Просмотр содержимого документа
«Электр энергиясын аралыкка беруу»
Тема: § 23 Электр энергиясын аралыкка берүү .
Физика
11-класс
Билим берүүчүлүк максаты
Окуучулар электр энергиясын аралыкка берүүнүн жолдору менен таанышышат;
Өнүктүрүүчүлүк
максаты
Электр куралдары менен иштөө жолдорун билүү менен ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт ;
Тарбия берүүчүлүк максаты.
Натыйжага жете алат, эгер о куучулар электр энергиясын аралыкка берүүнүн жолдору менен таанышышса;
Турмуштагы мисалдарды угуп ж/а байкоо м/н ойлоо сезимдерин калыптандырышат.Таанып
Натыйжага жете алат, эгер окуучу: Электр куралдары менен иштөөнү билсе.
билүү жөндөмдөрүн жогорулатышат. Тазалыкка,тыкандыкка тарбияланышат.
Натыйжага жете алат, эгер окуучулардын:мисалдар
ды кунт коюп угуусу, ойлонуусу терең болуп,кызыгуусу артып,жаңыланса.
- Сабактын тиби : Жаңы теманы түшүндүрүү.
- Сабактын формасы : Аралаш.
- Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү.
- Сабактын жабдылышы : Проектор , компьютер , акылдуу доска, с үрөттөр жана карточкалар,магниттер .
- Баалоо үчүн улуттук буюмдар ( ээр, чүк ө,комуз)
- Сабактар аралык байланыш : М атематика, химия,биология,география,адабият.
Турмушту электр энергиясыз жашоого элестетүүгө мүмкүн эмес. Үй тиричилигинен баштап өндүрүш жайларына дейре электр энергиясы талап кылынат.
Ал эми электр станцияларын каалаган жерге тургуза берүүгө да мүмкүн болбойт. Кыргыз республикасынын шартында суу ресурстары жетиштүү гана жайларда электр станцияларын курууга болот.
Мындай мүмкүндүктөр негизинен Нарын дарыясынын аймагында бар. Ошого байланыштуу Нарын дарыясына Ат-Башы, Токтогул, Үч-Коргон, Күрүпсай ж.б. ГЭС тери курулган
Аталган ГЭС терден иштелип чыккан электр энергиясын алыс аралыкка жайгашкан өндүрүштүк жайларга, колдонулуучу жерлерге жеткирүү зарылдыгы келип чыгат. Электр энергиясын аралыкка берүү өткөргүчтөр акылуу иш жүзүнө ашырылат.
Электр энергиясын алыскы аралыкка берүүдөгү эң негизги проблема электр станциясын колдонулуучу жай менен туташтыруучу өткөргүчтөрдү ысытууга кеткен токту мүмкүн болушунча азайтуу болуп эсептелет.
Джоуль-Ленцтин закону боюнча өткөргүчтөрдү ысытууга кеткен энергия төмөндгү формулу боюнча аныкталат.
Электр-станциядан энергияны пайдалануучу жайга чейин туташтыруучу өткөргүчтөрдүн каршылыгын азайтыш үчүн сөзсүз ал өткөргүчтөрдүн туурасынан кесилиш аянттарын чоңойтуу зарыл. Алыс аралыкка мындай өткөргүчтөрдү колдонуу пайдасыз, ашыкча чыгымды талап кылат.
Ошентип, иш жүзүндө линиядагы каршылыкты белгилүү деңгээлге чейин төмөндөтүү өтө кыйынчылыкка алып келет. Ушугуа байланыштуу экинчи мүмкүндүгү болгон ток күчүн төмөндөтүү зарылдыгы пайда болот.
Чынжырдын бөлүгундөгү өзгөрмө тоетун кубаттуулугу төмөндөгү формула менен аныкталат .
Р= UIcosφ
Электр энергиясын өтөкргүчтөр аркылуу аралыкка берүү, биринчи жолу тажрыйба жүзүндө 1874-жылы, орус электриги Ф.А.Пироцкий тарабынан жүргүзүлгөн. Ал 6 кВт кубаттуулуктагы электр тогун
1 км аралыкка берүүнү иш жүзүнө ашырган.
Ф.А.Пироцкийдин бул ийгилиги орус окумуштуусу Д.А. Лачиновду кызыктырып, ал дүйнөдө биринчи жолу теория жүзүндө электр энергиясын алыскы аралыкка берүү мүмкүндүгүн иштеп чыккан. Ошону менен бирге эле электр энергиясын өткөргүч аркылуу берүүдө сарпталган энергияны азайтуу үчүн токтун чыңалуусун жогорулатуу зарылдыгын далилдеген.
Бышыктоо:
1.Электр энергиясын алыскы аралыкка берүүдөгү проблемалар кандай?
2.Өткөргүчтөрдү ысытууга кеткен энергияны азайтуунун жолдору кайсы?
Үйгө тапшырма : § 23