эмес” - деп таарынбайбыз,

Күтүп ал, жаркылдаган кабак менен”

(Аалы)

Дасторкон –ошол үйдүн сыймыгы, бактысы. “Дасторкону кандай экен”, “Жайыл дасторкон”, “Кең дасторкон, келбери неме”, “Дасторкону кууш” ѳңдүү баалар кайнаткан казанына байланышат. “Куу казан”, “Май казан”, “Анын казаны толо кайнабайт”…сымал сѳздѳр айтылат.

Даам татуу –даам таттыруу да пейилди билдирет. Ошентип, бирѳѳнүн дасторкону сизди сыйлоонун аракетинде болот. Илгеркилер сыйдын да, сыйлоонун да кадырына жетүүчү, жарпын жазышып, жадырап-жайнап, дасторконго койгонун барктоочу. Азы-кѳбүнѳ ыраазы болуучу, үй ээсин урматтоочу.Мейман тосуу

Бул –келүүчү ардактуу мейманды алдын-ала күтүнүү. Аларга эмне сый кѳрсѳтүлѳт. Ошолорду түгѳл дайындап коюу. Милдеттүү конокторду тап жылдырбай, шек билдирбей урматтоо. Ага журт билермандарын тосуу, куда-сѳѳк тосуу кирет.

Куйручуктун атасы Ѳмүрзак улан кезинде Ормон баатырдын айылына барып калат. Баатыр баштап эле чабылып, мейман күтүнѳт. “Бу баатыр, хан ѳзү баштап, бүлүк түшүп, жумалап күтүп жаткан коногу ким болду экен?” - деп ойлойт. Кѳрсѳ, Калыгул олуя тура! Ак кементайчан, этеги саймаланган кандагай кийип, Калыгул карасур атын минип, (ал адамды башка ат кѳтѳрѳ алчу эмес экен) жан-жѳкѳрлѳрү менен келип түшѳт. Ормон баатыр окчундап тосуп чыгат. Атайын кѳтѳрүлгѳн ак ѳргѳѳлѳрдүн бирине түшүрѳт. Койдун сүтүнүн курутунан эзилген, сары май сапырылган кырма аяктарга суюк суусун куюшуп, меймандарга сунушат.

Суроолор:

  1. Мейманды кандайча күтүү керек?

  2. Кут дегенди кандайча түшүндүң?

  3. Сен конок күтүүнү билесиңби?

2-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Конок бар жердебереке бар.



Коногу пейил күтсѳ, үй ээси капа болот.



Конок конбой кетпейт, чакырып кондурганга жетпейт.



Конок “тойбодум” дебейт, “сойбоду”дейт.


Конооруңдан мурда конушуңду камда.



Мейманыңдын кѳзүнчѳ мышыгыңды “пыш” дебе.



Мейманга аш кой, эки колун бош кой.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. Ѳзүңѳр конок күтүү каадасын иштеп чыккыла.

  2. Мейман тосуу каадасын ролдоштуруп аткаргыла.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.




















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!