СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Электрондук окуу китептеринин жардамы менен окуучулардын өз алдынча билим сапатын жогорулатуу аркылуу билим берүү стандарттары койгон талаптарды аткаруу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окумуштуулардын иштеринде информациялык-комуникациялык технологиялык (ИКТ) каражаттарын, анын ичинде электрондук билим берүүчү ресурстарды (ЭББР)  колдонуу информациялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга түрткү берет.

Просмотр содержимого документа
«Электрондук окуу китептеринин жардамы менен окуучулардын өз алдынча билим сапатын жогорулатуу аркылуу билим берүү стандарттары койгон талаптарды аткаруу»

Электрондук окуу китептеринин жардамы менен окуучулардын өз алдынча билим сапатын жогорулатуу аркылуу билим берүү стандарттары койгон талаптарды аткаруу

Илимий-техникалык прогресс, адамдын ишмердүүлүгүнүн ар кайсы тармактарына информациялык жана коммуникациялык технологияларды жайылтуу, квалификацияны дайыма жогорулатып туруу зарылчылыгы билим берүүнү информациялаштыруу шартында окуучуларга билим берүүгѳ карата жаңы талаптарды коюп жатат. Билим берүүнү информациялаштыруу шартында приоритеттүү багыттардын бири катары инсандын өнүгүүсүнө жана өзүн көрсөтө алуусуна дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кыла турган формаларды, ыкмаларды жана окутуунун каражаттарын издөө, ошондой эле информациялык-коммуникациялык технологияларды (ИКТ) колдонуу менен окуу жана профессионалдык ишмердүүлүктү уюштурууга жөндөмдүү компетенттүү окуучуну окутуп тарбиялоо бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат.

Окумуштуулардын иштеринде информациялык-комуникациялык технологиялык (ИКТ) каражаттарын, анын ичинде электрондук билим берүүчү ресурстарды (ЭББР) колдонуу информациялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга түрткү берет. Интерактивдүү диалогдун, окуунун натыйжаларын көзөмөлдөөнү автоматташтыруунун, окуу-тарбия процессин информациялык-методикалык камсыз кылуунун негизинде информациялык өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт. ЭББР пайдалануу окутуунун индивидуалдаштырууну мындан да жогорку деңгээлде камсыз кылууга, окутуунун ыкмаларын жана формаларын өзгөртүү менен, өз алдынча иштөөнүн практикалык билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Илимпоздордун иштеринде, ИКТ каражаттарын колдонуу менен аткарылган окуу ишмердүүлүгү окуучулардын, мугалимдердин жана интерактивдүү каражаттардын ортосундагы информациялык өз ара аракеттенүү жана информациялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга негизделген. Өз алдынча окуу ишмердүүлүгүндө ИКТ каражаттарын пайдалануу окуучулардын өз алдынча иштерин уюштуруунун заманбап ыкмаларын жана формаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Бир катар изилдөөлөрдө информациялык ишмердүүлүк дегенди-ИКТ каражаттарын пайдалануу менен ар кандай формада берилген обьекттер, көрүнүштөр жана процесстер туурасында информацияны каттоо, чогултуу, иштетүү, сактоо, берүү, тираждоо, продукциялоо боюнча ишмердүүлүктү түшүнүүгө болот.

Өз алдынча информациялык окуу ишмердүүлүгү (ӨАИОИ) дегенди-ИКТ каражаттарын колдонуу менен окуунун жыйынтыктарын көзөмөлдөө жана диагностиканын жардамы менен бааланган, көзөмөлдөнгөн индивидуалдык окуу траекториясын тандоонун негизинде ишке ашырылган көрүнүштөр менен процесстер, обьекттер жѳнүндѳгү тексттик, графикалык, аудиовизуалдык маалыматтарды чогултуу, иштетүү, берүү, тираждоо боюнча өз алдынча алдыга коюлган окуу милдеттерине ылайык, максаттуу пландаштырылган аракеттерди түшүнөбүз.

Илимпоздордун изилдөөлөрүнө таянып, ЭББР түзүү жана пайдалануу окуу процессинин бүтүндүгүн камсыздоо, инсанды өстүрүүдөгү педагогикалык максаттардын биримдиги, окутуунун мазмуну, формасы жана ыкмалары, о.э. окуу ишмердүүлүгүнүн окуу-методикалык жана психологиялык-педагогикалык колдоо талаптарына ылайык келиши керек. Окутуудагы ИКТ каражаттарын комплекстүү пайдалануу тармагындагы изилдөөлөрдө ИКТ базасында окуу-методикалык материалдарды өз ара байланышта пайдалануусунун негизинде окуу ишмердүүлүгүн информациялык-методикалык камсыздоону жана ИКТ дидактикалык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууну иштеп чыгуу зарылдыгын баса көргөзөт. Аны менен бирге, ЭББР кийинки комплекстерин колдонууну уюштурууга жана ИКТ дидактикалык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу учурунда ӨАИОИ этабы менен жүзөгө ашырууга жана уюштурууга багытталган болуусу керек.

Окуучуларда ӨАИОИнүн негизги этаптарын (максатты коюу, пландаштыруу, ишке ашыруу, көзөмөлдөө, оңдоо(тууралоо), ишмердүүлүктү баалоо) уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн электрондук билим берүүчү ресурстарды колдонуу максаттуу. Анда информациялык обьекттердин жыйындысын, гипертекст технологиясынын негизиндеги ӨАИОИ түзүмдөрүнө ылайык бириктирилген окуу-методикалык материалдарды, информациялык ишмердүүлүктү автоматташтыруу каражаттары жана маалыматтык өз ара аракеттенүү, көзөмөл жана өздүк көзөмөлдү түшүнүүгө болот.

ИКТ өнүгүүсүнүн азыркы этабында ЭББР комплексин түзүү үчүн ар кандай программалык чөйрөлөр колдонулган. Алар максатты койгондон баштап жыйынтыктоочу көзөмөлдү өткөрүү боюнча окутуу процессин уюштурууну жана ишке ашырууну камсыз кылышат.

ӨАИОИ негизги этаптарын уюштурууну жана этабы менен жүзөгө ашырууну камсыздап турган, ЭББР комплексин түзүү үчүн программалык чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу маселелери, тагыраак айтканда: окуу ишмердүүлүгүнүн максаттарын коюу үчүн технологиялык гипертексттин базасында тематикалык модулдар түрүндө дисциплина боюнча окуу-методикалык материалдардын структурасы берилген, окуу материалдарын берүү каражаттарынын жана маалыматтык өз ара аракетти ишке ашыруу каражаттарынын эсебинен окуунун индивидуалдык траекториясын пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн интерактивдик режимде этаптуу ишти камсыздоо; интерактивдүү диалог, каталарды диагностикалоону автоматташтыруу, окуу ишмердүүлүгүн тууралоо үчүн мурда өткөн темага кайра кайтып келүү; мугалимдердин жана окуучулардын баалоо ишмердүүлүгүн автоматташтыруу, өз алдынча маалыматтык окуу ишмердүүлүгүн баалоо үчүн анын жыйынтыктары туурасында отчет түзүү.

Бүгүнкү күндѳ гимназияда электрондук билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу жана жыйнактоону теориялык негиздөө жана окуучулардын өз алдынча электрондук маалыматтык окуу ишмердүүлүгүн болжолдоо, пландаштыруу, ишке ашыруу, көзөмөлдөө жана баалоону камсыз кылуу үчүн аларды коштогон окуу–методикалык жана илимий-педагогикалык материалдардын зарылдыгы менен аныкталат, о.э. электрондук билим берүү ресурстарынын комплексин колдонууга карата методикалык ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгы бар.

Акыркы он жылдыкта дүйнөдө жүрүп жаткан экономикадагы жана социалдык турмуштагы ааламдык өзгөрүүлөр билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча шашылыш чечимдерди талап кылат. Алар системанын алдына жаңы максаттарды коюу, ошондой эле максаттарды жана аларга жетишүү ыкмаларын жаңылоо жана оңдоп-түзөө үчүн кудуреттүү системаны түзүү зарылчылыгын пайда кылат.

Натыйжада орто билим берүү мектеп өз окуучуларын турмушка, өзгөрүүлөргө даярдап, аларда мобилдүүлүк, динамизм, иштиктүүлүк сыяктуу сапаттарды өнүктүрүүгө тийиш. Тиешелүү сандагы билимди өздөштүрүү менен эле бул камсыз болуп калышы мүмкүн эмес. Азыркы этапта башкасы: тандоо, жасоо, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, теорияны практика менен салыштыруу жөндөмдөрүн калыптандыруу жана тез өзгөрүп жаткан коомдо жашоо үчүн зарыл болгон көптөгөн башка жөндөмдөр талап кылынат.

Учурда педагогдун милдети–жаңы педагогикалык технологияларды колдонуу менен мектеп окуучуларын окууга үйрөтүү. Анткени азыркы турмуш адамды өтө өзгөрүлмөлүү шарттарга дуушарлантат, андан улам жаңы милдеттерди чечүүнү талап кылат. Көйгөйгө карата ыкмаларды издөө, кырдаалды акыл калчап ойлонуу, тигил же бул аракеттердин натыйжаларын болжолдоо, натыйжаларды талдоо, жаңы ыкмаларды издөө жана башкалар боюнча иштин тажрыйбасы болмоюнча бул милдеттерди чечүү мүмкүн эмес.

Билим берүү стандарттары аркылуу билим берүүнүн маңызын өзгөртүүнүн максаты болуп орто мектептин окуучулары өтө жигердүүлүк (чыгармачыл мамиленин жардамы менен ар кандай татаал кырдаалдан чыга, өзүн жана курчап турган чөйрөнү өзгөртө билүү), көп маданияттуулук, сабырдуулук, атуулдук, бийик этикалык деңгээл, эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү, алынган билимдерди турмушта колдоно билүү, коммуникативдүүлүк, демилгелүүлүк, өмүр бою окууга жана өзүн-өзү өркүндөтүү ниети жана аларды билиши сыяктуу сапаттарды калыптандырууну камсыз кылуучу компетенттүүлүккө ээ болушу саналат.

Бул ыкма окуучулардын маалыматка ээ болушун эмес, практикалык иште келип чыккан көйгөйлөрдү чече билишин жана иштин ыкмаларына ээ болушун биринчи орунга койгондугу компетенттүү мамиленин өзгөчөлүгү болуп саналат.

Гимназиядагы методикалык иш-бул практикалык ишмердүүлүктөн чектелбестен чыгармачыл активдүүлүктүн шарты, педагогдордун чеберчилик мектеби сыяктуу квалификацияны жогорулатуунун ички формасы болуп саналат.

Методикалык иш бир мугалимдин адистик деңгээлин жогорулатуу менен бирге бардык педагогикалык коллективдин өнүгүшүнө шарт ашырууну аныктайт.

Илимий методикалык иштин негизги максаттары:

  1. Гимназиянын өнүктүрүү программасынын рамкасында инновациялык билим берүү технологиясын ишке ашырууда, өздөштүрүүдө мугалимге жардам берүү

  2. Билимдин сапатынын менеджменти шартында үзгүлтүксүз билим берүү системасына өтүүдөгү баскычтар арасында уланмаалуулукту жана биримдикти камсыз кылуу

  3. Электрондук билим берүү ресурстарынын жана өз алдынча окуу ишмердүүлүгүнүн процессинде пайдаланууга болгон методикалык ыкмалардын комплексин түзүүгө жана ага карата теориялык мамилелерди иштеп чыгуу жана негиздөө

Илимий методикалык иштердин милдеттери

  1. Билимдин сапаты боюнча мектептеги тажрыйбаларды жоюу жана байытуу, өздөштүрүү иш чараларды уюштуруу, талдоого багыттоо, иш чараларды өткөрүү

  2. Долбоордук ишмердүүлүктөргө катышуу аркылуу окуучулардын жана педагогдордун тажрыйбалуу эксперименталдык иштерин, илимий иштерин, илимий-методикалык иштерин колдоо, ишке ашыруу жана уюштуруу

  3. Эффективдүү билим технологияларын колдонуу менен анын чыгармачыл өсүшүн, өзүн-өзү өнүктүрүшүн камсыздоо, уюштуруу, корректировкалоо

  4. Предметтик методикалык бирикмелерин ишмердүүлүгүн координациялоо.

  5. Билим берүүнү маалыматташтыруу шартында өз алдынча маалыматтык окуу ишмердүүлүгүн ишке ашыруу тармагында илимий-методикалык изилдөөлөрдүн азыркы абалына анализ жүргүзүү.

  6. Өз алдынча информациялык окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн электрондук билим берүү ресурстарын түзүүнү камсыз кылган программалык чөйрөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн табуу.

  7. Өз алдынча информациялык окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн окутуунун мазмунун калыптандыруу принциптерин негиздөө жана формулировкалоо.

  8. Электрондук билим берүү ресурстарынын комплексинин компоненттик курамын жана структурасын калыптандырууга болгон негизги талаптарын негиздөө жана өз алдынча информациялык окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жана этабы менен ишке ашыруу учурунда аны колдонууну методикалык камсыз кылууну иштеп чыгуу.

  9. Өз алдынча информациялык окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу боюнча окуучулардын билим деңгээлин эксперименталдык текшерүү жүргүзүү.



Улуттук компьютердик гимназиянын өнүгүү этаптары

(2017-2022–жж.)

Этаптар

Мөөнөтү

Жаңылануу процесси

I

Жаңы темага өтүү.

Даярдоо этабы

2017-2018-о.ж.

(ноябрь)

  • Гимназиянын темасын кабыл алуу

  • Ар бир кафедра темасын кабыл алуу, предметтердин концепциясы

  • Ар бир мугалим жеке темасын кабыл алып, беш жылга ѳнүгүү иш планын иштеп чыгуу

  • Мугалимдерге SunRav программасы боюнча толук маалыматтарды жеткизүү;

  • Календарлык план боюнча темалардын мазмунун электрондук формаларын, мазмунун толук чагылдырган тесттик тапшырмаларды даярдоо

  • Башталгыч класстын мугалимдерине(курсттан ѳтпѳгѳн) билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жѳнүндѳ маалымат берүү

  • Мугалимдердин билимдерин ѳнүктүрүүчү курстарга жѳнѳтүү, гимназия ичинде семинарларды (компьютерди, SunRav программасы боюнча сериялык семинарларды) уюштуруу

II

Изденүү этабы

2018-2019- окуу жылында

  • Ар бир окуу предметинен сабактын күнүмдүк пландардын электрондук формасын, SunRav прогрммасына сабакта колдонулуучу презентацияларды, мультимедиялык каражаттарды даярдоо, мазмунун толуктоо;

  • Автордук программаларды түзүү;

  • Мугалимдердин портфолиосунун электрондук формасы(ар бир мугалим даярдайт)

  • Ачык кѳрсѳтмѳлүү сабактарды видеого тартуу жана электрондук формасынан анализ берүү

  • Билим берүүнүн стандартында кѳрсѳтүлгѳн сабактардын анализинин талаптары боюнча сабактарда анализ берүү

  • Мамлекеттик аккредитациялоодон ѳтүүгѳ даярдык кѳрүү

  • 5-11-класстардын мугалимдерин билим берүүнүн жаңы стандарты боюнча семинарларына тартуу, маалымат жеткирүү

III

Өнүгүү этабы

2019-2022-окуу жылдары

  • Мамлекеттик аккредитациялоодон ѳтүү;

  • Предметтердин мазмунун, тесттик тапшырмаларды, слайдарды SunRav программасына толук жуктѳп, күнүмдүк сабактарга колдонгон мугалимдердин иш-тажрыйбаларын гимназия ичинде жайылтуу жана толуктоолорду киргизип, билим сапаттарын анализдѳѳ.

  • Республиканын ичинде билим берүү системанын ичиндеги орчундуу темалардын үстүндѳ вебинарларды уюштуруу

IV

Жыйынтыктоо этабы

2022-2023- окуу жылдары

  • Электрондук портфолионун(ОМК) мыктысын

  • Автордук программаларды жайылтуу

  • Республикалык илимий практикалык конференция уюштуруу, өткөрүү

  • «Электрондук мектеп» информациялык системасын толук алып чыгуу. Шаардык, Республикалык деңгээлде жайылтуу

  • Республикадагы инновациялык мектеп катары, информациялык чѳйрѳдѳгү иш-тажрыйбанын жыйынтыгын жайылтуу