Просмотр содержимого документа
«Электролиз боюнча маселе иштөө сабагы»
Электролиз боюнча маселе иштѳѳ
Маселе иштѳѳнүн жолдору:
Маселенин шартын түшүнүү.
Физикалык чондукту аныктоо.
Маселенин берилишин жазуу.
СИ системага келтирүү.
Негизги формуланы жазуу.
Негизги формуладан белгисиз физикалык чондукту аныктоо.
Формула боюнча эсептѳѳ.
Бирдик текшерүү.
Жообун жазуу.
Текшерүү үчүн суроолор.
1)Негизги физикалык чондуктар кайсы?
2) СИ деген эмнени билдирет?
3) Физикалык чондуктардын чон бирдиктери деген эмне?
4) Физикалык чондуктардын кичине бирдиктери деген эмне?
5) Физикалык закон деген эмне?
6) Физикалык формула деген эмне?
7) Бирдик текшерүүдѳ эмнеге таянабыз?
Электролиз учурунда катоддо 200 с ичинде 0,6 г никель бѳлүнүп чыкты. Электролит аркылуу кандай ток ѳткѳн? Никелдин электрохимиялык эквиваленти 0,3∙10̄ ̄⁶кг/Кл
Физикалык чондукmу аныктоо
m-Катоддо бѳлүнүп чыккан заттын массасы.Бирдиги-кг.
t- убакыт. Бирдиги- с.
K-Заттын электрхимиялык эквиваленти. Бирдиги-кг/Кл
I-ток күчү. Бирдиги-А
Берилди: СИ Формула:
t=200с
m=0,6г 1г=0,001 кг; 0,6 г=0,0006кг=6∙10̄ ̄⁴кг m=Ikt
K=0,3∙10̄ ̄⁶кг/Кл I=m/kt
I=?
Чыгаруу:
I=6∙10̄ ̄⁴кг / 0,3∙10̄ ̄⁶кг/Кл∙200с= 10А
1)0,3∙200=60
2)6/60=0,1
3) 10̄ ̄⁴/10̄ ̄⁶=10 2
4) 0,1∙102=10
Бирдик текшерүү:
А=кг/кг/Кл∙с=кг/1∙Кл∙с/кг=Кл∙с=А
Жообу: 10А
Электроддор аркылуу ѳткѳн ток күчү 1А болсо, анда жарым саатта катоддун бетинде жыйналып калган жездин массасын аныктагыла.
Электролиз процесси учурунда катоддун бетине ччогулган күмүштүн массасы 5г. Эгерде электролиз 15 минутага созулган болсо,электролиттерге берилген ток күчүн тапкыла.
Физикалык табышмактар
1)Колу жок, согуп турат,
Буту жок,жүрүп турат.
2)Кѳзгѳ кѳрүнбѳс нерсе,
Зым менен чуркайт.
Аны адам баласы
Каалаган ишине жумшайт.
3)Планеталарда ал чон,
Бѳлүкчѳлѳрдѳ кичине.
4)Аны эчнерсе токтото албайт,
Аны жѳн гана эсептѳѳгѳ болот.
3)Массасы 10г болгон таза алюминийди канча убакытта алууга болот?Катоддогу ток күчү 2А.
4)Күчү 1,4 А ге жеткен токко туташкан электролиттерди кандайдыр бир суюктукка салышты. 15 мин.30 с ѳткѳндѳн кийин катоддун бетинде 0,39 г массадагы зат пайда болду.Бул заттын табиятын аныктагыла.
Чон бирдиктер:
к- кило -10³
М- мега-10⁶
Кичине бирдиктер:
м- милли- 10⁻³
мк-микро-10⁻⁶
н-нано-10⁻⁹