Просмотр содержимого документа
«Электрондук таблицада формулаларды көчүрүү»
Формулаларды көчүрүү
- Формулаларды пайдаланууда келип чыгуучу каталар
Салыштырма шилтемелер
E жана F мамычаларындагы уячаларда структуралары бирдей, бирок берилгендери ар башка болгон формулалар боюнча эсептөөлөр жүргүзүлөт
Мындай формулаларды көчүрүүдө салыштырма адрестөө принциби пайдаланылат :
Формуланы жаңы орунга көчүрүүдө уячага шилтеме формуланы жылдырууга салыштырмалуу өзгөрөт
Формуланы бир саптын алкагында көчүргөн учурда шилтеме мамычанын атында гана өзгөрөт
Формуланы бир мамычанын алкагында көчүргөн учурда шилтеме саптын номеринде гана өзгөрөт
Формуланы C1 уячасынан D4 уячасына көчүргөндө шилтемелер мамычанын атына жана саптын номерине өзгөрдү
Формуланы C1 уячасынан С2, С3 ж.б.уячаларга көчүрүү үчүн:
- С1 уячасы активдештирилет
- Мыштын оң кнопкасын басып, ачылган контексттик менюдан копировать командасы тандалат
- С2 уячасы активдештирилет
- Мыштын оң кнопкасын басып, ачылган контексттик менюдан вставить командасы тандалат ж.б.
же
- С1 уячасы активдештирилет
- Мыштын сол кнопкасын толтуруу маркерине басып, аны кое бербестен С5 уячасына жылдырылат
Формулаларды көчүрүүдө өзгөргөрүүгө дуушар болгон шилтемелер салыштырмалуу деп аталат
Сапты (мамычаны) жок кылууда (кошууда) формулалар автоматтык түрдө оңдолот (ошол эле формулалар аркылуу эсептелген сыяктуу)
Абсолюттук шилтемелер
Эгерде формулаларды көчүрүүдө шилтемелер өзгөрбөсө, анда абсолюттук шилтемеелер пайдаланылат
Абсолюттук шилтеме түзүү үчүн мамычанын аталышынын жана саптын номеринин алды жагында $ белгиси пайдаланылат
Смешанные ссылки
Кээде формулаларды көчүрүүдө саптын номерин гана же мамычанын аталышын гана өзгөртүү зарылдыгы келип чыгат. Мындай учурда аралаш шилтемелер пайдаланылат
Бул таблицаны толтуруу үчүн төмөнкүлөр аткарылат:
- C3 уячасы активдештирилет
2. =$B3*C$1 формуласын жазуу керек
- Толтуруу маркеринин жардамы менен формуланы оңго жана төмөнгө көчүрүү керек
Excel де шилтеменин тибин өзгөртүү үчүн F4 клавишин пайдануу мүмкүнчүлүгү бар
Мисал:
Бизде В2 уячасына салыштырма шилтемеси менен формула кийирилген
F4 клавишин басуу аркылуу, абсолюттук шилтемеси менен формуланы алабыз
F4 клавишин кайталап басканда сүрөттөгү шилтеме алынат
Дагы бир жолу F4 клавишин басканда сүрөттөгү шилтеме алынат ж.б.
Формуланы пайдаланууда келип чыгуучу каталар
мамычанын кеңдиги (туурасы) жетишсиз болгон же датанын жана убакыттын маанилери терс болгон учурларда келип чыгат
Силер, бул катаны кантип оңдоону билесиңерби?
маанилердин тибин туура эмес пайдаланган учурларда келип чыгат (мисалы, эки уячалардагы маанилерди кошуу формуласында текстти камтыган уячага шилтеме пайдаланылат)
Силер, бул катаны кантип оңдоону билесиңерби?
нөлгө бөлүү учурларында келип чыгат
Силер, бул катаны кантип оңдоону билесиңерби?
кийирилген формуланын атын же уячага түзүлгөн шилтемени Excel «тааныбаган» учурларда келип чыгат (мисалы: функциянын аты туура эмес кийирилген (SIN дин ордуна СИН) же формуланы жазууда уячага шилтеме орус тилинде түзүлгөн)
Бул катаны оңдоо үчүн эмне кылуу керек?
функциянын аргументтерине мүмкүн болбогон маанилер пайдаланылганда келип чыгат (мисалы, терс сандан квадраттык тамырдын при попытке извлечь корень из отрицательного числа)
Бул катаны оңдоо үчүн эмне кылуу керек?