| А) Уюштуруу, саламдашуу (2 мин) Б) окуучулардын окуу куралдарын толуктоо В) Класстын санитардык - гигиеналык абалына коз салуу Г) Отулгон теманы бышыктоо (5 мин) Д) «Капитан кароолдо»оюнун ойноп топторго болуп алуу.(2 мин) Е) Алтын эрежелерди айтуу .( 1мин) Ж) Логикалык суроолор берилет .(4 мин) З) Жаны теманы тушундуруу , слайддан коргозуп (20 мин) И) практика кылып, чукул туташтыруу ( 2мин) Й) easyQuizzy тест программасы (2мин) К) Сабакты жыйынтыктоо. (4 мин) Л) Баалоо ( 2мин) М) Уйго тапшырма беруу. ( 1мин) Сабактын журушу: Саламатсынарбы? Мен силерди коргонумо бугун абдан кубанычтамын.Буюрса биздин сабак кызыктуу жана тушунуктуу болот деген ойдомун.Сабакты баштаардан мурда силерди топторго болуп алайын.Ал учун «Капитан кароолдо» оюнун ойнойбуз.Оюндун шарты катышуучулар колдорун чексине коюп басышат,командалар берилет,экиден пол жууйбуз, учтон тамактанабыз,торттон сейилдейбиз.Берилген команданы аткарып 4тон сейилдеген бойдон эки топко болунуп отурушат.Топторго ат коюп алалы. Доскада илинген « Алтын эрежелерди» чогуу айтабыз Азаматсынар! Кана балдар мен силердин логикалык ой жугуртуунор канчалык денгээлде экендигин билиш учун логикалык суроолорду берсем. Логикалык суроолор Беш бармагы бар, бирок бир да тырмагы жок .(Мээлей) Бизге эн жакын жылдыз кайсы. (Кун) Тон жылытабы ( Тон жылытпайт,ал денедеги жылуулукту чыгарбайт) Эмне учун нан катып калат (нан ун м/н суудан турат,ачык турганда,суу бууланып кетет да катыйт) Тамыры бар азыктанат ,бирок оспойт (Тиш) Уйго берилген тапшырманы суроо. 1)Электр тогунун отушу менен откоргучтун ысышын кантип тушундурууго болот? 2)Джоуль-Ленцтин законунун эрежеси кандай? 3)Жылуулук санын кайсы тамга менен белгилейбиз жана бирдиги кандай? Джоуль-Ленцтин законунун формуласын пайдаланып томондогу маселелерди чыгарып коргулочу. Тема: Электр ысыткыч куралдары Балдар кандай электрдик ысытуучу куралдарды билесинер? Электр тогунун жылуулук аракети ар кандай жылытуучу куралдарда жана тузулуштордо колдонулат.Алар уй шартында колдонулуучу электр лампалары,электр плитасы,утуктор,чайнектер , суу кайнаткычтар ж.б. Ондурушто болсо металлдарды эритуу,электрдик кандоо ж.б.Ал эми айыл чарбасында болсо электр тогунун жардамы менен дан эгиндерин кургатышат,инкубаторлорду ысытышат,силосторду даярдашат. Биз сабагыбызда кызыткыч электр лампасы жана айрым жылытуучу куралдар жонундо соз кылабыз. Электр менен жарыктандыруучу кызытма электр лампасын биринчи жолу орус инжинери А.Н.Лодыгин жана америкалык ойлоп табуучу Т.Эдисондор сунуш кылышкан.Ага чейин электр жаасы аркылуу жарык алууну В.В.петров,Г.Дэви,Б.С.Якоби,П.Н.Яблочковдор сунуш кылышкан. Айрыкча «Яблочковдун шамы»деп аталган тузулуш копчулуктун колдоосуна татыктуу болгон. Азыркы учурдагы кызытма электр лампасы ичке вольфрам зымынан жасалган спиралдан турат.Вольфрам тез эрибей турган металл.Анын эруу температурасы 33870С.Вольфрам зымын токко туташтырганда ,ал 30000С чейин ысып,ачык жарык болуп чыгарат.Колдонууга ынгайлуу болуш учун спираль абасы сордурулуп алынган айнек идишке жайгаштырылган.Айнек идиши ичиндеги спиралды сырткы чынжырга бириктирууго ылайыкталган тузулуш менен жабдылган. Айнектин ичинде аба болсо же ал сордурулуп алынса деле вольфрам зымы ысыгандан тез бууланууга дуушар болот.Ошон учун айнек идишти азот,криптон же аргон газдары менен толтурушат.Ал газдардын молекулалары вольфрам зымынан болукчолордун чыгышына тоскоолдук кылат,б.а.ысыган зымды тез «куйуп» кетишинен сактайт. Газ толтурулган кызытма лампанын тузулушу 1.Вольфрам спиралынын эки учу эки откоргучко кандалган 2.ал айнек идиштен чыгарылып 3. лампанын тубундогу (Цоколь)металлга бириктирилет Эки откоргучтун бири бурама турундогу шакекчеге,ал эми экинчиси цоколдун тубуно кандалган. Лампаны ток булагына кошу учун патронго бурап киргизишет. Патрондун ички тубундо пружинага орнотулган тиймек (5) жана ички боорунда лампаны кармап туруучу сайлуу бурама (4 ) бар Кызытма лампалардын турлору Ондурушто кызытма лампалардын ар кандай турлору чыгарылат.Алар негизинен кандай чыналууга ылайыкталганы менен айырмаланат. М: уйлорду жарыктандыруу учун 220В жана 127В,темир жол вагондору учун 50 В, автомобилдер учун 12 В жана 6 В, чонток фонарлары учун 3,5 В жана 2,5 В чыналууга арналган лампалар чыгарылат. Балдар силер билесинерби? Кыргызстандын кайсыл шаарынан кызытма электр лампаларынын турлору чыгат. Туура айтасын. Кыргызстандын Майлуусуу шаарынан чыгат экен. Анда балдар ушул кызытма электр лампаларын чыгарган завод тууралуу видео тасмага конулунорду бурсанар. 1-топ Кызытма лампанын тузулушун суроттон коргозуп айтып берсенер? 2-топ Кунумдук колдонуп жургон утуктун тузулушун суроттон коргозуп айтып берсенер? Эми томондогу лампаны,патронду,шнурду оз алдынарча кураштырып берсенер ? Кайсы топ жакшы кураштырат экенин билебиз. Мен силер чогулкан кызытма лампаны ток булагына туташтырып лампанын кандай иштээрин коргозуп берейин. Ток булагына туташтыраардан алдын кандай эрежелерди билишибиз керек? Эми отулгон темага карата easyQuizzy тест программасында тузулгон тестке компьторде отуруп жооп беришет. Бышыктоо: «Мен бугунку сабакта эмнени уйрондум» деген оюнду ойноо менен сабагыбызды жыйынтыктайбыз. Баалоо: Ар бир суроого жооп бергенине ,маселени канчалык чыгарганына ,ойлоп тапкычтыктарына карата топтогон кополоктор боюнча эки топ бааланат. айтышат. Уйго тапшырма беруу: Уйунордогу электрдик ысыткыч куралдарды жазып келуу. |