СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Электр кубулуштары

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Электр кубулуштары»

Электр кубулуштары жаратылышта жана техникада.

Сабактын максаты жана милдеттери: Окуучулардын нерселердин электрлениши, электрленген нерселердин өз ара аракеттенишүүсү жана бул кубулуштардын техникада колдонулуштары боюнча билимдерин терендетүү.

Сабактын мазмуну:

  1. Төмөнкү суроолор боюнча ангемелешүү:

  1. Кандай учурларда нерселер электрленишет?

  2. Заряддалган нерселер өз ара кандай аракеттенишет?

  3. Чагылгандын табияты кандай?

  4. Эмне үчүн үйлөрдө чагылгандан сактагычтар орнотулат?

  5. Эмне үчүн чагылгандан сактагычтар жердештирилет?

  6. Эмне үчүн чагылгандуу жаан учурунда жалгыз турган дарактын түбүнө же суусу бар көлчүктөрдүн жанында болуу коркунучтуу?

  7. Эмне үчүн токуучу станоктордун, ийрүүчү машиналардын корпустары жердештирилет?

  8. Эмне үчүн жип ийрүүчү, токуучу цехтерде жана ун чыгаруучу заводдордо ширенке жагууга уруксаат берилбейт?

  1. Окуучуларга алдын ала тапшырма берилген докладдарды талкулоо:

  1. Электростатикалык сырдоо.

  2. Электрондор эгинди сорттошот.

  1. Нерселерди электрлөө боюнча тажрыйбалар:

  1. Эгерде крандагы суунун ичке агымынын каптал жагына электрленген таякчаны жакындатсак,агым таякчага тартылат же андан түртүлөт. Эмне үчүн?(19-сүрөт)

  2. Металл дискине майдаланган кагазды же женил бузина шарларын жайлаштыргыла (20-сүрөт). Дисканы айландырып ага электрофтор машинесинен заряд бергиле. Кагаздын айрыктары “бийлей” башташат. Жогору көздөй ыргышып, үстүнкү дискага тийип урунуп, кайта түшөт да бул кубулуш электрофтор машинасынын дискалары айланып турган бардык учурда кайталана берет. Эмне үчүн?

  3. “Сыйкырдуу таякча”. Илгичке 21-сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып штативди жана суу жүрүүчү түтүктү же стреженди (1м ге жакын узундукта болсун) жайлаштыргыла. Акырындык менен анын бир жак учуна заряддалган таякчаны жарыш абалда сүрөттөгүдөй кылып жакындата баштагыла. Стережень таякчага жакындай баштайт. Бул эмне үчүн? Стережень заряддалган эмес эле да?

  4. Электр селкинчеги”.Столдун үстүнө сүттүн бөтөлкөсүн, анын үстүнө масштабдуу темир сызгычты койгула. Акырындык менен сызгычтын бир учуна заряддалган нерсени үстү жагынан жакындата баштагыла. Линейканын учу өйдө көтөрүлө баштайт да таякчага тартылат(22-сүрөт). Таякчаны өйдө ылдый жылдыруу менен “ Электр селкинчегин” пайда кылууга болот. Муну түшүндүргүлө.

19-сүрөт

20-сүрөт

21-сүрөт

22-сүрөт